Түндүк Кореянын чектен чыккан сыноосу

Хвасон-14

АКШ Түндүк Корея континент аралык баллистикалык ракетасын сынаганын ырастап, ага коркунучтун жаңы деңгээли катары карады. Жооп иретинде Түштүк Корея менен чогуу ракеталык машыгуу да өткөрдү. Ал тапта Кытай, Орусия тараптар сыноо-машыгууларды токтотушу керек деген турумун бекемдеди.

5-июлда АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен ракеталык машыгуу өткөрдү. Ал бир күн мурдагы Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосуна жооп экени айтылды.

- Бул машыгуу эки өлкө Түндүк Кореянын чагымына эч качан көз жуумп, моюн сунуп калбайт дегенди билдирет, - деди Түштүк Кореянын штаб башчыларынын бириккен комитетинин өкүлү Ро Жа Хон.

Түндүк Корея бул жолкусун ийгиликтүү сыноо деп, аны лидери Ким Чен Ын Кошмо Штаттарынын көз карандысыз күнүнө карата “белек” деген эле. Ошондой эле Вашингтон душмандык саясатын токтотмоюн куралын таштоо тууралуу сүйлөшпөсүн айтканы кабарланды.

Ким Чон Ын

Түндүк Корея буга чейин кыска жана орто аралыктагы ракеталарын сынап келген. Америкага чейин жете турганын жасоо дымагын да жарыялаган болчу.

4-июлдагы «Хвасон-14» аттуу ракетасы 2800 км бийиктикке чыгып, 933 км алыска учканын кабарланган. Ушундан соң батыштык аскерий эксперттер ал Американын Аляска штатына жетиши ыктымал деп болжолдошкон эле.

Андан бир нече сааттан кийин АКШ Түндүк Корея чынында эле континенттер аралык баллистикалык ракета учурганын ырастады. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Пхеньяндын технологиясында секирик болгонун моюндап, аны Кошмо Штаттары менен анын өнөктөштөрү үчүн “жаңы эскалация коркунучу” деп баалады.

Рекс Тиллерсон

Бул бүтүн дүйнө үчүн кооптуу деп, бардык өлкөлөрдү, анын ичинде режимдин өнөктөштөрүн да Түндүк Кореяны ооздуктоого чакырды.

- Глобалдык аракет глобалдык коркунучту токтотуу үчүн зарыл. Түндүк кореялык жумушчулар иштеген кайсы гана өлкө болбосун кооптуу режимге экономикалык же аскерий жеңилдиктерди берип, көмөктөш-шериктеш болуп же Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын толук аткарбай жатат, – деп Тиллерсон Орусия менен Кытайды кыйытты.

Буга чейин АКШны Мамлекеттик департаменти, укук коргоочулар дал ушул эки өлкөдө түндүк кореялык мигранттар иштеп, болгондо да эмгек убактысынан узак иштеп, алардын тапкан-ташыганы мекениндеги режимге жөнөтүлүп атат деп баяндама жасашкан болчу.

Си Цзиньпин менен Владимир Путин

Москва менен Вашингтон Пхеньянга карата талап эмес, диалогду тандоо керек деген же жумшагыраак турумду карманып келгени белгилүү. 4-июлда Москвада жолуккан учурунда Кытай-Орусия лидерлери бул маселеде бир тилде экенин Владимир Путин ырастаган:

- Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Орусиянын этаптуу планына жана Кытайдын идеясына негизделген - Түндүк Кореянын ракета-ядролук ишмердиги менен АКШ жана Түштүк Кореянын ири аскер машыгууларын параллель токтотуу тууралуу жалпы демилгебизди алга сүрөөнү макулдаштык.

АКШ-Түштүк Корея мына ушул билдирүүнүн эртеси эле жооп машыгуусун өткөрүп отурат.

Ал эми Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Пхеньяндан өзөктүк жана баллистикалык сыноолорун токтотууну талап кылып, санкцияларды салып келет.

БУУ башкатчысы Антонио Гутерреш түндүк кореялык акыркы сыноону сынга алып, аны «кырдаалды коркунучтуу ырбатуу» деп баалады.

Коопсуздук кеңеши инцидентке байланыштуу 5-июлдун кечинде АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын өтүнүчү менен чукул жыйын өткөрмөй болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.