Санарип өнүктүрүү министри "Дастан" ишканасын жана "Евразия сактык банкын" кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп берерин билдирди. Буга чейин Талантбек Иманов башкарып келген министрлик бир жыл мурун аталган ишканаларды өзүнө кошуп алган.
Мындан улам ишканалар экс-министр Талант Имановдун кызыкчылыгына иштеп келгенби деген суроолор чыкты.
Парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында өкмөт курамындагы өзгөрүүлөрдү, жаңыдан сунушталган министрлерди бекитүү маселесин карап жаткан маалда депутат Дастан Бекешев санарип өнүктүрүү министрине дайындалып жаткан Нурия Кутнаевага “Дастан” ишканасын жана "Евразия сактык банкынын" тагдырына кызыгып суроо узатты.
Дагы караңыз Министрлик “Дастан” менен “Евразия сактык банкын” кайра Мүлк фондуна өткөрөтБекешевдин суроосуна Нурия Кутнаева аталган эки ишкана Санарип министрлигинен кайра Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп берилет деген жооп узатты.
“Мен “Мега” компаниясы менен “Кыргызтелеком” ишканасы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдында калышы керек деп эсептейм. Бул процессти дагы да тездетүү үчүн зарыл. Калган мүлктөр, “Дастан” ишканасы жана “Евразия сактык банкы” жөнүндө айтсам, мага аны кайра өткөрүп берүү боюнча тапшырма берилди. Бул боюнча өлкөнүн жетекчилиги менен макулдашылды, аларды Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп беребиз. Себеби, алардын санариптештирүүгө эч кандай тиешеси жок. Биз мындан ары жалаң санариптештирүүнүн үстүндө иштей баштайбыз, башка долбоорлор болбошу керек”, – деди Нурия Кутнаева.
Былтыр 12-майда Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Евразия сактык банкы”, “Альфа Телеком”, “Дастан” ишканаларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ошол учурда Талантбек Иманов башкарган Санарип өнүгүү министрлигине өткөрүп берген.
Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында болуп жатканы айтылган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кийин “Азаттыкка" берген комментарийинде, муну “учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу максаты” менен түшүндүргөн.
Бул кабар ачыкка чыккандан кийин бир катар оппозициячыл саясатчылар долбоор ошол учурда кармалып, үй камагына бошотулган Алексей Ширшов менен байланышта болушу мүмкүн деп сындап чыгышкан.
Алар "Дастан" заводун буга чейин башкарган Ширшов менен санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов менен байланышта экенин айтып, мамлекеттик ишканалар коррупциялык схемага айланбайбы” деген чочулоосун билдиришкен.
Алардын бири депутат Жанарбек Акаев парламенттин 12-сентябрындагы комитеттик жыйынында да министр кызматына көрсөтүлгөн Нурия Кутнаеваны паракорчулукка байланыштуу аты аталган адамдардан оолак болууга чакырган.
"Санарип өнүктүрүү министрлигине биз беш ишкананы кошуп бергенбиз. Алар "Кыргыз почтасы", "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы". Сиз министр болуп барган жерде коррупциялык иштерде атагы чыккан Алексей Ширшовдун таасири абдан күчтүү. "МЕГА" ишканасына анын жакыны делген Евгения Судецтин күйөөсү Владимир Андросик дегендер кирген. Бул тууралуу сиздин маалыматыңыз бар. Сиз ошолордон кутулбасаңыз, анча-мынча жакшы иштериңиз көзгө көрүнбөй калышы мүмкүн. Мына ошондой адамдар мурдагы министр Иманов аркылуу "Дастанды" дагы башкарды, "МЕГА" дагы ошолордун колунда. Жакында эле "МЕГАнын" баасы бычылып, сатыкка коюлду. Бул маселе дагы күн тартибинде турат. "Евразия сактык банкы" тууралуу дагы маселе турат. Башка ишканалар дагы бул министрликке өткөндөн кийин кирешеси канча көбөйдү деген маселеге дагы биз сөзсүз кайрылабыз".
Ошентип "Дастан" заводу менен "Евразия сактык банкын" кайрадан Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп берүү демилгеси бир топ күмөн ойлорду жаратты. Аталган ишканалар экс-министр Талантбек Имановдун кызыкчылыгы үчүн эле өткөрүлгөнбү деген суроолор пайда болду.
Ширшовго байланышкан иштерди иликтеп жүргөн эркин журналисттердин бири Замир Казакбаев мамлекеттик ишканаларды кошуп кайра өткөрүп салуу мурдатан пландалган схема болгонун айтууда.
"Талант Иманов министр болуп кетип жатканда алдын ала пландалган иш болчу. Кийин ушул "Дастан" корпорациясын банкрот кылып туруп, Санарип министрлигине байлап коебуз деп мурдатан пландап коюшкан. Ширшовдун тактикасы 100 жыл алдыга ойлонот да. Талантты министр кылган ошол Ширшов. Анан булар корпорациянын түбүнө биротоло жетип туруп, министрликке өткөрүп байлаш үчүн Таланттын жанында жүргөн бала "Дастанга" башчы болуп отуруп калган. Азыр булар башка тактикага өтүп жатышат. Корпорация банкроттук абалда турат. Ал жерде эч нерсе жок. Анан эми кайра өткөрүп берүү убактысы келди. Булар башынан ушинтип пландашкан".
