"Насыяга алгандын баары күйүп кетти"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районунун Алыш айылынын тургуну Жээнгүл Турсуналиеванын үйү өрттөнүп кетти. Мештен түшкөн чок заматта эки бөлмөдөгү үй оокаттары менен документтерин жалмап кеткен. Жээнгүл Турсуналева кыш чилдеде майыптыгы бар жолдошу жана балдары менен алты чарчы метрге жетпеген бир бөлмөдө күн кечирип жатат.