Париж: Акциянын жүздөй катышуучусу камалды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Франциянын баш калаасы Парижде 30-ноябрда баштала турган Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү оюнча саммитин утурлай дүйнө жүзү боюнча он миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Демонстранттар глобалдык климаттын өзгөрүүсүн токтото турган кескин чараларды көрүүнү талап кылышууда. Париждин өзүндө эки жума мурда киргизилген ири акцияларды өткөрбөө талабына карабай топтолгон элге каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, 100дөй адамды камакка алды.