Орусия башындагы Бажы биримдиги менен жакындашууну жактаган күчтөр шайлоодо утулуп калса, тарапкерлери нааразылык акцияларын баштаары мүмкүн экени азыртадан эле айтылууда.
Парламенттик шайлоо Молдованын Европага ыктаган башкаруучу коалициясы үчүн чоң сынак болот. АКШдагы бейөкмөт "Жеймстаун" фондунун улук талдоочусу Владимир Сокор “Азаттык” радиосуна айткандай, Молдова үчүн бул күнү СССР ыдырагандан бери биринчи ирет Орусиядан алыстоого жана Батыш менен жакындашууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүүдө:
- Бул Молдованын келечеги үчүн чечүүчү шайлоо экени анык жана талашсыз. Молдова күнкорсуз болгондон бери Орусиядан чечкиндүү жана биротоло бөлүнүп, Батыш тарапка бурулуусуна биринчи жолу шарт түзүлдү.
Шайлоо расмий Кишиневдин болочок багытын аныктаганга катар жарандардын өз келечегин кайсы дүйнө менен байланыштырууну каалаганын да көрсөтөт.
Румыниянын мурдагы тышкы иштер министри Теодор Баконски буга чейин көпчүлүк молдовалыктар Батыш жана Москва менен тең мамиледе болуу мүмкүн деп келишсе, азыр Украинадагыдай окуяларга кабылбоо үчүн келечек жолун тандоосу абзел экенин айтууда:
- Эгер мурда элдин баары Чыгыш менен Батыш ортосунда ыңгайлашуу жана туруктуу тең салмактуулукту табуу мүмкүн деп эсептешсе, азыр, менимче, шайлоочулар Чыгыш менен Батыштын бирин тандоого тийиш. Себеби Вашингтон-Москва мамилеси жаңы нукка түшөт деген үмүт акталбагандыктан, эч ким Молдовада чөлкөмдө жүрүп жаткан окуялардын кайталанышын каалабайт. Сөз узак мөөнөттүк багыт тууралуу жүрүүдө.
Сурамжылоолорго караганда, европачыл Либерал-демократтык партия жана Москвага ыктаган компартия көпчүлүк мандатты алышы мүмкүн. Бул эки партиянын ар бири үчүн шайлоочулардын 21 проценти добуш берүүгө даяр. Демократтык партиянын 18%, социалисттердин 10% жакын жактоочусу бар. Эртең коммунисттер кайсы партия менен коалицияга бараары беймаалым.
Париждик серепчи Нику Попескунун пикиринде, шайлоодон соң Молдова европачыл өкмөттүн жетеги астында тездик менен европалашуусу же экс-президент В. Ворониндин убагындай “көп вектордуу саясатка” кайтышы шарт. Көп багыттуу саясат 2009-жылга чейин коммунист-президент Воронин тарабынан жүргүзүлгөн. 2009-жылдан тарта бийликке келген европачыл партиялар былтыр Евробиримдик менен Ассоциациялык жана визасыз режим жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бүгүн Биримдик Молдованын ири соода өнөгү (45%) болсо, Орусия экинчи орунга түшкөн (20%).
Анткен менен Кишиневдин евроинтеграция багытындагы кадамдары Орусияга жага берген жок жана Молдованын бейтараптык макамын өзгөртүүсүнө ынанбасын каңкуулаган. Ошол эле учурда Кремл газдын баасын олуттуу арзандатып, эгер Кишинев геосаясий багытын өзгөртсө, Молдованын шарабы жана башка товарларына эмбарго алынып салынарын эскерткен. Ай башында президент Путин Социалисттик партиянын лидери Игорь Додон менен кездешкен.
Европарламенттин Эл аралык комитетинин төрагасы Эльмар Броктун сөзүнө караганда, Москва "молдовалык эмгек мигранттарын айдап чыгам" деп Кишиневге кысым көрсөтүп, анысы таасир этпесе, Украинага жасаган кадамдарын кайталашы мүмкүн. Орусияда 1 миллионго чамалуу молдовалык мигрант эмгектенет. Алар үчүн беш гана шайлоокана ачылган.
Бул жагдай жана орусиячыл “Мекен” (Patria) партиясынын шайлоодон четтетилиши 30-ноябрдан кийин соттук териштирүүлөр жана нааразылыктарды жаратат деген кооптонуулар айтылууда.
“Мекенди” БШК “чет өлкөлөрдүн каражатын” шайлоо өнөктүгүнө мыйзамсыз пайдаланды деп күнөөлөдү. Партияны Орусияда иштеп келген бизнесмен Ренато Усатый жетектейт. Ал 26-ноябрда интернетте жарыяланган видеодо аны Орусиянын коопсуздук кызматы жетектеп турганын айтууда. Ушул эле күнү Молдованын коопсуздук кызматы беш адамды кармады. Алардын жанынан курал-жарак, акча табылганы маалымдалды. Бул бешөө расмий маалымдалгандай, тополоң уюштурууну мерчемдеген деп шектелүүдө.