«Кыргызга окшоп италиялыктар да так жүрбөйт»

Наргиза Калназарова.

Наргиза Калназарова Италиянын борбору Римдеги Тор Вергата университетинде магистратурада окуйт.

Ал эл аралык бизнес администрация багытындагы бакалаврдык билимин да чет жерде - Бухаресттеги Румын-Америка университетинде алган. Кыргызстандык кыз учурда «Air Arabia» авиакомпаниясында стюардесса болуп иштегени турат.

- Сиз 23 жашыңызда ондон ашык өлкөдө болуптурсуз. Болгондо да саякаттын арты менен эмес. Бул кандайча мүмкүн болду, кепти ошондон баштасак.

Наргиза Калназарова.

- Азыр, кудайга шүгүр, үч жыл чет өлкөдө окудум. Эки жыл Румынияда (Romanian-American University) жана бир жыл Эрасмус алмашуу программасы менен Польшада (Vistula University) окудум. Жайкы эс алууларымда студенттик программалар менен Түркияда жана АКШнын Нью-Йорк штатында иштедим. Кызыктуу тарыхый жерлерди кыдырдым. Өзүмдү өзүм каржылаганды үйрөндүм. Анткени жай мезгилинде иштеп, ал эми бир жыл бою жалаң гана сабагыма көңүл бурчумун.

- Ал эми учурда Италиянын борбор шаары Римде магистратурада окуп жатасыз. Эмне үчүн Италияны, эмне үчүн дал ушул Тор Вергата университетин (Tor Vergata University of Rome) тандап алдыңыз?

Наргиза Калназарова.

- Бул окуу жайына тапшырып жатканда биринчи бекер окуу, стипендиялык төлөмүнө көңүл бурдум. Экинчиден Европанын ар бир окуу жайынын диплому талапка ылайык, абройлуу болуп саналат. Үчүнчүдөн бул окуу жайына барбай эле сырттан окуп, сынактарга да сырттан катышса болот. Мисалы, башка өлкөдө туруп, окууңузду уланта берсеңиз болот. Бул эң сонун мүмкүнчүлүктөрдүн бири. Бүт программа, бүт система, окуу материалдары университеттин онлайн платформасына жайгаштырылат. Аны үйүңүздө отуруп эле окуп, финалдык сынактарга келип эле тапшырып койсоңуз болот. Финалдык сынактар да алтыга бөлүнөт. Январь, февраль, декабрь айында жана жайында тапшырып кетсеңиз болот. Бирок мунун баары Италиянын ар бир окуу жайында каралган эмес. Ошондуктан университетти тандоодон мурун ар бир деталын жакшылап үйрөнүп алышыңыздар керек.

- Италиянын биз билбеген кызыктуу жактарын айтып берсеңиз?

- Италияда жашап жүрүп байкаганым - италиялыктар жашоодон ырахат алып жашашат. Шашпай, тамак жегенде да тамактын даамын сезип, жашоонун кереметин чыгарып дегендей. Ошондуктан италиялыктардын жашоо узактыгы төртүнчү орунда турат деп ойлойм, көпкө жашашат экен. Анан Италияда эч бир кабагын бүркөгөн адамды көрбөйсүң, баары күлүп жүрүшөт. Эртең менен эрте баары сага салам беришет. Атмосферасы ушунчалык жакшы болгондуктан ичиң жылый түшөт. Эч качан өзүңдү башка өлкөдө жүргөндөй сезбейсиң. Анан эң кызыктуусу - Италияда сүт кошулган кофени түшкө чейин ичишет. Түштөн кийин экспрессо гана ичишет. Биз аны билбейбиз да, башында сабактан чыгып алып төрттө болобу, беште болобу капучино алып ичсек бизди кызыктай, өзүн, фигурасын карабайт го дегендей карашчу. «Түштөн кийин капучино ичсе болбойт» деген нерсе алардын маданиятына абдан сиңип калыптыр. Ошондуктан түштөн кийин капучино же латте сыяктуу сүт кошулган кофелерди ичишпейт, ичишсе бир гана экспрессо ичишет.

- Кыргыздар менен италиялыктардын окшош жактары барбы?

Кыргыздар менен италиялыктардын окшош жагы - бул эки элде тең тактык жок. Италиялыктар да дайым кечигип келишет.

- Ооба, кыргыздар менен италиялыктардын окшош жагы - бул эки элде тең тактык жок. Италиялыктар да дайым кечигип келишет. Алардын да канына сиңип калганбы, билбейм. Европа өлкөлөлөрүндө баары ишти так, өз убагында кылат го? Бирок Италияда андай эмес. Биздин окуу да 9да башталса, профессорлорубуз 9:15те беймарал кирип келишет, кечирим да сурашпайт, сабакты баштай берет же бир-эки студентти күтүш керек болсо, аларды күтөбүз. Ушундай окшош жагы бар.

- Италияда окугусу келген студенттер кандай кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн?

Наргиза Калназарова «Air Arabia» авиакомпаниясына стюардесса болуп тандалып алынды.