Дагы караңыз Ширшовдун акталган жана арасат сот иштериКазакбаев айтып жаткан Алексей Ширшов былтыр май айында кармалган жана көп өтпөй эле үй камагына чыккан. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ал "Аврора плюс" пансионатындагы кымбат баалуу ондогон батир жана коттеждердин менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы сотко кайрылганы белгилүү болгон.
Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылган.
Көп өтпөй Садыр Жапаров аны менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын билдирген.
Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков ишканалардын тагдыры үчүн өкмөт башчы жооп бериши керек деп эсептейт.
"Дастандын" ишмердүүлүгү башка. Анын Санарип министрлигине эч кандай тиешеси жок. Орусия менен Украинанын согушунда ал жакка кардар көп болушу мүмкүн. Ошон үчүн сүйлөшүүлөргө барып, Ширшов Имановду көзөмөлдөн чыгарбашың керек деген ниетте өткөрүп алса керек. Ошого ишенип килейген ишкананы Ширшовго карматып койгону - бул өкмөт башчынын алешемдиги. Кана натыйжалуулугун жогорулатканы? Анда жоопко тартыш керек да. Эгер бир жыл ичинде эч кандай натыйжа болбосо, айткан сөзгө, убадасына турбаса, анда жөн эле эки ишкананы эки адамдын кызыкчылыгы үчүн берип койгон да, башкарып тургула деп".
Ал эми депутат Балбак Түлөбаев өкмөттүн структуралык соңку кадамдарын сурай турган учур келе турганын белгиледи.
"Бул чарбалык иштерди өкмөт өзү кылат да. Өзү билет, кандай жагынан туура көрсө ошондой башкарат. Биз аларга укук бергенбиз. Жылдын аягында сурайбыз. Эмне үчүн өткөрүп жатасыңар деп. Өкмөттүн ошол жообуна карата тиешелүү чечим чыгарабыз".
Ал тапта Министрлер кабинети “Кыргыз Экспорт” мамлекеттик мекемеси түзгөнүн жар салды. Мындай чечим өкмөттүн 13-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган.
Аталган мекеме экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн.
Борбордун негизги милдеттерине экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу, аны ишке ашырууга катышуу, продукцияны экспорттоону илгерилетүү, эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү, өлкө экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү кирет. Мындан сырткары мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков эки жыл ичинде алты билим берүү министри алмашканын мисал кылып, өкмөттөгү туруксуздук эл аралык мамилелерди солгундата турганын айтты:
"Кошуп кайра бөлүп, кайра кадрларды өзгөртүп жатканы бул мамлекеттүүлүккө жана мамлекеттик институттарга өтө чоң зыян жана доо кетирип жатканын баса белгилегим келет. Ушунун баарын көрүп жаткан жакынкы жана алыскы коңшу мамлекеттер биз менен алака түзбөйт. Инвесторлор биз менен иштешпейт. Эл аралык уюмдар да биз менен иш алып барбайт. Себеби, кадрдык да стабилдүүлүк жок, структуралык да стабилдүүлүк жок".
Кыргыз өкмөтүндөгү мамлекеттик ишканалардын түзүлүп, кайра жоюлушу же бир министрликтен экинчи мекемеге өткөрүлүшү биринчи жолку эмес.
Дагы караңыз “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлатМаселен, 2022-жылы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги түзүлүп, анын жетекчиси болуп ошол маалда "Кумтөрдүн" тышкы башкаруучусу болуп турган Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.
Бирок бир жылга чукулдап эле өкмөт кайра "Улуу көчмөндөр мурасын" жоюу чечимин кабыл алган. Өкмөт тараткан маалыматта бул компаниянын "мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экени" белгиленген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ал эми Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Ал санарип өнүктүрүү министри кызматына быйыл январда дайындалган. Коомчулукта IT тармакка тиешеси жок адамдын министрликтин башына келгени талаш-талкуу жараткан.
Министр болгонго чейин “Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген Имановдун Кыргызстандагы энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан. Былтыр май жана июнь айларында "Азаттык" радиосу "Министрдин артындагы Ширшовдун карааны" жана "Уландан" уурдалган миллиондор изи” деп аталган иликтөөлөрдү жарыялаган.
Анда "Иманов-Ширшов" тандеми бир катар документтер менен далилденген жана алар “Евразиялык сактык банкын” башкарууга катышканы белгилүү болгон. Иманов кийинчерээк комментарий берип, дооматтарды четке каккан. Маалыматтарга караганда, Иманов 2010-жылга чейин Ширшовдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. Апрель ыңкылабынан соң Ширшов өлкөдөн качып кеткен учурда анын үйүндө жашап жүргөнү да айтылган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.