Соңку жумаларда Орусиянын ар кайсы аймактарында тажик мигранттары кармалган учурлар каттала баштады. Жергиликтүүлөр алардын үстүнөн арыз жазып, аймак "тажик анклавына" айланып баратканын, мигранттар коомдук тартипти бузуп жатканын айтышууда.
Тажикстандыктар мындай даттануулар жана андан кийинки кармоолор – тажик мигранттарына каршы багытталган атайын пландалган өнөктүк экенин билдирүүдө.
Серепчилер орус бийлиги элди Украинадагы согуштан алаксытуу үчүн дал ушул мигранттарга басымды күчөткөнүн белгилешет.
Москвада жүздөгөн тажик мигранты кармалды
28-майда орус маалымат каражаттары полицияга таянып Москванын Можайский районундагы мектеп стадионунда ондогон тажик мигранттары жергиликтүү тургундардын арызынын негизинде кармалганын жазды.
Шаардыктардын ырасташынча, тажик мигранттары мектеп стадионунда ойноп жаткан өспүрүмдөрдү кубалап, алардын ордуна өзүлөрү футбол ойной баштаган. Бирок эч кандай далил келтирилген эмес.
"Озоди" радиосуна түшкөн видеодо полиция кызматкерлери ондогон мигранттарды стадиондон чыгарып баратканын көрүүгө болот. Башкасында мигранттар жерге көмкөрөсүнөн жатып, алардын бирин полиция токмоктоп жатканы тартылган.
ТАСС агенттиги кармалган мигранттарга карата 26 протокол түзүлгөнүн анын ичинде майда бейбаштык, полиция кызматкерине баш ийбөө жана Орусияга кирүү эрежелерин бузуу беренелери бар экенин жазды.
Мындай көрүнүш Москва шаарынын өзүндө да кайталанды. "Митино" метро станциясынын жанынан 30-майга караган түнү 50дөн ашуун тажик мигранты кармалды.
"Озоди" радиосуна жиберген видеодо мигранттар полиция аларды түн ортосунда ойготуп, автобус менен Митинск районунун ички иштер бөлүмүнө алып барганын айтышкан. Себебин түшүндүрүшкөн эмес. Мигранттардын айтымында, алар "Митино" метросунун жанындагы курулушта иштеп, ошол эле жердеги чатырларда жашап жаткан.
Орусия тараптан расмий комментарий боло элек. Тажикстандын Москвадагы элчилиги окуядан кабардар экенин, ага көз салып жатканын билдирди.
Айрым мигранттар мындай даттануулар жана андан кийинки кармоолор – тажик мигранттарына каршы багытталган атайын пландалган өнөктүк экенин билдирүүдө.
"Оор кылмыш кылган мигранттардын саны өсүүдө"
Өткөн аптада Орусиянын Дүйшөмбүдөгү элчиси Семен Григорьев Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Жолугушууда Дүйшөмбү Орусияда тажик жарандары түрдүү шылтоолор менен жапырт кармалган фактыларга тынчсызданып жатканы айтылган.
Москва азырынча тажикстандык мигранттарга каршы рейддер жана аларга карата жасалып жаткан катаал мамиле боюнча маалымат бере элек.
Ай башында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Санкт-Петербургдагы форумда сүйлөп жатып, соңку бир жыл ичинде мигранттардын саны кескин өскөнүн айткан.
"2022-жылы бизде 14,5 миллион мигрант болсо, 2021-жылы 12 миллион болчу. Башкача айтканда, мигранттардын саны өсүп, муну менен мигранттар аралашкан оор кылмыштардын саны дa көбөйдү".
Баcтрыкин өткөн жылы бардык күч түзүмдөрүндө мигранттар кылган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 11 миңден дээрлик 15 миңге жеткенин, анын ичинде адам өлтүрүү 18% өскөнүн кошумчалаган.
Орус аткаминер кылмышка аралашкан эмгек мигранттардын кайсыл өлкөдөн барганын белгилеген эмес.
