Улуттук коопсуздук комитети Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек санап жатат. Жогорку сот УКМК өзүнүн учкай маалыматында иштин өзөгүн бурмалап бергенин жана мындай маалымат коомчулукта сотторго карата туура эмес мамилени жарата турганын көрсөттү.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген доого кабылып, бул иш бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү жүрүп жатканын мекеменин маалымат кызматы аркылуу таратты.
Жогорку соттун басма сөз кызматы болсо ал иштин чоо-жайы такыр башкача болгонун айтып, коюлган доомат негизсиз, деп билдирүү жасады.
Буга чейин атайын кызмат Калиеваны башка бир коррупциялык ишке шектүү деп айыптап, Башкы прокуратура аны жоопко тартуу үчүн Тартип комиссиясына сунуш киргизген.
Дагы караңыз Зулушев: Тартип комиссиясы уруксат берсе Калиева боюнча тергөө уланатКалиева муну саясий куугунтук катары баалап, сот бийлигине басым жасалып жатканын айтып чыккан.
УКМК: калпыс ишти калкалоо
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун төрайымы менен Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымына карата сотко чейинки өндүрүш иши териштириле баштаганын билдирди.
Анда Калиева райондук соттун мурдагы төрагасынын бир сот жараянындагы мыйзамсыз ишин жаап-жашырганы көрсөтүлгөн. УКМК "Райондук соттун мурдагы төрайымы судьяга кысым көрсөтүү үчүн ага каршы компромат иретинде алынган видеону Интернетке жайгаштырган" деп эсептейт. Ал кызмат адамдарынын аты-жөнү расмий маалыматта жазылган эмес.
УКМКнын өкүлү Гүлбара Калиевага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси боюнча материалдар топтолгонун билдирди:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Г.Калиева, судья И.Ж.Б. мыйзамсыз иш-аракеттеринин ачык-айкын фактыларына карабастан, жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна, дисциплинардык жоопкерчилик же кызматтык териштирүүнүн материалдарын укук коргоо органдарына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүү боюнча аталган фактыны жана кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктарын жашырган. КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жыйнаган материалдардын негизинде 2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды".
Мен керек болсо Акаевге чейин эле сот болгомун. Азыр эми түшүнүксүз болуп жатат. Азыркы учурда соттор чындыгында эле аябай коркуп жатышат. Анткени алар "эгерде керек болсо, Жогорку соттун төрайымына карата мына ушундай куугунтук болуп жатса, анда биз кантебиз" деген маселени коюп жатышат. (Гүлбара Калиева, Жогорку соттун төрайымы)
Сары изине чөп салуунун саясаты
Гүлбара Калиева экинчи ирет кылмыш ишине шектүү болду. Буга чейин УКМК аны сот тармагына жабдууларды орнотуудагы тендер иши боюнча кылмыш ишине шекшип, 8 миллион сомдун өөнөлгөнүнө айыптаган болчу.
Бирок Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул тендер боюнча түшүндүрмө берип, ал долбоор Евробиримдиктин гранттык каражатына ишке ашып, аны Германиянын GIZ Эл аралык кызматташтык коомунун өкүлчүлүгү өткөргөнүн жарыялаган.
Жогорку соттун басма сөз кызматы УКМКнын экинчи ирет Калиевага каршы өндүрүшкө алынган соттук доону өз аброюна шек келтирчү жана айныксыз фактылар менен бекемделбеген иш катары сыпаттаган.
Калиева биринчи иш боюнча аны жоопко тартууга макулдук суралган учурда эле аны "саясий куугунтук" катары кабыл алган болчу:
"Мен керек болсо Акаевге чейин эле сот болгомун. Азыр эми түшүнүксүз болуп жатат. Азыркы учурда соттор чындыгында эле аябай коркуп жатышат. Анткени алар "эгерде керек болсо, Жогорку соттун төрайымына карата мына ушундай куугунтук болуп жатса, анда биз кантебиз" деген маселени коюп жатышат. Ошонун айынан биз азыр чет өлкөлүк өнөктөштөргө дагы уят болуп жатабыз. Себеби алар мында кыңыр иш жок экенин, тендерди алар өздөрү өткөрүп, жабдууларды орноткон фирманы өздөрү тандашканын жакшы билишет".
Колдонулма компроматтар
Жогорку соттун түшүндүрмөсүндө болсо УКМК өзүнүн учкай маалыматында иштин өзөгүн бурмалап бергенин жана мындай маалымат коомчулукта сотторго карата туура эмес мамилени жарата турганын көрсөттү. Маалыматта иштин өзөгү боюнча 2020-жылдын апрель айында Бишкектин Свердлов райондук сотунда судьянын жараян учурунда соттолуучуга карата орой мамилесин чагылдырган видео тасманын интернетке чыгып кеткенин комиссия иликтеп, анын серверден көчүрүп алынганына далилдер табылбаганы белгиленген.
Жогорку соттун маалымат катчысы Изати Шүгүралиева төрайымды кызматтык иликтөөнүн материалдарын жашырууга айыптоого эч кандай негиз жок экенин билдирди:
"Төрайымдын буйругу менен түзүлгөн комиссия адистердин катышуусунда бул ишти изилдеп чыгып, социалдык тармакка чыгып кеткен видео тасма сот залынан түздөн-түз жаздыруу жолу менен видео камерадан алынган деген тыянакка келишкен. Адистер болсо райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнөн видео тасманын көчүрүлүп алынганы боюнча далилдерди таба алышкан эмес. Демек, мазмуну жана мүнөзү боюнча айырмаланган эки маселени аралаштыруу аракети жана төрайымды кызматтык иликтөөнүн материалдарын жашырды дегенге эч кандай негиз жок".
Буга чейин УКМКнын материалдарынын негизинде Башкы прокуратура Калиеваны тендер ишине байланыштуу жоопко тартууга макулдук сурап, Соттор кеңешинин Тартип комиссиясына сунуштама жөнөткөн. Бирок Калиева ооруканага жатып калып, кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтегени белгилүү. Буга байланыштуу Тартип комиссиясы аны жоопко тартууга макулдук берүүнү кийинкиге калтырган.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку соттун төрайымына ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинде саясий куугунтук жоктугун айтып, бул тууралуу өзүнүн жүйөсүн келтирди:
"Азыр мурункудай мыйзам бузуу, бийликти колдонуу аркылуу адамдын укугун тебелебөөнүн белгиси. Эгерде кандайдыр бир саясий кызыкчылык болуп, ошонун негизинде Калиевага иш козголгондо, анда биз Тартип комиссиясынан макулдукту бат эле алып, аны тез арада жоопко тартсак болот эле. Биз болгону мыйзамдын алкагында гана сунуш киргиздик. Азыр эми жооп күтүп жатабыз. Эгерде Тартип комиссиясы аны жоопко тартууга макулдугун берсе, анда тергөө иши улантылат. Жок, эгерде Тартип комиссиясы андай макулдук берүүгө негиз жок деп тыянак чыгарса, анда тергөө иштери токтотулат".
Калиева мурдагы бийликтин тушунда өлкөнүн сот тармагын жетектөөгө келген.
Ал "Азаттыкка" курган маегинде 2015-жылы УКМКнын азыркы төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерликтен алып салган чечимди күчүндө калтырган сот жараянына судья катары катышканын ырастаган.