Барак Обама авторитаризмди сындады

Нелсон Мандела менен Барак Обаманын сүрөтү тартылган баннер. 17-июль, 2018-жыл.

18-июлда Түштүк Африканын биринчи ынды кара президенти, Нобел тынчтык сыйлыгынын лауреаты, апартеидге каршы күрөшү үчүн 27 жыл түрмөдө отуруп чыккан Нелсон Манделанын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Шейшембиде борбор шаар Йиоханнесбургда Манделага арналган сөзүндө АКШнын мурдагы президенти Барак Обама дүйнөдө баш көтөрүп жаткан популисттик кыймылдарды, авторитаризмге ыктоону, эркин басма сөзгө кысым көрсөтүүнү сынга алды.

Түштүк Африканын баш калаасы Йоханнесбургда маркумдун жесири Граса Машел баштаган жүрүш болду. Манделанын урматына 100 көчөт отургузулуп, “Үмүттүн 100 жалыны” деген парк түптөлдү.

"Ушул жаш көчөттөр өскөн сайын эркиндик үчүн күрөшкөн Мандела умтулган, туу тутуп келген үмүттүн жалындарын эске салып турат", - деди Ирландиянын экс-премьери, БУУнун адам укуктары боюнча мурдагы жогорку комиссары Мэри Робинсон.

Мааракени утурлай Түштүк Африканын Борбордук банкы жаңы банкноталар менен алтын тыйындардын чектелүү сериясын чыгарды.

Лондондо Манделанын 100 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына 17-июлда ханзаада Гарри жубайы Меган Маркл менен катышты. Бул көчмө көргөзмө бир нече жылдан бери дүйнөнүн улам бир жеринде уюштурулуп келатат.

Быйыл Манделага арналган салттуу жыйынга катышуу үчүн Йиоханнесбургга АКШнын мурдагы президенти Барак Обама барды. Шейшембиде крикет стадионуна чогулган 14 миңдей кишинин алдында сүйлөгөн Обама жаштарды улуу инсандын ишин улантууга, демократия, улуттук ар түрдүүлүк, адам укуктары үчүн күрөшүүгө чакырды. Экс-президент дүйнөдө баш көтөрүп жаткан популисттик кыймылдарды, авторитаризмге ыктоону сындады:

Барак Обама.

- Коркуу, таарынуу саясаты пайда болду. Андай саясат бир нече жыл мурун элестете да албаган тездик менен өнүгүп жатат. Мен паникага алдырган адам эмесмин, жөн гана фактыларды айтып жатам. Айланаңарды карасаңар, авторитаризм саясаты күчөп жатат. Шайлоо, демократиянын көрүнүшү кала берүүдө, бирок бийликтеги адамдар демократиянын маңызын түзгөн ар бир институтка жана нормага шек келтирип жатышат.

Обама ошондой эле жалган кабарлардын, цензуранын коркунучу жөнүндө эскертти:

- Эркин басма сөз чабуулга туш болду. Цензура жана мамлекеттик көзөмөл күчөп баратат. Бир кездери тилектештик, өз ара түшүнүү, билимди жайылтуу механизми катары каралып келген социалдык медиа жек көрүү, паранойя, кутум теориясы, үгүт жайылтууда да натыйжалуу экенин көргөздү.

Эки лидер 2005-жылы, Обама АКШнын алгачкы ынды кара президенти болуп шайлана электе бир эле жолу жолугушкан. 2013-жылы Обама Манделанын зыйнатында сүйлөгөн жалындуу сөзү көп адамдарга таасир этти.

2009-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 18-июлда Эл аралык Мандела күнүн белгилөөнү чечкен. Доорубуздун символуна айланган чыгаан лидердин урматына бул күнү Түштүк Африкада гана эмес, башка жерлерде да эскерүү иш-чаралары уюштурулуп келет.

Мандела Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган жана ынды кара биринчи президенти болгон. Ага чейин апартеидге каршы күрөшү үчүн 27 жыл абакта отуруп, 1990-жылы эркиндикке чыккан. Жарашууга жана тынчтыкка багыт алып, жарандык согуштун алдын алгандыгы үчүн 1993-жылы Нобел тынчтык сыйлыгына татыган.

БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш Мандела бүтүндөй дүйнөдө адилеттүүлүк, теңдик орнотуу үчүн күрөшкөнүн, анын өмүр жолу эрдиктин үлгүсү катары адамзатка илхам берерин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.