Министр: Дөөлөт Сыдыковго басым болгон эмес

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго бийликтен тараптан эч кандай басым болгон эмес. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар иштери министри Азамат Жаманкулов «Азаттыкка» маегинде билдирди. Анын айтымында, манасчы түшүнбөстүктөн улам эмоционалдуу чечим кабыл алышы мүмкүн.

Жаманкулов маданий жайларды куруу, «Манас айылы» комплексинин тагдыры, бул тармактагы көйгөйлөр боюнча да айтып берди.