Соңку апталардагы жапырт камоолор
Орусиянын ар кайсы аймактарында полиция тажикстандык мигранттарды уруп-сабаганы чагылдырылган видеолор байма-бай жарыяланууда. Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте окуган тажик студенттер ОМОН кызматкерлери аларды жатаканада себепсиз сабаганын айтып чыгышкан.
Андан көп өтпөй 23-майда кечинде Москва облусунун Котельники шаарындагы полиция бөлүмүнө 300гө жакын тажикстандык мигрант кармалып турганы кабарланган. Эки күндөн кийин алар бошотулган.
Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын "ээнбаштыгын" токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон.
Ал эми 19-майда президентке караштуу улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин эскерткен.
"Кармалган мигранттар согушка тартылышы мүмкүн"
Украинанын коопсуздукту изилдөө борборунун эксперти Александр Коваленко орус бийлиги элди алаксытуу үчүн мигранттарга басымды күчөткөнүн айтат.
"Орусия Украинадагы согушта жеңилип бараткандыктан, көңүлдү мигранттарга бурду. Ошондуктан мигранттарды кармоо, уруп-сабоо болуп жатат. Тилекке каршы, орусиялык ЖМКлар жана “активисттер” коомду мигранттарга каршы үгүттөп, тукуруп жатат, ал эми жергиликтүү калк күч түзүмдөрүнүн аракеттерин гана жактырат".
Александр Коваленко Кремл мигранттарды согуш талаасына жөнөтүү үчүн массалык камоолорду башташы мүмкүн деген ойдо.
Орусиянын президенти Владимир Путин 14-апрелде жарандарды аскерге электрондук түрдө чакыртууга жол берген мыйзамга кол койгон. Мыйзамды дароо Мамлекеттик Дума жана Федерация кеңеши дээрлик бир добуштан колдоп берген.
Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен эле.
24-майда кош жарандыгы бар тажикстандыктарга да армияга электрондук түрдө чакыруу алгандан кийин Орусиядан чыгууга тыюу салынды.
Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосу Орусияда жашаган тажикстандыктарга таянып жазды. Алар бул жөнүндө "Мамлекеттик кызматтар" сайтынан кабардар болгонун айтышкан.
"Мага аскердик комиссариаттан Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу чакыруу жөнөтүп, мындан ары Орусиянын аймагынан чыга албай турганымды эскертишти. Бул боюнча кеңири маалымат алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына кайрылышым керектигин айтышты", – дейт атын атагысы келбеген 45 жаштагы тажикстандык мигрант.
Ал акыркы 25 жылдан бери Орусияда мыйзамдуу жашаганын жана аскердик комиссариаттан биринчи жолу мындай чакыруу алганын кошумчалайт.
Дагы караңыз
"Вагнер" жалгыз эмес. "Редут", БАРС, "Дон" - Орусиядагы көмүскө "батальондор"Быйыл жыл башында Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин кош жарандыгы бар адамдар Украинадагы согушка жөнөтүлүшү керектигин эскерткен.
"Акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарым миллиондон ашык тургуну орус жарандыгын алган. Эми алар Орусияны коргоого милдеттүү", – деген Бастрыкин.
Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына быйыл январь айында жарыяланган маалыматка таянсак, 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында эле дээрлик 10 632 кыргызстандык орус жарандыгын алган.
Ал эми быйыл алгачкы үч айда орус паспортун Тажикстандын 45 миң жараны алды.
Украинада орус армиясы былтыр жазда оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы" абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да бар.
2022-жылдын февраль айында согуш башталгандан бери Борбор Азиядагы ондогон үй-бүлөлөргө Украинадагы согушта өлгөн туугандарынын сөөгү келди. Алардын айрымдары Орусиянын жарандыгын алгандар. Арасында орус абактарынан көбүнчө мажбурлоо менен согушка кеткендер да бар.
Буга чейин "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган. Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлган.
"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" кыргызстандык бир жигиттин сөөгү "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганын жазган. Бирок бул маалымат тактала элек.
Өзбекстандын коопсуздук кызматы да орус абактарына отурган жеринен Украинадагы согушка тартылып, каза болгон өзбек жарандарынын сөөгү мекенине жеткирилгенин маал-маалы менен кабарлап турат.