Түндүк Корея "эң кубаттуу" ракетасын сынады

Түндүк Корея ракета учурганы тууралуу кабарды Токионун тургундары көчөдөгү экрандан көрүп жатышат. 29-ноябрь, 2017-жыл.

Түндүк Корея АКШга жете алган континент аралык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жар салды. Расмий Пхеньяндын эки айлык тыныгуудан кийинки кезектеги сыноосу кайрадан эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылды.

Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы "Хвасон 15" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн шаршемби күнү жарыялады. Расмий маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт менен таңга маал учурулган континент аралык ракета 4475 чакырым бийиктикке көтөрүлө алган.

Ракета 53 мүнөттө миң чакырымдай аралыкты басып өтүп, Жапон деңизине түшкөн. Пхеньян аны "эң кубаттуу ракета" деп мүнөздөп, ал АКШга жетээрин белгилеп жатат.

"Хвасон-15" системасы - абдан чоң, оор дүрмөт менен жабдылган континент аралык ракета. Ал АКШнын дээрлик бардык аймагына сокку ура алат", - деп кабарлады мамлекеттик KRT телеканалынын диктору Ри Чун Хэ.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

Түндүк Корянын соңку кадамын Бириккен Улуттар Уюму, Евробиримдик жана НАТО кескин айыптап чыгышты. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бул маселе боюнча чукул жыйынга чогулмай болду. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ соңку сыноону чагым катары мүнөздөдү.

Түштүк Корея болсо Пхеньяндын кадамына жооп кылып, өзүнчө ракета сынай турганын кабарлады. Өлкө президенти Мун Чжэ Ин маселени телефон аркылуу АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулады.

"Түндүк Корея бүгүн баллистикалык ракетасын учурду. Бул кадам Корей жарым аралындагы чыңалууну гана күчөтпөстөн, эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка шек келтирет. Биз Түндүк Кореяны тоготпогон кадамдары үчүн кескин айыптайбыз", - деди Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин.

Расмий Пхеньян Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келген мындай сыноолорун "АКШнын агрессиясынан коргонуу" үчүн өткөргөнүн билдирип келет. Ким Чен Ындын дарегине кескин сындарды айткан Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп соңку сыноодон кийин Пхеньян маселеси менен "алек болобуз" деп айтты. Америка бир апта мурда Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген болчу.

Түндүк Корея август айында сынаган "Хвасон-12" ракетасы

АКШда жайгашкан Тынчсызданган окумуштуулардын биримдиги Пхеньяндын соңку ракетасы чындап эле 13 миң чакырым учууга же Американын аймагына жетүүгө жөндөмдүү экенин өз эсептөөлөрүнө таянып билдиришти. Бирок алар бул ракетанын тумшугу жеңил материалдан жасалганын эске алганда ал ядролук дүрмөттү алып жүрө албашы мүмкүн дешет.

"Ядролук коркунуч демилгеси" уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк Корея 1984-жылдан бери кеминде 115 жолу ракетасын, алты жолу өзөктүк бомбасын сынады. Сыноолордун басымдуу бөлүгү Ким Чен Ын башкарып турган учурга туш келет. Анын режими сентябрь айында эң кубаттуу ядролук бомбасын сынаганын жарыялаган.

Түндүк Корея эл аралык санкцияларга, керек болсо негизги экономикалык өнөктөшү Кытайдын сынына кабылса да, азырынча аларга кулак сала турган түрү жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.