30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде "Асман" шаарынын курулушу башталганы турат. Кыргыз бийлиги кеминде 500 миң кишиге ылайыкташкан, экологиялык, заманбап архитектуралуу шаар курула турганын 2021-жылы жайында жарыялаган.
Ээн жерде, эрме чөлдө жаңы калаа түптөө идеясы жаңы эмес. Дүйнөдө андай дымактуу долбоорлор Бразилиядан Индиянын Чандигарх, малайзиялык Путраджайя же Абу-Дабидеги Масдар-Ситиге чейин ишке ашкан. Азыр дагы жүрүп жаткан курулуштар бар.
“Акылдуу”, жашыл энергияга, жогорку технологияларга негизделген шаар куруу канчалык реалдуу? Архитектор, урбанисттердин бир бөлүгү келечекти ошондой футуристтик, эко-шаарлардан көрсө, башкалары "ишке ашпай турган жомок" деп сыпатташат.
Neom - чөлдөгү закымбы же реалдуулукпу?
Сауд Арабиянын ээн турган жеринде, Кызыл деңиздин жээгинен чөл аркылуу тоолорго чейинки тилкеде түшө турган Neom шаары бүгүнкү күндүн гана эмес, 21-кылымдын эң дымактуу долбоору экени талашсыз. Анын үстүнөн дүйнөнүн булуң-бурчунан келген адистер иштеп жатат.
Акаба булуңуна жакын жерде Trojena тоо лыжа базасы, суу үстүндөгү Oxagon өнөр жай району, Sindalah деген курорт, төрт аэропорт пайда болмокчу. Анын борбордук бөлүгүн - The Line деген асман тиреген имарат-шаарча түзөт. Кыскасы, ханзада Мохаммад бин Салмандын буюртмасы менен жана анын көзөмөлүндө тургузулчу Neom “мамлекет ичиндеги мамлекетке” айланмакчы.
План боюнча 2026-жылга карай ал жерде 450 миң, 2030-жылы 1,5-2 миллион, бара-бара 9 миллион киши жашайт. Салыштыра кетсек, Эр-Рияддын калкы былтыр 7,5 миллион болгон. Падышалыктын жалпы калкы 36 миллиондон саал ашат.
Курулуштун бюджети жүздөгөн миллиард же жарым триллион долларга жетмекчи. Аны мамлекеттик инвестициялык фонд каржылайт. Саудиянын бийлиги бул долбоор өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн кыйла өзгөртөт деп ишенет. Биринчи этабы 2030-жылы аяктайт деп күтүлүүдө.
Узундугу 170 километр, туурасы 200 метр, бийиктиги 500 метрге жеткен The Line деген имарат-шаары үч деңгээлде курулуп, инфраструктура менен транспорт түйүнү жер астында орун алмакчы. Анын фасады күзгүдөй, жылмакай кылып салынат. Тургундары бардык керектүү тейлөө кызматтарына жөө барып, бир четинен экинчисине ылдам жүрүүчү поезд менен 20 мүнөттө жете алат. Жасалма интеллект күнүмдүк жашоого байкоо салып, шарттарды жакшыртуунун жолдорун талдап турат. Вертикалдуу фермаларда жашылча-жемиш айдаса болот.
Калаадан абага бөлүнүп чыгуучу көмүр кычкыл газынын деңгээли нөлгө барабар болору айтылып келет.
Дизайнерлердин айтымында, көлөкөнү, күндүн жарыгын жана шамалдатуунун айкалышы шаарда идеалдуу климатты сактап турууга өбөлгө түзөт.
Ошентсе да чөлдөгү кууш жерде жашоо идеясын бардыгы эле жактыра бербейт. Же жогорку технологияларды кубалап, элдин жөн эле көчөгө чыгып сейилдөөнү каалаганын унутта калтырып жатабыз дегендер жок эмес. Дагы бир сынчылар долбоордо айтылган көптөгөн технологиялар ойлоп табыла электигин, башкалары шаар шартында сыноодон өтпөгөнүнө көңүл бурушат.
