"Мугалимге мамиле кандай болсо, келечек ошондой"

Кыргызстанда 5-октябрда мугалимдер күнү белгиленди. Бул күндүн урматына өлкө боюнча бир катар агартуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Жалпысынан өлкөдө 82 миң окутуучу болсо, мектепке дагы эки миңден ашык мугалим жетишпейт.

"Жылдын мыкты мугалими" республикалык сынагын Ош шаарындагы №52-лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамурзаев жеңип алды. Мугалимдик кесиптин кадыры маянаны жогорулатуу менен артып кетпейт дейт жаш агартуучу.

"Айлыкты көбөйтөлү деген жакшы. Бирок бардык эле маселе буга байланыштуу эмес. Мугалим өзүнүн үстүнөн иштеши керек. Билимин, адистигин жогорулатышы зарыл. Кесипкөй, билимдүү болсо окуучулар арасында, коомдо мугалимдин аброю өсөт. Сыймыктуу кесипке айланса, анан атаандаштык жаралып, мыктынын мыктылары мугалимдикке окуп баштамак".

Президент Садыр Жапаров мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалимдерсиз туруктуу коомду, демократиялык мамлекетти курууга мүмкүн эмес деди.

“Заманбап билим берүү жөн гана билим топтоо эмес, бул окуучулардын аналитикалык жөндөмдүүлүгүн жана сынчыл ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, өзүнө жоопкерчилик алууга даярдоо экендигине ынандым. Мындай жөндөмдүүлүктүн баарын биздин балдарыбызга мугалимдер үйрөтөт”, - деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.

Жапаров учурда мугалимдерди колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыты болуп саналат деп кошумчалады.

Деген менен акыркы жылдары мектепти жакшы бүтүргөн окуучулар престиждүү саналган кесиптерди тандап кетип, педагогикалык багытта окуйм дегендер азайып жатканы айтылып жүрөт. Мындай абал билим берүү сапатына түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.

Бүтүрүүчүлөрдү мугалимдикке тартуу үчүн кесип ээлеринин коомдогу орду дагы маанилүү дейт Илгиз. Анын айтымында, ал иштеген жамаатта эркек мугалимдер өтө аз. Бул мектепте эле эмес өлкө боюнча окутуучулардын 80% ашыгы аял мугалимдерден турат.

"Бизде аял мугалимдер көп болуп жатат. Аларга үй түйшүгүн да жүктөп койгонбуз. Аялдар кайсы бирине жетишет. Жаш бүтүрүүчүлөрдү мектепке сыймык менен бара тургандай абал жаратыш керекпиз. Аларда энергия, убакыт жетиштүү. Дымагы күчтүү жаштарды ушул кесипке тартуу билим берүүнүн сапатын дагы көтөрмөк".

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, шаардагы мектептерде бир мугалимге орточо жыйырма, айылдарда он беш окуучу туура келери айтылат. Учурда 82 миңден ашык мектеп мугалими бар. Өлкө боюнча 2296 жалып билим берүү мекемелери бар.

Жыл сайын 3 миңдей мугалим жогорку окуу жайдан педагог адистигин алып чыгат. Бирок жылда эле өлкө боюнча мектептерде эки миңдей адис тартыш болуп келүүдө. Мунун негизги эле себеби - жарыбаган айлыктан качып, көптөр миграцияга чыгып кеткенди же башка жумуш караштырганды артык көрөт.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билим тармагына камкордук жетишпей жатканын айтты.

"Негизги көйгөй - мугалимдерге кайра даярдоо курстарын ийкемдүү кылышыбыз керек. Бул боюнча атайын иш-чараларды баштап жатабыз. Анан ЖОЖдор орто мектеп мугалимдерине караганда жаңычылыдыкты тез өздөштүрүп кете албай, жетишпей жатышат. Анан дагы мамлекет тарабынан мугалимдин статусу, казынадан аларга кам көрүү, маянасы дегендей бир топ факторлордун баары билим берүүгө таасирин тийгизет. Өлкө келечек муундун билимдүү болушуна кам көрүү үчүн мугалимдерге маани бериши керек. Жер-жерлерде билимдүү мугалимдерди кармап калуу үчүн башка маселелерин чечип берүүнү колго алыш керек. Каражаты, турак жайы, социалдык маселелерин чечүүгө жергиликтүү бийлик да кызыктар болушу керек".

Дагы караңыз Ишине ашкере берилген мугалим

Өлкөдө эки миңден ашык жалпы билим берүү мекемелери бар, мугалимдердин 35% айыл жеринде иштейт. Мектеп мугалимдеринин 85% аялдар түзөт. Орточо айлык маяналары 12-17 миң сомдун айланасында.

245 мектеп авариялык абалда деп айтылып жүрөт. 457 мектептин чатыры, пайдубалы, дубалдары, суу түтүктөрү, канализациялары капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдү талап кылат.