Москва метросундагы кырсыкта 23 адам өлдү

Метродогу кырсыкта жарадар болгон жүргүнчүлөрдү ооруканага тикучарлар да ташыды.

15-июлда эртең менен Москва метросунун Арбат-Покровский каттамында болгон кырсыкта 22 адам, анын ичинде поездин айдоочусу каза болду. 19 жүргүнчү жеринде, калганы ооруканада жан берди. Бир кыргызстандык жаран өлгөнү такталды.

Метродогу кырсыкта жарадар болуп, ооруканага жаткырылгандардын саны 160тан ашат. Алардын көбүнүн абалы оор. Премьер-министр Дмитрий Медведев кырсыкты “трагедиялуу окуя” деп баалады.

Москвада каза болгон 27 жаштагы Мээрим Арунова 15-июль күнү метродогу аварияда мерт кеткенин шаардык оорукананын кызматкерлери тастыктады. Кыргызстандын Орусиядагы вице-консулу Алмазбек Букалаев “Азаттыкка” билдиргендей, эртең маркумдун туугандары келгенден соң сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча документтер даярдалат:

Ооруканадан бизге берген маалымат боюнча Мээрим Арунова авария болгон жерден өлүкканага жеткирилген. Саламаттыкты сактоо департаменти каза болгондор боюнча акыркы тизмени азырынча бере элек.

Элчиликтин маалыматына ылайык, кырсыкта жараат алган кыргызстандык жаран Медербек Марасуловдун абалы дурус. Ал Москвадагы №20 ооруканада жатат, дарыланууга байланыштуу чыгымдын баарын шаар бийлиги өзүнө алган.

Аварияда Кыргызстандын 5 атуулу жараат алганы тууралуу маалыматты элчилик тастыктаган жок. Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери териштирүү иштерин улантып атышат.

15-июлда эртең менен Москва метросунун Арбат-Покровский каттамында болгон кырсыкта 20 адам, анын ичинде поездин айдоочусу каза болду. 19 жүргүнчү жеринде, бирөө ооруканада жан берди. Бир кыргызстандык жабыркаганы такталды.

Бул акыркы жылдары Москва метросунда болгон эң чоң кырсык. Расмий маалыматтарда поезд жолдон чыгып кеткени айтылат. Орусиянын Чукул кырдаалдар министрлиги башында токтун кубаты кескин азайып кеткенден улам автоматтык түрдө сигнализация иштеп, машинист поезди ыкчам токтоткондо алдыңкы вагондорду арткы вагондор кысып, майыштырып салганын билдирди. Аварияга темир жолдун багытын өзгөртчү механизмдин бузулуп калганы да себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. Таң эртең менен эл жумушка бараткан учурда “Славянский бульвар” станциясынан 200 метр ченде тоннелде болгон авариянын себептери тууралуу Ички иштер министрлигинин кызматкери Роман Семушкин:

Куткаруучулар жолдон чыгып кеткен поезди сүйрөткөнү жатышат.

- Бул кырсыктын түрдүү себептери каралууда. Негизги версия боюнча транспорт коопсуздугу боюнча тартип бузулган, - деп билдирди.

Жарадар болгон жүргүнчүлөрдү тез ооруканага жеткирүү үчүн тикучарлар пайдаланылды. Чукул кырдаал министрлигинин Москва боюнча өкүлү Юрий Акимов “Парк Победы” станциясынын сыртында болгон маалымат жыйында кыйраган поездден 200 адам чыгарылганын билдирди. Куткаруучулардын айтымында, кырсык болгон жайдан бардыгы бир миңден ашуун адам сыртка чыгарылган.

Транспорттогу коопсуздук тартиби бузулганы боюнча кылмыш иши козголду.

Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин сырткы экспертиза кырсыкка террорчулуктун тиешеси жок экенин көрсөткөнүн журналисттерге баса белгиледи:

- Террорчулук болду деген версия жокко чыгарылат. Себеби, Федералдык коопсуздук кызматынын жана Тергөө комитетинин эксперттери өткөргөн изилдөө террорчулуктун белгилери байкалбаганын көрсөттү. Бул бардык белгилери боюнча техногендик катастрофага окшойт.

Куткаруучулар.

Москванын мэри Сергей Собянин метродогу кырсыкта өлгөндөрдү эскерип, 16-июлда шаарда аза күтүү жарыялады. Собяниндин сөзүнө караганда, Арбат-Покровский каттамында поезддердин кыймылын калыбына келтирүү үчүн эки күндөй убакыт кетет. Шаардык өкмөт метродогу кырсыкта набыт болгон ар бир адам үчүн маркумдун жакындарына 1 миллион рубль төлөнөрүн жарыялады.

Орусиянын мыйзамына ылайык, бир жумадан эки жумага чейин ооруканада дарыланган жаранга 100 миң рубль, ал эми догдурга каттап дарыланган адамга 40 миң рубль компенсация төлөнүүгө тийиш.

Москвадагы метро кырсыгында жараат алган кыргызстандык жаран Медербек Марасуловдун абалы кечээкиге караганда бүгүн жакшыраак. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Москвадагы элчиликтин өкүлү бүгүн Марасулов жаткан №20 ооруканага барып анын абалын көрүп келди.

1987-жылы Ош облусунда туулган Медербек Марасулов 15-июлда Москвадагы метро кырсыгына кабылып оң жак ыптасынан жараат алган, өпкөсү жабыркаган. Реанимацияга түшкөндө абалы оор болчу. Бүгүн бир аз жакшыргандыктан аны травматология бөлүмүнө которгону жатышат. Дарыланууга байланыштуу чыгымдын баарын шаар бийлиги өзүнө алды.

Буга чейин кыргызстандык беш киши ооруканага түшкөнү кабарланган. Москвадагы кыргыз элчилиги тактоо иштерин улантууда.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Москва метросундагы кырсык

1935-жылы алгач ишке берилген Москва метросу күнүнө тогуз миллиондой жүргүнчү ташыйт.