Орусиянын баш калаасы Москванын жака-белиндеги "вагнерчилердики" делген мүрзөгө кыргызстандыктар дагы көмүлгөнү белгилүү болду. "Азаттыктын" колуна алардын биринин жакындарына жөнөтүлгөн "кара кагаз" тийди. Ошентип соңку бир айда эле орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыкты.
Кабырдагы тактайчалардагы жазуудан борбор азиялыктардын аты-жөнү дароо көрүнөт. Алардын ичинен кеминде экөө кыргызстандык деп айтылат "Озодлик" сайтына жарыяланган макалада.
Орус абактарынын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын дагы бир жараны, 40 жаштагы Аман Айдаралиев Украинадагы согушта каза болгону белгилүү болду.
"Азаттыктын" колуна тийген маалыматка караганда, 1982-жылы туулган Аман 24-октябрда өзүн "Донецк Элдик Республикасы" деп атап алган аймакта, Артемовск шаарында каза болгон (Украинанын аймагындагы Бахмут шаарын орусиячылдар ушундай аташат).
Маркум жардыргыч заттын чачырандысынан набыт болгон. Жакындарына анын өлгөнүн 5-январда кабарлашкан. Амандын сөөгү Москва шаарындагы "Каармандар аллеясы" делген жайга көмүлгөн.
2020-жылы Калуга облусунун Людинов райондук соту Аманды "адамдын денесине оор жаракат келтирүү" беренеси менен айыптаган. Жакындары Амандын каза болгонун "Азатыкка" ырастап, азырынча башка маалымат бербей турууну туура көрүштү.
Жарыяланган тизме
"Озодлик" "вагнерчилердин" көрүстөнү делген сүрөттөрдү, тактада жазылгандардын аты-жөнүн жарыялады. Москва областынын Щелковский районундагы "Маврино" кыштагындагы көрүстөндө "ЧВК Вагнердин" эмблемасы түшүрүлгөн кара тасмалар желбиреп турат.
Бул көрүстөндөгү кабырлардын баарында маркумдардын аты-жөнү жазылган тактайчалар бар. Андагы маалыматтарга караганда, набыт болгондордун мөөнөтү 2022-жылдын октябрынан 2023-жылдын январына чейинки мезгилге туура келет. "Озодлик" жарыялаган тизмеде биз жогоруда сөз кылган Аман Айдаралиевдин дагы ысымы бар. Мындан сырткары, Адахамжон Гуламжанов дагы Кыргызстандын жараны экени айтылат.
- Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);
- Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);
- Джанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);
- Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);
- Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);
- Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).
Маалыматка караганда, Гуламжанов түрмөгө кесилген 2019-жылга чейин Орусиянын Владимир шаарында жашаган. Владимир облустук соту аны 2019-жылы ири көлөмдө маңзат сатууга айыптуу деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен.
"Озодликтин" маалыматына караганда, "вагнерчилердин" көрүстөнүнө Тажикстан, Өзбекстандын жарандарынын сөөгү дагы жашырылган. Алардын бардыгы согушка баргыча орус түрмөлөрүндө отургандар.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Маврино айылындагы көрүстөндү өздөрүн аскер адамдарыбыз деп атаган адамдар кайтарат. Алар мүрзөнүн аймагын видеого, сүрөткө тарткан ар бир адамды катуу текшерет.
Москва облусундагы Щелковский районунун тургуну Анна Соколова жергиликтүү көрүстөндө 22 "вагнерчинин" сөөгү жашырылганын биринчилерден болуп кабарлаган. Ал мусулмандар көмүлгөн көрүстөндөрдө христиандарга мүнөздүү кресттер коюлбаганын байкаган.
Орусиянын бийлиги Украинадагы согуштагы жоготууларын анча көп эмес деп айтканы менен, социалдык тармактарда Орусиянын бардык аймактарында “ЧВК Вагнердин” жалданма аскерлеринин көрүстөндөрү көбөйгөнү тууралуу маалыматтар тарап жатат.
Жаңы көрүстөндөр
Украинада орус армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар.
"Вагнер ЧВКсынын" өкүлдөрү абактарды кыдырып, катарына кошулууга азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.
Февралдын ортосунда Украинанын Луганск шаарынын тургундары жергиликтүү көрүстөндөн 40тан ашуун жаңы кабыр тапкан. Алар орусиялык "Вагнер" жалданма аскердик уюмуна таандык экени болжолдонуп жатканын Би-би-си кабарлады.
Январдын аягында The New York Times гезити “вагнерчилердин” мүрзөлөрүнүн саны көбөйгөнүн жазган. Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, бир эле көрүстөндө 170 киши көмүлгөнүн көрүүгө болот. "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин анын жоокерлери бул көрүстөнгө коюлганын тастыктаган.
