NEXT TV телеканалын колдогон митинг өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-мартта NEXT TV телеканалын эфирден өчүрүп, анын жетекчиси Таалай Дүйшембиевди "улут аралык кастыкты козутту" деген шек менен 48 саатка камакка алды. Буга каналдын социалдык түйүндө тараткан маалыматы негиз болду. Каналдын колдоочулары 4-мартта атайын кызматтын алдына нааразылык акция өткөрдү. Медиа эксперттердин айрымдары бул сөз эркиндигине болгон кысым десе, кээ бирлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги боюнча маселени көтөрүп жатат.