Нарын: Памирликтер дыйканчылыкты өздөштүрүп жатат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Абибулла Мухаммед уулу Ооганстандын Памир аймагынан Ат-Башыга 2018-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда ал жаңыча жашоого көнүп, дыйканчылыкты акырындык менен өздөштүрө баштады. Аялы да бош отурбай, кол өнөрчүлүк менен киреше тапкысы келет. Айылдаштары болсо аларга жаңы там салып берүүнү ойлонуштуруп жаткан кези.