Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Луганск: "Вагнерчилер" деп болжолдонгон жаңы көрүстөн


Иллюстрация
Иллюстрация

Украинанын Луганск шаарынын тургундары жергиликтүү көрүстөндөн 40тан ашуун жаңы кабырларды тапты. Алар орусиялык "Вагнер" жалданма аскердик уюмунун жоочулары экени болжолдонуп жатканын BBC кабарлады.

Журналисттер мүрзөлөргө коюлган такталардагы ысымдардын тек-жайын изилдеп, алардын 35и орусиялык, бирөө беларустук, бирөөнүн теги өзбекстандык экенин аныкташкан.

"Алардын бул жерге көмүлгөнүн жакындары билбесе керек деп ойлодук. Бардык мүрзөлөрдү сүрөткө тартып, дайынсыз жоголгондорду издөө тайпаларына тараттык. Азыр мага тогуз адам жооп берди. Алардын бири да жакындарынын каза болгонун билишкен эмес. Дайынын таппай, кабар күтүп жүрүшкөн экен”, - деп көрүстөнгө жакын Кировка айылынын тургуну журналисттерге сүйлөп берген.

"Баламды бөтөн жерде көмүштү"

Луганскиде көмүлгөндөрдүн 20сынын аты-жөнү Орусияда соттолгондор тууралуу мурда жарыяланган расмий кабарлардагы ысымдарга окшош. Алардын баары абакта жазасын өтөп жатышкан.

Мисалы, Мирослав Зинчук 16 жашында уурулук жана бирөөнүн денесине оор залал келтиргендиги үчүн камалган. Эки жылдан кийин бошотулары менен кайра уурулук кылганы үчүн камакка алынган. Өзбекстандык Максадбек Хажиев үй сырдоочу болуп иштеген жана 2021-жылы "героин сатууга аракет кылган" деп соттолгон.

Абактагылардын биринин апасы уулу менен байланышта болгонун айтты. Ал мурда колониядан телефон чалып жүрсө, былтыр сентябрдын башында Луганскиден байланышка чыккан жана "Вагнер" менен келишим түзгөнүн билдирген.

Ушул өңдүү эле маалыматтарды аты-жөнү жана туулган күнү, жылы мүрзөдөгү тактадагы жазууларга дал келген дагы эки кишинин туугандары беришкен.

Жаза аткаруу кызматына энелердин бири кайрылуу жолдоп, уулу "ордердин негизинде Орусиянын Жаза аткаруу федералдык кызматынын башка аймактагы органына кеткен" деген расмий жооп алган.

"Бизге эч ким эч кандай маалымат бербегени зээнди кейитет. Баламды бөтөн жерде көмүштү. Бул каргаша. Мен уулумдун жанымда болушун каалайм. Тирүү алып келүү мүмкүн эмес, бирок сөөгүн алып келип беришсин” – деди журналисттерге интервью берген дагы бир эне.

Мурда да Вагнерчилердин мүрзөлөрү табылган

Бул “Вагнерчилердин” катарында Украинага каршы согушкан ондогон туткундардын мүрзөлөрү табылган үчүнчү көрүстөн. Алардын бири Краснодар аймагындагы Бакинская айылында аныкталган. Январдын аягында The New York Times гезити “Вагнерчилердин” мүрзөлөрүнүн саны көбөйгөнүн жазган. Жалданма аскер уюмунун жетекчиси Евгений Пригожин анын жоочулары бул көрүстөнгө коюлганын тастыктаган.

Февралдын башында BBC, Москванын жанындагы Фряново айылынын тургундары туткундар көмүлгөн болушу мүмкүн деген 22 мүрзөнү табышкан.

"Вагнердин" Краснодардагы көрүстөнүнөн тартылган сүрөт.
"Вагнердин" Краснодардагы көрүстөнүнөн тартылган сүрөт.

“Вагнер” - аскердик мекемелердин жана юридикалык жактардын реестрине катталбаган орусиялык уюм. 2022-жылдын сентябрында Пригожин бул уюмга катыштыгы бар экенин ырастаган. Ага чейин сотто ал "Вагнердин ээси” деген айыптоолорду четке каккан.

Өткөн аптада ишкер Орусиянын колонияларынан туткундарды Украинадагы согушка тартууну токтотконун жарыялаган. Бирок анын себебин тактаган эмес. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

Бул уюмга жалданган айрым туткундардын сөзүнө караганда, "Вагнер" аркылуу согушка барууга макулдук бергендерге абактан бошотуу, ырайым жана сый акы берүү убада кылынат.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салган.

Вагнердин тузагына мигранттар да түшүүдө

"Вагнерге" жалданып, Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү 15-февралда Чүйдүн Ленин айылында жерге берилди. Орусияда абакка кесилген Замирдин сөөгүн алыстан алып келишти.

22-январда Орусияда абакта отурган 30 жаштагы Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Орусияда кыргызстандыктардын укугун коргогон юристтер башка ата-энелерге дагы WhatsApp аркылуу "кара кагаз" келе баштаганын белгилешет.

Жакында Орусияда тогуз жылга соттолгон кыргызстандык жигит "Вагнердин" катарына кошулуп, үч ай мурда согушка кеткени ачыкка чыккан. Апасы анын аман-эсен кайтышын күнү-түнү тилеп отурат.

Украинадагы согушта орусиялык күчтөрдүн катарында салгылашкан эки өзбекстандыктын сөөгү да январда мекенине жөнөтүлгөн. Алар Самарканд облусунун Булунгур районунун тургундары экенин маалымат каражаттары жазышты. Экөөнүн "Вагнерге" байланышы бар же жогу тууралуу айтыла элек.

Британиянын BBC каналынын жана орусиялык Mediazona басылмасынын ыктыярчылар тобу ачык булактардагы маалыматтарга таянып, Украинадагы согушта набыт болгон 13 миңден ашуун орусиялык аскердин аты-жөнүн тактаганын февралдын башында жарыялаган.

11 ай ичинде орус армиясынын жоготууларынын динамикасын изилдеген журналисттер өлгөндөрдүн көбү ыктыярчылар, мобилизация жана "Вагнер" жалданма аскер уюму аркылуу (анын ичинде камактагылар) согушка баргандар деген тыянак чыгарышты.

Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Бул аралыкта миңдеген карапайым тургун набыт болду.

Киев майданда 13 миңдей жоокери көз жумганын былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган. Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген. Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу бышыктоо мүмкүн эместигин эске салабыз.

XS
SM
MD
LG