Орусия. Жапырт кармоо менен коштолгон митинг

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23-январда Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өттү. Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышууда. Полиция топту жарып демонстраттарды бирден кармап атайын даярдалган автобуска салып жатты.