КСДПнын депутаты мандаттан баш тартты

Музаффар Исаков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков депутаттык мандатынан баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Ал мандатынан баш тартышынын себебин түшүндүрө элек. Байкоочулар депутаттын бул кадамын ага козголгон кылмыш иши менен байланыштырып жатышат.

Музаффар Исаков депутаттык мандатынан баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 24-декабрда арыз берген. Мекеменин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, анын арызы жакын арада каралат.

- Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков Конституциянын 73-беренесинин негизинде өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуп коюуну өтүнүп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Анын арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат, - деди ал.

Депутат Музаффар Исаков мандатын эмне себептен тапшырып жатканын азырынча айта элек. Ал “Азаттыкка” бул боюнча комментарий берерин эки-үч ирет айтып, бирок кийин “колум бош эмес” деген жүйө менен суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Анын өз каалоосу менен депутаттык иштен четтеп жатканы ар кандай жоромолдорго жол ачты. Маселен, жарандык активист Адил Турдукулов Исаковдун мандатын тапшырышына ага козголгон кылмыш иши негиз болду деп эсептейт.

Адил Турдукулов.

- Бийликчил партиянын депутаты Музаффар Исаков кызматтан өз ыктыяры менен буга чейин эле кетиши керек болчу, - деди активист. - Анткени Башкы прокуратура өлкөнүн депутатын “Коррупция” беренеси менен айыптап жаткандан кийин партияга көлөкө түшүрүп, парламентке залакасы тийбеш үчүн өз ыктыяры менен кетиш керек эле. Бирок ал андай кылган жок. Сот ишти карап, чечим чыгарар алдындагы бул кадамын өз каалоосу менен кетти деп эсептебейм. Ал депутаттык мандаты аны сактап кала албасын түшүнгөндөн кийин тапшырууга мажбур болду деген ойдомун.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго былтыр 13-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар ​жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.

Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдиришкен. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылып, ишти Сузак райондук соту карап жатат. 26-декабрда айыпталуучулар сотто акыркы сөзүн айтаары белгилүү болду.

- 2018-жылдын 26-мартында иш соттун өндүрүшүнө кабыл алынып, ишти кароо 9-апрелге дайындалган. Андан бери соттук териштирүүдө күбөлөр, тараптар жана соттолуучулар келбей калып, же ар кандай өтүнүчтөр келтирилгендиктен иш ушул убакытка чейин каралып келди. Аталган иш 26-декабрга саат 9:00гө белгиленди. Күбөлөрдүн, айыпкерлердин баары суралып бүтүп, соттолуучулардын акыркы сөзү гана калган, - деди Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов.

Исаков мандатын тапшырган учур анын соттук иши аяктаган кезге туш келди. Ал коюлган айыпты четке кагып жүрөт. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Исаковдун бул чечимин моралдык жоопкерчилик катары баалады.

Алмамбет Шыкмаматов.

- Балким бул иш коомдо резонанс жараткандыктан моралдык жоопкерчилик катары мандатын тапшырып жатат, - деди ал. - Муну өзүнөн сураш керек. Мага бул жаңылык болду. Бирок анын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот чечет. Эң негизгиси - сот адилеттүү, журналисттердин катышуусунда, ачык-айкын болушу керек. Ал күнөөлүү же ак болобу, баары ачыкка чыгат. Мунун баары биздин божомолдон, ага карата жеке мамилебизден улам аныкталбайт. Бардык далилдер изилдендиби, күбөлөрдүн баары суралдыбы, процедуралар сакталдыбы - ушуларды эске алуу менен соттун чечимин тааныйбыз.

Саясат талдоочу Турат Акимов Исаковдун мандаты боюнча маселе бийлик менен кеңешилип чечилген деп эсептейт. Айрымдар ал былтыр президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековду жандап жүргөнүн белгилешүүдө.

Турат Акимов.

- Бул жерде келишим түзүлүп, соодалашуу болгон, - деди Турат Акимов. - “Сен мандатыңды тапшырып, баланчага бересиң. Ал биздин ишенимдүү киши. Сенин кылмыш ишиңди болсо дагы үч жыл нары-бери чоёбуз” деген келишим болгон. Үч жылда кылмыштын мөөнөтү өтүп кетет. Кийин “үч жыл өтүп кетиптир, эми соттой албайбыз” деп коёт. Бул бийлик менен сүйлөшүлгөн иш. Анткени күч органдары бийликке баш ийет. Балким бирөөгө Музаффар Исаковдун орду керек болуп калды. Балким КСДПнын ичиндеги ишенимдүү эмес адамдардан кутулуу аракети. Бул эми саясат да.

36 жаштагы Музаффар Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылында туулган. Ал Жалал-Абаддагы Элдердин достугу университетинде 1999-2005-жылдары окуп, «Финансы жана насыя» адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун 2001-жылы Таш-Булак айылдык жаштар комитетинин төрагасы болуп баштап, жергиликтүү кеңешке эки жолу депутат болуп шайланган. Парламенттик шайлоого Кыргызстан социал-демокаратиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен катышкан Исаков Жогорку Кеңешке 2016-жылы депутаттык мандатын тапшырган Ашэра Халикованын ордуна келген.

КСДПнын депутаттыкка талапкерлердин тизмеси боюнча Исаковдун орду Өмүрбек Бакировго тийет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.