Нигерияда 82 окуучу туткундан бошотулду

Нигерияда “Боко харам” радикал тобунда 2014-жылдан бери барымтада болгон 82 окуучу бошотулду.

Нигерия бийликтеринин кабарлашынча, окуучулар экстремисттик топтун мүчөсү деп шектелип кармалгандарга алмаштырылды. Бирок “Боко харам” ("Билим - арам") тобунун канча мүчөсү бошотулганы айтылган жок.

“Атын атагысы келбеген бийлик өкүлүнүн билдиришинче, окуучулар радикал тобунун беш командирине алмашылган” – деп жазды "Ассошэйтед Пресс" басылмасы.

Нигерия өкмөтүнүн 7-май күнү тараткан билдирүүсүндө Швейцария өкмөтү жана "Кызыл чырым" эл аралык комитети “Боко харам" тобу менен окуучуларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө жардам бергени айтылат. Ошондой эле барымтадан бошотулган кыздар дүйшөмбүдө президент Мухаммад Бухари менен жолугушту.

#BringBackOurGirls тобунун активисти Эмман Шеху экстремисттердин колунан кыздардын бошотулганын кубаттады.

- Бул жакшы жаңылык. Бул жүрөгүбүздү жылытат жана ата-энелери кандай сүйүнүп жатканын билебиз. Биз абалды чечүүгө карай кадам таштап баратабыз.

“Боко харам” радикал тобунун согушкерлери 2014-жылы Нигериянын түндүгүндөгү Борно провинциясындагы Чибок кыштагынан 12-15 жаштагы кыздарды эки жүк ташуучу машинеге салып уурдап кеткен. Нигерия полициясы 276 кыздын дайыны белгисиз экенин билдирген болчу.

Бир нече айдан кийин 57 кыз туткундан качып кутулган. Ал эми 2016-жылы октябрь айында “Боко харам” экстремисттик тобу эл аралык "Кызыл чырым" уюмунун жана Швейцария өкмөтүнүн ортомчулугу менен барымтадагы 21 кызды бошоткон. Кийин дагы бир нече кыз туткундан качып кутулганы айтылган. Ар кандай маалыматтарга ылайык, учурда “Боко харам” дагы 113 кызды кармап турат.

"Боко Харам" тараткан видеодон алынган сүрөт

Бошотулгандардын айтымында, кыздарды кыйнап ислам динин кабыл алдырып, согушкерлерге күйөөгө берген. 2016-жылы уурдалган окуучу кыздар тартылган тасма интернетке тараган. Видеодо хижаб кийген кыздар курал көтөрүп, беткапчан адамдын жанында турушат. Ал адам бийликтен топтун камактагы мүчөлөрүн барымтадагы кыздарга алмаштырууну талап кылган.

Барымтага алынган кыздардын окуясын дүйнө коомчулугу айыптайт. Окуучуларды издөөгө АКШ, Британия, Франция жана башка өлкөлөр катышып, социалдык түйүндөрдө #BringBackOurGirls ("Биздин кыздарды кайтарып бергиле") аттуу акциялар уюштурулган болчу.

"Боко харам" БУУнун Коопсуздук кеңешинин террордук уюмдар тизмесине киргизилген. Экстремисттик топ Нигерияда шарият мыйзамын киргизүүгө умтулат. 2015-жылы “Боко харам” өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко кошулганы маалымдалган. Бул экстремисттик топтун колунан миңдеген адамдардын өмүрү кыйылып, он миңдеген тургундар үй-жайын таштап, башка жакка чыгып кетүүгө мажбур болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.