Мурдагы судьянын үйү театрга айланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди. Бул имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн. “Манас” театрынын кеңсеге ээ болушу менен өлкөдөгү имараты жок театрлардын маселеси кайрадан козголду.