Долбоор авторлору жаңы шаарларда зыяндуу заттар абаны булгабайт деп айтканы менен, сынчылар утопиялык идеялар айлана-чөйрөгө баары бир терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Эмне дегенде кылымдардан бери какшып турган чөлдө курулуш жүрөт, адамдар жашайт, тирилик кылат.
Расмий маалыматтарда чөлдү байырлаган жергиликтүү хувейтат уруусу жөнүндө да айтылбайт. Курулуштан улам 20 миңдей киши өз жерин таштап кетүүгө мажбур болду. Көчүп кетүү үчүн берилген кенемтеге макул болбогондорду коркутуп-үркүтүү учурлары болгонун маалымат каражаттары жазган.
Көптөгөн сынга карабай, адистер мындан 30 жыл мурун эле Бириккен Араб Эмираттарынын басымдуу бөлүгү чөл болгонун, эми Дубай шаары башкаларга үлгү болуп бергенин эске салышат.
Akon City долбоору эмне үчүн токтоп турат?
Акылдуу шаарлар концепциясына ылайык курулган, күндүн нурунан энергия алган жерде асман тиреген имараттар, соода борборлору, музыка студиялары, экологиялык жактан таза туристтик курорттор, стадиондор, эс алуу жайлары жайгашмакчы.
Африкадагы эң чоң оорукана да ошол жакта орун алып, атүгүл калаада өзүнүн криптовалютасы жүгүртүлөт. Билим берүү районунда “дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу университеттерге орун берилмекчи”.
Теги сенегалдык АКШ реппери Алиун Бадара Тиам же Эйкон ата-бабаларынын жеринде тургуза турган калаанын планы мына ушундай болчу. 2020-жылдын августунда ал Сенегалдын баш калаасы Дакардан 100 километр алыс жерде жайгашкан “акылдуу шаардын” пайдубалынын алгачкы ташын салтанттуу орноткон.
Бирок биринчи баскычы 2023-жылы, шаар толугу менен 2030-жылга карай бүткөрүлөт деген курулуш алдыга жыла элек. Айрымдар ири долбоор токтоп калабы деп камтама болсо, кээ бир саясатчылар аны кагаз жүзүндө гана калчу курулай сөз деп эле аташат.
Азыр болсо жаркыраган имараттардын ордуна, жергиликтүү гезиттер жазгандай, борбор шаардын түштүк ыптасындагы Мбодиене айылында ылайда оонап жаткан чочколорду, көчөлөрдө ээн-эркин оттоп жүргөн эшектерди гана көрүүгө болот.
Музыка жылдызынын планын Сенегал бийлиги сүйүнүү менен кабыл алган. Ал 500 гектар жерди ээлеген Akon Cityни курууга 6 миллиард доллар жумшаларын билдирген.
Эйкондун айтымында, жаңы калаа расалык дискриминацияга кабылган афроамерикалыктар үчүн альтернтивдүү үй болуп калат.
Akon City тургузула баштаса, жумуш орундары пайда болот, туризм өнүгөт деп үмүттөнгөн жергиликтүү тургундар да курулуштун башталбай турганына камтама болууда. Бирок анын кечеңдешинин себеби белгисиз. Ага чейин пандемия тоскоолдук болгонун жергиликтүү бийликтин жетекчиси "Ассошиэйтед-Пресс" агенттигине айткан.
Айтмакчы, курулушка 6 миллиард доллар сарпталары айтылса, Сенегалдын мамлекеттик бюджети 2020-жылы 7,6 миллиард долларды түзгөн.
Дүйнөлүк банктын статистикасына караганда, 16 миллион калктын 40 процентине жакыны жакыр жашайт.
Келишимде инвесторлордун аты ачык айтылбай турганы белгиленген экен. Бул жагдай дагы бир катар суроолорду жаратууда.
Калкы кедей Түркмөнстанда экс-президентке туулган күнүндө Аркадаг шаары тартууланат
29-июнда Түркмөнстанда мурдагы президент жана азыркы мамлекет башчынын атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүндө Аркадаг шаарынын салтанаттуу ачылышы болот.