- Өлкөдө жашоо шарты кымбат. Анан студенттер Италияда иштейм десе, стажировкалардан өтөм десе же калам десе, анда Италиянын тилин билиш керек. Анткени Европада ар бир эле өлкө биринчи өзүнүн тилин билүүнү талап кылат, андан кийин гана англис тилин же башка тилдерди талап кылат.

- Сиз ишкерлик тармагы боюнча билим алып жатасыз, бирок азыр стюардесса болуп иштөөнүн алдында турасыз. Бул кандайча болду?

- Ата-энелерибизден угуп жүргөн «жаштын тилегин берет» деген сөз чын экенине өзүм күбө болуп турам. Биздин үй-бүлөдө үч кызбыз, мен эң кичүүсүмүн. Эжелеримдин бою менин боюмдан бир аз кыска. А мен бийге жана жеңил атлетикага катышканым үчүнбү, айтор боюм жакшы эле өстү. Апам кичинекей кезимде үчөөбүздү тизип отургузуп алып, мени карап: «Кызым чоңойгондо стюардесса болот», - дечү. Мен апам менен тамашалашып: «Стюардесса деген кесиппи?» - деп күлүп коёт элем. Менде ал убакта сюардесса жөнүндө маалымат деле жок болчу. Кийин Эрасмус программасы менен Польшада окуп жүргөндө Араб Эмираттарына сюардессалар жумушка кабыл алынып жатканын көрүп калгам. Алардын критерийлерин карап, «дал келет экенмин» деп ойлоп койдум. Интернетте сюардессалар жөнүндө окуп, менде да кызыгуу пайда болду. Анан өзүмду сынап көрүүнү чечтим. Документтеримди топтоп, сүрөткө түшүп, алардын электрондук варианттарын жөнөтүп, мени аңгемелешүүгө чакырышты. Бардык этаптардан өтүп, эң акыркысынан кулап калган болчумун.

Наргиза стюардесса болуу үчүн керектүү машыгуулардан өтүп жатат.

- Демек, бул бир нече жолку аракеттин жыйынтыгы?

- Ооба. 2018-жылы окуумду бүтүп, Кыргызстанга келип бир жыл иштедим. Бул жакта офисте иштегенденби, иштегим келбегенин сездим да, бир нерсени өзгөртүш керек деп чечтим. Анан магистратурага тапшырдым. Ошол учурда Интернеттен кайра стюардессаларды кабыл алып жатышканын көрүп калдым. Шансымды дагы бир сыйра сынап көрөйүн деп чечтим. Бардык этаптарынан өтүп, жообун күтүү калган. Ошол убакта мен окууга өтүп калып, Италияга кетип калдым. Ошол жакта окуп жүргөндө почтама кат келди. Ошентип кыялым орундалды десем болот, буюрса окуум менен жумушумду чогуу алып кетем деп ишенип турам.

- Мындай сынактарга аябай көп киши катышат эмеспи? Кыздарды эмнесине жараша тандап алышат экен?

- Ар бир сынак болгон сайын кыздар азайып жатты. Анткени алар ар бир этапта критерийлерине карап, кыздарды четтетип жатышты. Биринчи эле этапта 400 кыздан 200 кыз калды. Баары сулуу, баары татыктуу, эмнесине карап, кантип тандап жатканын да билбейсиң. Өздөрүнүн системасы бар экен, ошого карап тандап алышат экен. Ошентип аягында беш кыз калдык. Бешөөбүз азыр бардык медициналык кароодон өтүп, башка өлкөлөрдөн келген кыздар менен керектүү курстарды окуп жатабыз. Бул жумуш сырттан көрүнгөндөй эмес экен, абдан жоопкерчиликтүү экен.

Наргиза солдон санаганда төртүнчү.

- Чет өлкөгө окууга тапшырууну каалаган жаштар эмнеге көңүл буруш керек?

- Чет өлкөгө окууга тапшырыш үчүн документтериңди жөн эле алып барып берип койбойсуң. Кайсы мамлекетке кетип жатсаңыз, тийиштүү документтерди тийиштүү мекемелерден ошол тилге котортуп алышыңыз керек. Эгерде бюджеттик негизде окууга өтүүнү кааласаңыз, анда бардык предметтерден «беш» болушу керек. «Барып эле окуп отурам» дебестен, кайсы жерге барсаңыз ошол жактагы мамлекеттик практикаларды, стипендиялык программаларын издеп, аларга тапшырууга аракет кылыңыз. Ар бир эле окуу жайынын өзүнүн программалары, стажировкалары бар, конференциялары болот. Колдон келсе көптөгөн жаштар форумуна катышып, дүйнө таанымыңызды кеңейтүүгө аракет кылыңыз. Бул баарыбыздын колдон келе турган нерсе. Болгону чын жүрөктөн каалоо жана окуу керек.

Бул шилтемени бассаңыз Наргиза Калназарова сунуш кылган Румыния менен Италиядагы стипендиялык программалардын сайттарына кире аласыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​