"Боко харам" барымтадагы кыздарды бошотту

"Боко харам" уюмунда 2014-жылы туткунда болгон кыздар.

Нигериядагы “Боко харам” террористтик уюму бир ай мурда туткунга алган 100дөй кызды бошотту. Согушкерлер 21-мартта кыздарды машиналар менен алып келип Дапчи шаарчасына таштап кеткен. Бирок барымтага алынган кыздардын ичинен көз жумгандары да болгон.

Бир ай мурда барымтага алынган кыздар бошотулганын Нигерия бийликтери шаршемби күнү кабарлады. “Боко харам” террористтик уюму кыздарды 11 машинеге салып келип, Дапчи шаарчасына таштап кеткен.

Бошотулган кыздардын бири Хадижа Грема алардын арасында каза тапкандар болгонун, бирок жоочулар секелектерге ыдык көрсөтпөгөнүн айтып берди:

- Бизден бешөө каза тапты. Аларды “Боко харам” өлтүргөн жок. Алар чүнчүгөндөн улам каза тапты. Анткени алар алсыз болгондуктан жана чарчагандыктан, стрессти, соккуну көтөрө алган жок.

Февралда сүрөттөгү адамдардын да кыздары барымтага алынган.

Көчөт кыздарды согушкерлер алып келип таштап кеткенине күбө болгон Жумба кыштагынын тургуну Алий Майнанын айтымында, анын өз кызы аман-эсен келген, ал эми агасынын кызы барымтада жатканда кайтыш болгон:

- Мен алар кыздарды 11 машина менен алып келгенин көрдүм. Эч ким менен сүйлөшпөй эле жолду тосуп, кыздарды түшүрдү. Болгону “Аллоху акбар” деп кыйкырып жатышты. Жумбайдан алты кыз бар болчу. Алардын экөө каза тааптыр. Бири менин агамдын кызы эле.

Нигериядагы “Боко харам” террористтик уюму февралдын ортосунда Йобо штатына караштуу Дапчи шаарчасындагы мектептен 110 кызды уурдап кеткен. Согушкерлердин колунда дагы кыздар калды деген маалыматтар бар. Учурда жоочулар жүздөй кызды жөн эле бошотуп жибердиби же мамлекеттик органдарга шарт койдубу деген суроолор жаңырууда.

Бийлик кыздарды бошотуу үчүн кун төлөндү деген маалыматтарды четке кагып жатат. Нигериянын маалымат министри Лай Мухаммад буларга токтолду:

- Эч кандай күч колдонулбайт, конфронтация болбойт деген чечим кабыл алынган. Ошондуктан алар кыздардан баш тартышы мүмкүн. Биз үчүн бул кыздардын өмүрү кайсы бир арзан куралдуу жеңишке караганда алда канча кымбат.

Нигерия.

“Боко харам” 2014-жылы да Чибок шаарынан 270 кызды барымтага алган. Быйылкы февралдагы кыздарды туткунга алуу окуясы ошондон кийинки эле эң чоң уурдоо болуп калды.

“Боко харам” исламчы тобу Нигериянын түндүк-чыгышында жана кошуна өлкөлөрдө күч түзүмдөрү менен тогуз жылдан бери согушуп келе жатат. Бул аралыкта он миңдеген адамдар каза таап, эки миллиондой киши качкынга айланды. 2015-жылы бийликтер жүргүзгөн аскерий операциядан кийин террористтик топ көзөмөлдөгөн аймактын көп бөлүгү бошотулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.