БУУ: Түндүк Кореяда адамзатка каршы кылмыш жасалууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Пхеньян университетинде. AFP PHOTO / KCNA VIA KNS

Улуттар уюму Түндүк Кореянын бийликтерин адамзатка каршы кылмыш жасап жатканы үчүн айыптады. Ал эми өлкө лидери Ким Чен Ынга жөнөтүлгөн катта ал өзү да сот жообуна тартылуусу мүмкүндүгү эскертилди.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мандаты менен түзүлгөн комиссиянын бир жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгы Женевада кечээ жарыяланды. 372 барактан турган баяндамада Түндүк Кореядагы кыйноолор, кулчулук, адамдарды атайлап ачкачылыкта кармоо, өлтүрүү, сексуалдык зомбулук, катаал саясий репрессиялар тууралуу айтылган.

Баяндама авторлору белгилешкендей, иликтөөнүн жыйынтыгында алар Түндүк Корея режиминин эл аралык коомчулукка буга чейин угулбаган кылмыштары боюнча да маалыматтарды топтой алышкан. Комиссия мүчөлөрү Түндүк Кореядан качып чыккандар, анын ичинде мурда түрмөдө олтургандар, түрмө кайтаргандар менен Түштүк Кореяда, Жапонияда, АКШда, Британияда жолугушуп, алардын көрсөтмөлөрүн угушкан.

БУУ комиссиясынын төрагасы Майкл Кирби Женевадан кабарчылар менен маегинде буларды айтты:

- Биздин тыянак боюнча Түндүк Кореяда адамзатка каршы олуттуу кылмыштар жасалган. Эл аралык укукка каршы келген иштер өтө эле көп санда болгон; Алар үчүн акыры кимдир бирөө жооп бериши керек. Улуттар уюмунун комиссиясында түрмөлөр боюнча далилдер бар. Ал саясий лагерлерде көптөгөн адамдар ачкачылыктын кордугун көрүшөт. Ачкалыктан улам өлгөндөрдүн сөөгү атайын жарым-жартылай өрттөлүп, көмүлөт. Сөөктүн өрттөлбөй калган бөлүгүн колдонуу түрмөдөгүлөрдүн милдети.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Түндүк Корея боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү былтыр расмий Пхеньянды адам укуктары жаатында иштешүүгө көндүрө албай койгондон кийин буюруган.

Комиссия Түндүк Кореядан качып чыккандар менен өткөрүлгөн 300дөй интервьюга таянып, түрмөлөрдө 80 миңден 120 миңге чейинки санда саясий айыпкер бар деген тыянакка келет.

БУУ комиссиясынын атынан Түндүк Коренын лидери Ким Чен Ындын жеке өзүнө багышталган катта адамзатка каршы кылмышты жасап жаткандар анын жеке өзүнө баш ийери, бул маселени Эл аралык кылмыш сотунда кароо сунуш кылынары эскертилген.

Комиссия башчысы Майкл Кирби:

-Түндүк Кореянын жогорку лидери Ким Чен Ынга комиссиянын атынан багышталган катта ал кызмат адамдарынын жоопкерчилиги тууралуу билиши керектиги, адамзатка каршы кылмышка баргандар, көмөктөшкөндөр, далилдер болгон шартта анын өзү да жоопкерчиликке тартылыш мүмкүнчүлүгү эскертилди.

БУУ комиссиясынын тыянактарына караганда, Түндүк Кореяда жасалган кылмыштардын көбү өлкөдө өкүм сүргөн саясий системанын туундусу.

Пхеньян БУУнун баяндамасына дароо эле реакция жасады. Өлкөнүн Женевадагы элчилиги өз билдирүүсүндө айтылган айыптоолорду кескин түрдө четке кагарын белгилеп, аны АКШнын жана анын союздаштарынын саясий кутуму деп мүнөздөгөн.

Байкоочулардын баамында, БУУнун Түндүк Корея бийликтерин айыптаган баяндамасы расмий Пхеньянды дагы кыжырлантып, ансыз деле изоляцияда жашаган өлкөнү талаштуу өзөктүк программасынан, Түштүк Корея жана Батыш менен конфронтациядан баш тартууга ынандыруу иштерин кыйындатат.

Комиссия өз сунуштарын расмий түрдө БУУнун Адам укуктары кеңешине келерки айда берет. БУУ комиссиясынын тыянактары Эл аралык кылмыш сотунда каралуусу үчүн Коопсуздук кеңешинин чечими талап кылынат. Коопсуздук кеңешинде болсо Пхеньяндын жакынкы өнөктөшү Кытай вето салуу укугуна ээ.