Москвада "патриоттор" кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн айда Москвада бир нече эркек эки кызды бурчка такап алып, башка улуттар менен чогуу жүргөнү үчүн опузалаган видео интернетке тараган. Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү бул ишке шектүү Кыргызстандын үч жаранын кармады. ИИМдин Москвадагы атайын өкүлү Аскат Алиев "Азаттыкка" кармалгандар тууралуу учкай комментарий берди. (Видео ИИМдин өкүлчүлүгүнөн алынды)