Олимпиада: Эл оозундагы Элизабеттер

Элизабет Суони.

Пхёнчхаңда кышкы спорт майрамы уланууда. 21-февралда медалдардын 7 комплектиси ойнотулду. Андан тышкары муз үстүндөгү көркөм бий, хоккей беттештери уланды. Чычалаткан, таң калтырган, ойлондурган окуялар болуп жатат.

Муз үстүндөгү сулуулар

Алина Загитова.

Муз үстүндөгү көркөм бий. Кыз-келиндердин жеке таймашы уланууда. 21-февралда кыска программа боюнча рекорд кайра-кайра жаңыланды. Орусиялык 15 жаштагы Алина Загитова 82,92 балл алып, сап башында. Ал ошентип бир аз мурун рекорд койгон мекендеши Евгения Медведевадан озуп кетти.

Элизабет Турсынбаева апасы менен.

Казакстандан барган Элизабет Турсынбаева он бешинчи болду. Бул 23-февралда өтчү, жарыштын эркин бий түрүнө суурулган 24 спортчунун катарында дегенди билдирет.

Элизабет кыргызстандык Падышахан Султаналиеванын кызы. Казакстандан Олимпиадага барган алгачкы көркөм муз тебүүчү кыз. Өзү эле барбастан дагы бир казакстандык спортчуга жолдомо утуп берген. Оюндар башталарга жакын жаракат алганына карабастан өжөрлөнүп, максатынан кайткан жок. Бул да таң каларлык сапат десек болчудай.

Хоккей

21-февралда эркектер арасында хоккейдин чейрек финалдык беттештери жыйынтыкталды. Ошондой 23-февралдагы жарым финалда эми Орусия Чехия менен, Германия болсо Канадага каршы ойнойт.

Башына бак конгондор

20-февралда тоо лыжа комбинациясында үч медалды тең германиялык оюнчулар утушкан. Шаршембиде алар атайын жыйын өткөрүштү.

- Кечээги күн укмуштуудай эмоционалдуу жана керемет болду. Жеңишти чогуу майрамдап жатканыбыз да айтып бере алгыс ажайып нерсе. Чогуу-чаран абдан көп машыгып, анан биякта кубанычта да чогуу турганыбыз өзгөчө болуп атат. Анын үстүнө буга чейинкилери анча жакшы болбой, бизге чынында көбүрөөк иштегенге туура келген. Озуп чыгыш үчүн чогуу аракеттендик. Акыр аягы подиумда чогуу туруу бактысына татыктуубуз деп ойлойм, – деди алтын медал ээси Йоханнес Ридзек.

Германиялык медаль ээлери: Йоханнес Ридзек (алтын), Фабиан Риесле (күмүш), Эрик Френцель (коло).

Пьедесталды бүт ээлеген мындай ийгиликке немис спортчулары акыркы ирет 1976-жылы жетишкен экен.

Лыжа спортунун башка түрүнөн коло байге уткан америкалык Линдси Вонн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып көзүнөн жашы салаалады. Анткени 33 жаштагы Линдси ушуну менен спорттук карьерасын жыйынтыктайт экен. Ал тоо лыжа жарышындагы медаль уткан аялдардын эң улуусу катары тарыхка кирди.

- Ар бир жолу тоонун башына чыккан сайын кубанам. Азыр деле өзүмдү жаш сезем. Анткени менде бала кездеги жигер дагы эле өчө элек. Уланткым келди эле... Жакынкы төрт жылда эмне болорун көрсөм болмок. Бирок бул менин акыркы жарышым.

Тулпар тушунда эмеспи. Линдси Вонн убагында тоо лыжасы боюнча дүйнөлүк Кубоктон төрттү уткан. Эки жолку дүйнө чемпиону. Сегиз жыл мурдагы Олимпиададагы алтын жана коло медаль ээси. Көптөр аны учкул лыжачылардын бирден бир күчтүүсү деп эсептешет.

Орусияны ойлонткон маселе

Ошентип көптөн күткөн кышкы спорт майрамы да соңуна чыкканы турат. Жалпы эсепте 13 алтын медалы менен Норвегия алдыда. Германияда 12 алтын медаль бар. Канада 9 алтын медалы менен үчилтикте. Орусиядан барган атлеттер азырынча алтын байге ута элек.

Бирок орус күйөрмандары муз үстүндө көркөм бийлеген кыздарынан үмүттөрү зор. Анан да хоккеисттери ишке жарайбы деп турушат.

Александр Крушельницкий.

Азыр орустарды түйшөлткөн бирден-бир маселе - допинг колдонуу жагынан шектенүүгө кабылган керлингчи Александр Крушельницкийдин иши. Спорт боюнча эл аралык сот анын ишин 22-февралда карап, териштирет. Ага чейин эле мекенинде "спортчубуздун тамагына же суусуна бирөө бир нерсе салып ийиши ыктымал, бул чагым" деген шектенүү, талкуулар күчөп турган учуру.

Орусиянын спорт министри Павел Колобков бул боюнча биринчи ирет маалымат жыйынын өткөрүп, сабырдуулукка чакырды:

- Эмнеси болсо да баа бербей кое туралы. “Чагым” же "бирөө бир нерсе кошуп койгон" деп айтпай туралы. Али да бул маселенин түйүнүн чечиш керек. Өтө жагымсыз окуя болгону түшүнүктүү. Эми ал Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимине таасир этпесине үмүттөнөлү. 24үндө Улуттук Олимпиада комитети олимпиадалык үй-бүлөгө кайра кошулар деп туралы.

Эл аралык Олимпиада комитети 24-февралда жыйын куруп, оюндардын жабылыш аземинде орус спортчуларын өз желеги астында өткөрүү маселесин караштырмак. Бул демилге акыркы допинг чуусунан мурда көтөрүлгөн эле. Эми Крушельницкийдин окуясы комитеттин маанайын кай жагына өзгөртөрү белгисиз.

Сырдуу Суони

Мындай чоң оюндарда кызыктар сөзсүз болуп турат. Хафпайп, же лыжачан трюк көрсөтүү спортундагы Элизабет Суониге азыр дүйнө айраң-таң. Анткени ал чуулгандуу түрдө акыркы орунду ээледи.

Тагыраагы, ноо сыяктуу түзүлүштүн ичинен чимириле трюктарды жасап упай топтоонун ордуна ары-бери гана кайкып лыжа тээп өткөн. Көрсө Венгриядан келген Элизабет үчүн жеңиш эмес, Олимпиадага катышуу гана маанилүү экен. Анын үстүнө лыжа тепкенди 25 жашында үйрөнүптүр.

Анан кантип Пхёнчхаңга келип калды дебейсизби?

Элизабет Суони.

Суони Кошмо Штаттардын да жараны экен. Бирок ал жакта атаандаштык күчтүү болгондуктан чектелүү квотаны ала алмак эмес. Ошон үчүн таята-таэнесинин мекени Венгрияны тандайт.

Андан соң хафпайп эрежесиндеги техникалык жылчыктарды амалкөйлүк менен колдонуптур. Олимпиадага жолдомо алыш үчүн тандоо мелдештеринде алдыңкы 30 спортчунун катарында болушу керек. Ал эми Суони болсо катышуучулары отуздан ашпаган мелдештерге гана барып жүрүптүр. Ал мелдештерде атаандаштары жыгылып калган учурларда артта калбай келген учурлары да болуптур.

Ошентип, "спорттун кадырын кетирди" деп аны сындап да, "колунан келбесе эле багынып отуруп калбай максатына жетип, "Олимпиаданын катышуучусу" деп аталды" деп мактап да жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.