Москва: 130дан ашуун өмүрдү алган кол салуу

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.Социалдык медиага тараган видеодон куралчан адамдар залда кезиккен адамдын баарын атып баратканын көрүүгө болот.

Имараттын ичинде дүрбөлөң башталып, эл сыртка чыгуу үчүн кача баштаган. Күбөлөрдүн айтымында, имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан, чатырдын жарымы кыйраган.

Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери элди алып чыгып, кол салгандарды издей баштаган. Имарат курчоого алынып, ок аткандар качып кеткени тууралуу дагы маалыматтар тараган. Социалдык түйүндөрдө кылмышка шектүүлөрдүн автоунаасы деген сүрөттөр жарыяланды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Бортников 23-мартта Путинге 11 адам кармалганы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС Кремлдин басма сөз кызматына таянып билдирди.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатты, бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты.

Эки жума мурда, Орусиядагы президенттик шайлоо алдында АКШ Москвада теракт болушу мүмкүн экенин эскертип, америкалык жарандарга эл көп топтолгон жерге барбоого чакырган. Шайлоодон кийин Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн Орусияда теракт болушу мүмкүн деген чочулоосуна "чагым" жана "коомдо башаламандык жаратуу аракети" катары баа берген.

Кол салууда өлгөндөрдүн саны 115ке жетти. Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген жана ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 37 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жаракат алганын жазып жазышууда.

АКШ, Германия, Британия жана Түркия баштаган 20дай өлкө орусиялыктарга көңүл айтып, кол салууну айыпташты. Жай тургундарга кол салууну Евробиримдик жана БУУ дагы айыптады. Кыргызстандын кол салууну айыптаган билдирүүсүн Тышкы иштер министрлиги таратты. Орусиядагы кыргыз жарандарын эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

22-март кечинде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары шектүүлөр машинеге отуруп, из жашырып кеткенге үлгүргөнүн жазышкан. “Теракт” беренеси менен иш козголгон. Бир катар Телеграм-каналдар кармалгандар тажик жарандары экенин жазышты. Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "Крокус Ситидеги” кол салууга тажик жарандарынын байланышын такталбаган маалымат деп атады.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин пресс-кызматына таянып жазды.

Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков орус президенти "Крокус сити Холлдо" болгон окуя тууралуу ок атыла баштаганда эле кабардар болгонун билдирди. 

Орусиянын көптөгөн шаарларында массалык иш-чаралар, концерттер токтотулуп, эл көп жүргөн жерлер жабылууда.

Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. Орусия. 23-март. 

Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. 

Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Каза болгондорду эскерүү үчүн келгендер. 

Орусиянын шаарларында кол салуунун курмандыктары эскерилүүдө. Андан тышкары Париж, Таллин, Вена, Ташкент, Кишинёв баштаган дүйңөнүн ири шаарларында адамдар маркумдарды эскерип, гүл коюп, шам жагып жатышат.

Эскерүү иш-чарасы Кыргызстандын борбор калаасында да өтүп жатат. Бишкектеги Орусиянын элчилигинин имаратынын астына шаардыктар гүл коюп жатышат. 23-март, Бишкек, Кыргызстан. 

Бишкек. 23-март, 2024-жыл. 

Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл

Каза болгондорду эскеруү үчүн келгендер. Бишкек. 23-март, 2024-жыл

Каза болгондорду эскерүү. Москва. 23-март, 2024-жыл. 

Каза болгондорду эскерүү. Белград. Сербия. 23-март.

Каза болгондорду эскерүү. 

"Крокус Сит Холлдун" астында отурган аял. 

Каза болгондорду эскерүү. 23-март. 

Каза болгондорду эскерүү. Москва. 

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында ок атуу болду. 130дан ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар тапкан окуядан кийин Тергөө комитети "теракт" деп кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.