Москванын Украина аркылуу Молдовага жылуу планы

Молдованын аймагында өзүн-өзү республика деп жарыялаган Приднестровьенин жана Украинанын картасы.

Орусия Украинада аскердик чабуулун улантууда. Ал арада Украина менен чектеш Молдованын аймагындагы жикчил Приднестровьеде бир нече жарылуу катталды.

Киев бул - орус аскерлерине Украина аркылуу Молдовага өтүүгө жол ачкан чагым деп сыпаттады. Приднестровьеде 30 жылдан бери өз аскерлерин кармаган Москва азырынча үн ката элек.

ХНР түзүү аракети

Украинанын Кривой Рог шаарында баш калкалап жаткан бул жарандар орус аскерлеринин баскынчылыгынан качкандар. Президент Владимир Зеленскийдин кичи мекени болгон чакан калаага келгендердин көбү Херсон облусунун тургундары.

Украинанын Кривой Рог шаарынын вице-мэри Сергий Милютин жагдай тууралуу буларды айтты:

“Согуш башталган февраль айынан жана марттын башынан бери бизге күнүнө 150-200дөн адам келип жаткан. Согуштук кырдаал уланып жатканына байланыштуу Херсон облусунан эле күнүнө 500-600, акыркы күндөрү 1000ден ашык адам качып келүүдө. Биз канча киши келсе да баарына жардам бергенге аракет кылып жатабыз”.

Дагы караңыз Орусия Украинада беш темир жол станциясына сокку урду


Орусия Украинага кол салган февралдын соңунан бери эле Херсон облусунун көпчүлүк бөлүгүн басып алган. Орус армиясы администрацияны ээлеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн туткунга алган.

Украин бийлиги Москва Херсондо да Луганск жана Донецк облустарындай кылып, жикчил аймак түзүү аракетин көрүп жатат деп билдирүүдө. Эки жикчил аймак орусча "ЛНР" жана "ДНР" деп аталса, Херсондо "ХНР" деген түзүмгө айлантуу пландалып жаткан экен.

Украинанын Криворожск аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Вилкул журналисттерге буларды билдирди:

“Орусиялыктар Херсон облусунда баскынчылыкты уланта турган сокку уруучу топ түзүштү. Чабуул качан башталарын айта албайм. Бирок бир нече күн ичинде толук даяр болгондон кийин, бери жылуу үчүн кол салышат”.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, согуш башталган февраль айынан бери 5 миллиондой украин жараны чет өлкөлөргө качып чыкты. Дагы миллиондой киши өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду.

Орус армиясы Киев жана Чернигов багыттары боюнча артка чегингени менен Украинанын чыгыш жана түштүк тарабында баскынчылыгын улантууда. Луганск жана Донецкиден сырткары Харьков, Запорожье, Херсон, Николаев жана Одесса облустары аткыланууда.

Дагы караңыз Украина: кан күйгөн эки ай


Согушту токтотуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. Киев Москванын талаптары акылга сыйгыс экенин билдирсе, Кремл украин бийлигин ишти атайылап создуктурууда деп айыптады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик телеканалга курган маегинде буларды айтты:

“Куралдуу күч колдонулган кырдаалдын баары келишим менен аяктайт. Бирок анын ченемдери уруштук аракеттердин жүрүшү менен аныкталат, келишим ошого карап ишке ашат”.

Украин армиясы дээрлик бардык багыттар боюнча каршылык көрсөтүүнү улантууда. Киев чет жактан аскердик жардам алууну көбөйттү. Өзгөчө АКШ украин бийлигине колдоосун күчөтүп жатат. Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен Пентагондун башчысы Ллойд Остин Киевге келгенде Вашингтон Украинага жана өнөктөштөргө дагы 700 миллион долларлык аскердик жардам берери белгилүү болду.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Киевде жүргөн учурда бул тууралуу мындай деди:

“Биз Орусияны Украинага алгач кол салган учурда жасаган нерселерин кайталай албай тургандай абалга чейин алсыратууну көздөйбүз. Ачыгын айтсак, Орусия ушу кезге чейин өзүнүн аскердик потенциалын жана жоокерлеринин көбүн жоготту. Эми аларды башка жактарга чабуул жасай албагыдай кылышыбыз керек”.

Чектеш Приднестровьедеги чыңалуу

Бул арада Украина менен чектеш Молдованын аймагында жикчил Приднестровьеде бир нече жарылуу катталды. 25-апрелде Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин имаратында жарылуу болсо, 26-апрелде телерадиомунара, аэродромдор аткыланды.

Украинанын күч кызматтары бул үчүн Москваны айыптап, орус армиясы украин жергеси аркылуу Приднестровьеге өтүүнү көздөп жатканын билдирди.

Дагы караңыз Донбасстагы салгылаш, дүйнөдөгү азык-түлүк кризиси

Орусия Приднестровьедеги жикчилдерди колдоп, 30 жылдан бери ал аймакта өз аскерлерин кармайт. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы операциянын эмки баскычы ал өлкөнүн түштүгүн басып алып, Приднестровьенин чек арасына чейин жетүүнү максат кыларын билдирген.

Молдованын президенти Майя Санду 26-апрелде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Түзүм Украина менен чектеш жана Тираспол шаарын өз борбору деп эсептейт.

Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн.

Приднестровьедеги 200 миңдей жаран Орусиянын жарандыгын алганы буга чейин ырасталган. 2014-жылы Приднестровьенин Жогорку Совети Орусияга кошулуу тууралуу чечим кабыл алган.

22-апрелде Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Украинага жасалган аскердик операциянын экинчи фазасынын алкагында украин жергесинин түштүк аймагын толук алуу аракети көрүлөрүн, бул Приднестровьеге жол ачуу максатын көздөй турганын жергиликтүү басылмаларга билдиришкен.