Москвадагы жардыруулар үчүн Путин сындалууда

Орусиянын метросундагы жардыруудан кийин премьер-министр Владимир Путин күнөөлүүлөр сөзсүз табылып, жок кылынаарын айтты. Анын бул жолку билдирүүсү президент болуп турган учурдагы айткан кебине окшошуп кетти. Ал дайыма эркиндикти коопсуздук үчүн садагага чаап келген.
Бирок 1999-жылы бир топ үйлөрдөгү жардыруулардын, 2002-жылкы “Норд-Ост” театрындагы, 2004-жылкы метродогу жардыруулардын, Бесландагы барымта окуяларынын сабагын эске алгандар азыр Путиндин бу саясаты натуура экенин көрсөттү деп жатышат.

Москвадагы “Парк культуры” метро станциясынан дагы эле жардыруунун үнү басыла электей...

Бул жерде набыт болгон бейкүнөө адамдарды эскерип, улам ары-бери өткөндөр гүлчамбарларын коюп жатышат. Төгөрөктө азыр баарынын эле көңүлү чөгүп тургандай сезилет.

Өзүн Евгений деп тааныштырган жигиттин айтымында, азыр метродо жүргүнчүлөр бири-бирине шектүү карай башташты.

“Абал курчуп турат, - дейт Евгений. - Адамдар улам бири-бирине кызыкча карап коюшат. Мен өзүм да вагонго отурушум менен айланамды карай баштаганымды сездим. Чындап эле коркунучтуу болуп калды”.

Мындан 11 жыл мурда, Владимир Путин эми гана чоң саясатка келгенде, Орусияны мына ушундай эле коркунуч каптагандай көрүнгөн. 1999-жылдын күзүндө бир топ үйлөрдөгү жардыруулар Владимир Путинге экинчи чечен согушун башташына ыңгайлуу шарт түзгөндөй болду эле.

Саясатка КГБнын стилиндеги так кесе сүйлөгөн чечкиндүү кадамдары менен келген Путин орусиялыктарды терроризмден сактап кала ала турган лидер катары тез эле популярдуу болуп кеткен. Өзүнүн айланасына коопсуздук кызматтарынын адамдарын топтоп, өлкөдө “демократиядан да тынчтык артык” деген саясат жүргүздү.

Бирок дүйшөмбүдөгү кош жардыруудан кийин Путиндин сынчылары анын “коопсуздук үчүн демократиялык баалуулуктарды садагага чапкан саясаты ийгиликке алып келбеди” дей башташты.

Путин өзү дүйшөмбүдө “террористтер жок кылынат” деп убада берди. Ошондой эле билдирүүсүн ал шейшембиде да кайталагандай болду.

“Азыр алар жердин түбүнө жашынып калышканын билебиз, - деди Путин Москвада. - Эми террористтерди ошол жерден сууруп алуу – укук коргоо органдарынын милдети.

Бирок көпчүлүк орусиялыктар бул ирет анын айткандарына ишене беришкен жок окшойт.

Ийгиликсиз саясат

Жаш активист Илья Яшин анын өлкөсүндө Путин соңку жылдары болгон бүт нерсеге жооптуу экенин, анткени ал болгон бийликтин баарын өз колуна топтоп алганын айтат.

“Путин терроризмди жеңем деп 11 жыл мурда да касам ичкен. Бул үчүн биздин жарандык да, саясий да укуктарыбызды тартып алды. Губернаторлорду да эл шайлашына жол бербей койду. Мунун баары Владимир Путиндин жеке бийлигин күчөттү, бирок биздин коопсуздугубузду жакшырткан жок. Ошондуктан дүйшөмбүдөгү жардыруулар Путиндин антитеррористтик саясатынын жарабай калганын көрсөтөт”, - деди активист Яшин.

Москванын метросундагы соңку жардырууларды азыр өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн утулушу катары сыпаттап жатышат. Демек, жакынкы арада коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилигинде кимдир бирөө жоопко тартылып, кызматтан алынышы мүмкүнбү?

Эзилген эркиндик

Аналитиктер мындай болушу мүмкүн эмес дешет. Анткени Путиндин чөйрөсү дээрлик толугу менен айтылуу “силовиктерден”, күч органдарынын кызматкерлеринен, турат.

Саясий эксперттер мындан аркы абал Беслан окуяларынан кийинкидей нукта өнүгүшү мүмкүн дешет. Бесландагы барымта окуяларын Путин Орусияда губернаторлорду шайлоону жоюп, бейөкмөт уюмдарга кысымды күчөтүү үчүн колдонду эле.

Москвадагы Карнеги борборунун аналитиги Лилия Шевцованын ишениминде, акыркы окуяларды бийлик өлкөдө адамдардын саясий жана жарандык укуктарын чектөө үчүн колдонушу мүмкүн.

“Биздин система демократиялык эмес. Мамлекеттин жана бийликтегилердин коопсуздугу эң башкы орунда турат. Анан аягында гана жарандардын коопсуздугу жөнүндө ойлонушат. Демек, жакын арада адамдардын саясий жана жарандык укуктарын чектөөгө багытталган аракеттердин болушун күтсөк болот”, - деди Карнеги борборунун саясий эксперти Лилия Шевцова.