Ушул маселе боюнча маалыматы барлар согушта набыт болгондордун баарынын эле сөөгү жерге көмүлбөй, көптөрүнүкү крематорийлерде өрттөлүп жатканын айтышкан.
Буга чейин украиналык аскердик блогер Анатолий Штефан Telegram баракчасына Орусиянын аймактарынын биринде экскаватор менен "вагнерчилерге" көр казылып жатканын көргөзгөн 9 мүнөттүк видео жарыялаган.
"Кабарсыз кеткендер..."
Ал арада "Вагнердин" катарына кошулуп согушка кеткен бойдон кабары чыкпай жаткан кыргызстандыктар да жок эмес. Жакында эле кыргызстандык Акылбек Орусиянын Свердлов облусунда абакта отурган уулун мажбурлап согушка алып кетип жаткандыгын айтып “Азаттыкка” кайрылган. (Бизге кайрылган жарандардын жана алардын жакындарынын аты-жөнү коопсуздук үчүн өзгөртүлдү). Ал көптөн бери баласынан кабар ала албай жатканын билдирген.
“БУР (Барак усиленного режим) дегени бар экен. Ошол жерде буларды кыйнап жатышат, ичи суук, бетон экен. Ачка калып, заарабызды ичтик дейт. Мукурап кол коюп, балдар согушка барам деп чыгып жатат деди. Ошондон кийин азыр муну Уфага алып келиптир, эптеп алып калышым керек. Менин акыбалым ушул, бутум жок, басып бара албайм”.
Нуржан (аты өзгөртүлдү) дагы түрмөдөн согушка кеткен жакынын издегендердин бири. Нуржандын күйөөсү - 32 жаштагы Сейит 10-октябрда Украинага согушка баратканын кабарлаган. Ошондон он күн өтпөй Украинада экенин, жакшы эле жүргөнүн билдирген.
"Ошол бойдон Сейиттен кабар жок", - дейт жакындары.
"Кеткенине он күн болгондо чалган. Жакшы элебиз деген. Сүйлөшкөнүбүз жазылат, орусча сүйлө деди. 1-2 мүнөт эле сүйлөшкөнбүз. Ошол бойдон дайыны жок. Марттын онунда алты ай болот. Ошол күндү күтүп жатам. Аман болсо келип калат деп, ошол бойдон такыр чалган дагы жок. Башка туугандарга деле чалбаптыр. Москвада дагы бир кайним бар, алар менен деле байланышпаптыр. Келишимге апасы менен менин номеримди таштайм деп айткан. "Бир нерсе болсом, сага чалат" деген. Мага 9-октябрда кечинде "бизди эртең алып кетет" деп чалган. Ошондо барбай эле койчу деп көндүргөнгө аракет кылгам. "Кол коюп койдук, кеч болуп калды" деп болбой койгон".
Ал келишимде айтылган "айына 200 миң рубль төлөнөт" делген каражатты деле көрүшпөгөнүн айтты.
"Кайдагы төлөм. Эч нерсе жок, кеткен бойдон эч нерседен дайын жок. Аман келсек жарандык берет экен, акча төлөп берет экен деген. Өлсөм кызым экөңөөргө акча болуп калат деген. Өлсөң акчаңдын эмне кереги бар дегем. Кол коюп койдук деп болбой койгон", - деди Сейиттин аялы.
Жакында Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык жигит каза болгону белгилүү болду. Бул акыркы бир айда эле коомчулукка ачыкка чыккан бешинчи учур.
"Озодлик" кыргызстандык деп белгилеген Гуламжанов Адахамжон тууралуу маалыматтарды "Азаттык" тактоого аракет кылат.
Ушундан улам бир катар ата-энелер Орусиянын түрмөлөрүндө отурган балдарын Кыргызстанга которуу маселесин чечип берүүнү кыргыз бийлигинен суранууда. Ал арада Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар соңку бир-эки айда аларга мамиле өзгөргөнүн, катаал шартка чыдабагандар согушка кетүүгө макул болушу ыктымал экенин жакындарына айтышкан.
“Вагнер” компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.
Өткөн аптада белгилүү ишкер Пригожин Орусиянын колонияларынан туткундарды Украинадагы согушка тартууну токтотконун жарыялаган. Бирок анын себебин тактаган эмес. Анткен менен түрмөгө кесилгендер абактарда шартты катаалдатып, согушка баруудан башка жол калтырбай жатышканын белгилеп жатышат.
27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, аскердик менчик компаниянын Орусиядагы өкүлдөрүнө жаңы санкцияларды салды.
Расмий маалыматка ылайык, ушу тапта орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны отурат жана алардын көбү маңзат менен кармалгандар.
Орусия Украинага кол салганына туура бир жыл болду.
Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.