Бир нече күн мурун анын биринчи баскычы аяктаганы менен, курулуш уланууда.
“Азаттыктын” түркмөн редакциясы жазгандай, мамлекеттик маалымат каражаттары “тарыхый окуя” деп мүнөздөгөн аземге бюджеттик кызматкерлерди, аксакалдарды чогултушууда. Алар кара костюм-шым, ак көйнөк, башына улуттук топу кийип келүүгө, сакал-мурутун алдырууга милдеттендирилген.
2019-жылы башталган долбоордун алгачкы этабына миллиарддаган доллар жумшалмак. Адегенде 10 чарчы километр жердеги калаа Ахал чөлкөмүнүн административдик борбору болору пландалган. Бирок март айында ага "мамлекеттик маанидеги шаар" деген макам берилди. Бюджети улам көбөйтүлүп, материалдар тартыш болгондуктан, курулушту бүткөрүү иши улам жылып жатты.
Бийлик 70 миң кишиге ылайыкташканын айткан Аркадаг "акылдуу шаар" концепциясына жараша тургузулганын айтып келет.
Расмий маалыматка караганда, азырынча 336 заманбап имарат, арасында оорукана, мектептер, театр, спорттук жайлар салынды. Коомдук транспорт экологиялык жактан таза болору, заманбап санарип жабдыктар орнотулары айтылат.
Быйыл мартта Франс-24 телеканалы Түркмөнстандын Курулуш боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Дерягелди Оразовго шилтеме менен биринчи баскычка 3,3 миллиард доллар, экинчисине 1,5 миллиард доллар керектелерин кабарлаган.
Түркмөн бийлиги 2020-жылы февралда курулушка 1,5 млрд. доллар сарпталарын билдирген.
Жаңы шаар баш калаа Ашхабаддан 30 километрге жакын жердеги аймакка түштү.
Курулушту экс-президент өзү барып көзөмөлдөп турду. Мисалы, айдын башында электроавтобустардын, электротаксилердин паркы менен таанышып, атүгүл жол чырактарды текшерип кетти.
Мамлекеттик медиа Бердымухамедовдун электромобиль айдап бараткан сүрөтүн чыгарышты.
16-июнда анын уулу, мамлекет башчы Сердар Бердымухамедов Аркадагда азык-түлүк, өнөр жай, фармацевтикалык жана медициналык товарларды чыгаруу заводдорун куруу буйругуна кол койду. Тиешелүү долбоорлор үч жылдын ичинде ишке ашырылмакчы. Маалыматтарга караганда, бул максатта чет өлкөлүк фирмалар чакырылды.
Кирешени негизинен газ экспортунан тапкан Түркмөнстандын ички дүң өнүмү, Дүйнөлүк банктын эсебинде 45 миллиард долларды түзөт. Аркадаг шаарынын курулушу республиканын жылдык кирешесинин 10 процентине барабар.
Жаңы шаар куруу планы өлкө экономикалык каатчылыктан жапа чегип турган кезде кабыл алынган.
“Азаттыктын” түркмөн редакциясы жумушчуларга маяна кеч төлөнгөн, курулушка башка аймактардын бюджеттеринен акча которулган учурлар тууралуу жазып келди.
Андан тышкары Ашхабаддын Курулуш жана архитектура башкармалыгынын айрым адистери жаңы калаадагы имараттардын жер титирөөгө туруштук берүү маселесине көңүл бурушкан. Ошондон кийин президент курулуштардын сапатын көзөмөлдөөнү, шаарда сейсмологиялык станция түзүүнү буйруган.
Айтмакчы, Аркадагдын өзүнүн телеканалы, футбол командасы, гезити болот. Алардын бардыгы сыягы “Аркадаг” деп аталат.
Аркадаг түркмөн тилинен которгондо "колдоочу" дегенди билдирет. Гурбангулы Бердымухамедов ушундай наамга ээ.