Нарын: сууга аккан кыз табыла элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна агып кеткен алты жаштагы кыз беш күндөн бери табыла элек. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинин адистеринен тышкары айыл эли түп көтөрүлө чыгышты. Бул окуя шар аккан суунун жээгинде жайгашкан айылда коопсуздук маселеси чабал экенин эске салды.