Молдовадагы кооптондурган кош бийлик

Молдовадагы демонстрант. 9-июнь, 2019-жыл.

Молдовада 9-июнда Конституциялык сот президент Игорь Додонду кызматынан убактылуу четтетип, анын ордуна буга чейин премьер-министрдин милдетин аткарып келген Павел Филипти утурумдук өлкө башчылыгына дайындады. Филип ушул эле күнү парламентти таркатып, 6-сентябрда шайлоо өтөрүн жарыялады.

9-июнда баш калаа Кишиневдун көчөлөрүнө чыккан Демократиялык партиянын миңдеген тарапташтары «Эл бизбиз, Додон саткын!» деген ураандарды чакырып жатышты. Алар өкмөттүк имараттардын алдына чатырларды тигишип, президент отурган кеңсенин короосуна тирүү күрптөрдү киргизип жиберишти. Өлкөдө азыр кош бийлик. Парламенттеги көпчүлүк коалиция менен орусиячыл президент Игорь Додон бир тарапта болсо, Конституциялык сот дайындаган убактылуу президент Павел Филип менен Демократиялык партия башка тарапта.

Молдовадагы демонстранттар президент отурган кеңсесинин короосуна канаттууларды киргизип жиберишти. 9-июнь, 2019-жыл.

Бул жолку кризис качан жана эмне болуп башталган?

Ушул жылдын 24-февралында Молдовада парламенттик шайлоо өтүп, анда Додон башында турган Социалисттер партиясы алдыга чыккан. Бирок ал өкмөт куроого жетиштүү мандат ала алган эмес. Шайлоого чейин эле Додон чириген бай Владимир Плахотнюк башында турган Демократиялык партия менен коалиция курабай турганын айтып келген.

Шайлоодо демократтар 30 мандатка ээ болушкан. Ал эми орусиячыл Додондун партиясы менен Евробиримдикке ыктаган АCUM блогунун бир коалицияда болушун элестетүү мүмкүн эмес эле.

Бирок бир нече ай өткөндөн кийин, 8-июнда социалисттер менен АСUM мунасага келип, коалиция боюнча макулдашууга кол коюшкан. Мунун жыйынтыгында парламенттин төрайымы болуп социалисттердин лидери Зинаида Гречаная шайланса, премьер-министрликке АСUM блогунан Майя Санду айым дайындалды.

Коалициялык көпчүлүк премьер-министрликке дайындаган Майя Санду. 6-июнь, 2019-жыл.

Анткен менен Конституциялык сот коалициялык көпчүлүктүн бул чечимдерин мыйзамсыз деп тапты. Судьялардын эсебинде коалиция түзүү мөөнөтү 7-июнда эле өтүп кеткендиктен өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүлүшү керек. Мына ушул себептерден улам 9-июнда Конституциялык сот өз чечими менен Игорь Додонду убактылуу кызматтан четтетип, анын ыйгарым укуктарын буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып келген Павел Филипке убактылуу тапшырды. Филип дароо парламентти таркатуу боюнча декретке кол коюп, мөөнөтүнүн мурда шайлоону 6-сентябрга белгиледи.

Парламент Филиптин өкмөтүн тааныбай тургандыгын билдирсе, Додон Коопсуздук кеңешинин курамын өзгөртүп, ага жаңы премьер-министр менен парламент спикерин киргизди. Додон Демократиялык партияны колдогон олигарх Владимир Плахотнюкту «бийликти узурпациялоого аракеттенип жатат» деп айыптады.

Молдованын кызматынан четтетилген президенти Игорь Додон. 6-июнь, 2019-жыл.

Коалициялык көпчүлүктүн чечими менен премьер-министр болуп дайындалган Майя Санду соттун чечимин сынга алды:

«​Биз бардык мамлекеттик кызматкерлерге, укук коргоо органдарында иштегендерге кайрылып, бийликти басып алууга аракет кылгандардын мыйзамсыз буйруктарына баш ийбөөнү жана эл менен мыйзамдуу бийликтин тарабында калышыңарды суранабыз».

Бул саясий башаламандыкка байланыштуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини билдирүү таркатып, тараптарды сабырдуулукка чакырды. Молдовадагы АКШнын элчилиги саясий партияларды демократияны жана мыйзам үстөмдүгүн сыйлоого үндөдү. Ал эми мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттин саясатына кийлигишип жүргөнү маалым болгон Орусиядан дароо эч кандай реакция болгон жок.

Европадагы эң жакыр мамлекет деп саналган Молдовада бир топтон бери саясий кризис уланып келет. Ансыз да жемкорлукка белчесинен батканы айтылып келген өлкө Евробиримдик менен тыгыз кызматташууну көздөгөндөргө жана Орусияга ыктагандарга бөлүнүп калган. Соңку эки жыл ичинде Конститутциялык сот Игорь Додонду ушуну менен алтынчы жолу кызматтан убактылуу четтетти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.