Нарындагы насыя жаңжалы

Жылдыз Өмүракунова.

Нарын шаарындагы чакан насыя компаниясына алдаткандардын 18-январга белгиленген соту жоопкер тараптын өтүнүчү менен 23-январга которулду. "Турак үй, автоунаа өңдүү мүлкүбүздү алдатып жибердик" деген он бештей киши сотко кайрылган болчу.

«Нарын шаарындагы МФРК аттуу насыя компаниясына алданып калдык, күрөөгө койгон үйүбүздөн айрылдык» деген он чакты аял 14-январда облустук администрациянын алдына «алдамчылар жоопко тартылсын» деп жазылган кагаздарын көтөрүп чыккан. Бирок милиция кызматкерлери «талабыңарды облус башчысы угат» деп убада берип, аларды бат эле таратып жиберген болчу. Алардын бири, Нарын шаарынын тургуну Жылдыз Өмүракунова өз окуясын мындайча айтып берди:

- 100 миң сом алгам. Ал акча дегеле бүтпөй койду. Миллион сомго айланды. Ал насыя мекемеси алдап туруп документтерибизди алат дагы, биздин уруксатыбыз жок эле өзүнө каттатып алган. Мен насыя алаарда күрөөгө тамымдын документин бергем. Азыр мени үйүмдөн кууп чыгарып койду. Ай сайын төккөнгө күйөөмдүн пенсиясын алган банктын карточкасын бердим. Бир жыл бою алды. Күйөөм аскер кызматында иштеп жүрүп пенсияга чыккан. 18500 сом пенсия алат. Анан бир жыл өткөндөн кийин: «Бир сом төгүлгөн жок, кана квитанцияң?» дейт. Айлам кеткенде пенсиянын картасын блоктотуп салдым да, бир сом төлөбөй койдум. Ошондон бери соттошуп атабыз. Азыр «сенин үйүңдү бир жарым млн. сомго сатып алгам» деп калп айтып атат.

Нарын шаарынын бул компанияга алданганын айткан дагы бир тургуну - Гүлжан Кошонова. Ал компаниядан 150 миң сом алган экен. Бирок убагында төлөп бере албай калгандыктан туум өсүп, азыр автоунаасын алдыртып жиберген.

- Жумушумда штат кыскартуу болуп, иштебей калгандан бери төлөй албай калганым чын, - деп моюнга алды ал. - Жакшы эле төлөп келаткам. «64 миң сом калдык калды» деген. Бирок беш айдын ичинде 400 миң сом болуп көбөйүп кетиптир. Өзүм да түшүнбөй калдым. Машинемди күрөөгө койгом да. Азыр аны алып койду.

Деген менен МФРК компаниясынын жетекчиси Марат Хакимов бул нааразы болуп жаткан аялдардын пикирлерине кошулбайт. Анын айтымында, компания бардык мыйзамдарды сактаган. Убагында насыя алып, төлөбөй кечиктиргендерге сот «толугу менен кайтарып берсин» деген өкүм чыгарып берген. «Бирок алар алган акчасын төлөгүсү келбей, кайра компаниянын үстүнөн долуланып жатат» дейт Хакимов.

- Бул аялдарга мыйзамдуу түрдө насыя берилген, - деди ал. - Насыя келишимдери түзүлгөн. Бирок алар төлөгүсү келбей жатат. Биз аларды сотко бергенбиз. Сот аларды «кайтарып берсин» деген чечим чыгарган. Булар соттун чечимине да баш ийбейт экен. Кайра алар облустук администрацияга, прокуратурага барып даттанышкан. Анын аркасы менен биздин үстүбүздөн кылмыш иши козголуп атат. Азыр мага «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бирок мен аягына чейин күрөшүүгө даярмын. Сот алардын туура эмес айткандарын эске алып, менин пайдама чечип берет деп ишенем.

Сөз болуп жаткан насыя компаниясы Нарын шаарында 2011-2012-жылы иш жүргүзгөн. Ал элге айына 10% менен насыя берчү. Бирок насыя алгандар убагында төлөбөгөндүктөн компания кайра жабылып калган эле.

Адвокат Эркин Асаналиев МФРК компаниясы жогорку пайыз менен элге насыя бергенин Улуттук банк тастыктаганын айтты.

- Улуттук банктан жооп келген. Бул компаниядан насыя алган бир кишиге жогорку пайыз менен насыя берилген жана тууму көп эсептелип калган. Мындан тышкары бир топ мамлекеттик кызматкерлердин шалаакылык иштери да бар, - деди ал.

Насыя алгандар карызын төлөөгө дарманы келбей калган учур 2015-жылы Ат-Башыда да болгон. Анда «Мөл Булак» чакан насыя уюмунун кардарлары кеңсеге бастырып кирип, иш кагаздарын өрттөп салышкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, эки жергиликтүү тургун жоопко тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​