Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:41

Манасчынын өлкөдөн кетиши: президент жооп кайтарды


Садыр Жапаров менен манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров менен манасчы Дөөлөт Сыдыков. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши жана “Манас айылынын” айланасындагы окуяларга комментарий берди. 6-майдын кечинде манасчы социалдык тармактарда билдирүү таратып, ага мамлекеттик каналдардан каралоо жүрүп жатканына президентти да айыптаган болчу.

Манасчы менен президенттин жообу

Манасчы Дөөлөт Сыдыков 6-майдын кечинде социалдык тармактар аркылуу билдирүү таратып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин жазган. Кайрылууда аны мамлекеттик телеканалдар бир тараптуу каралап жатканы айтылып, буга президентти да жоопкер экенин белгилеген.

"Мен өлкөдөн үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду. Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба. Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп, жерди унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары".

Дөөлөт Сыдыков президент менен жолугушууга чакырылганын, ага барбай койгонун "бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып, бир түндө ар кайсы жерден алып чийип койгон долбоорду колдогусу келбегени" менен байланыштырган.

Президент Садыр Жапаров 6-майда мамлекеттик "Кабар" агенттигине курган маегинде Дөөлөт Сыдыковго карата кысым болбогонун айтып, анын соңку аракеттерин "пиар катары кабыл алганын" билдирген.

"Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен."

Президент "Манас айылын" жаңылоо боюнча жасалчу иштер боюнча маалымат берүү үчүн Дөөлөт Сыдыковду чакырганын ырастады.

"Администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка "Манас театры", кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем."

Мамлекет башчы маданий-комплекстин азыркы абалы өтө начар экенин, бул боюнча бийликтин аракетине жаңылоо иштери бүткөндөн кийин баа берүүнү сунуштады.

Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков өзүнө кысым болуп жатканын айтып, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенин 5-майда билдирген. Ал кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин айткан эмес.

Кийин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов да бул окуя боюнча "Азаттыкка маек берип, манасчыга карата коркутуу болбогонун, "бул кичинекей жерден чоң маселеге айланып кеткенин" айткан.

Министр: Дөөлөт Сыдыковго басым болгон эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:31 0:00

Манасчыны сындагандар жана жактагандар

Манасчынын өлкөдөн чыгып кеткени 5-майда белгилүү болуп, дароо эле коомчулукта кызуу талкууга түштү.

Журналист Аскер Сакыбаева манасчы Сыдыковдун өлкөсүнөн таарынып чыгып кетиши жалпы өнөр дүйнөсү үчүн чоң сокку дейт.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

“Биринчиден, Дөөлөт Сыдыков сөзсүз кайтып келет, мен буга ишенем. Балким, өзү айткан кысымдар токтосо, жагдай өзгөрсө кайтып келет. Экинчиден, манасчыларга мурда көрүлбөгөн камкордук көрүлүп жатат, “Манас” театры буга мисал. Ушул эле учурда атактуу манасчы Дөөлөт Сыдыков таарыныч менен өлкөдөн чыгып кеткени – парадокс да. Ушул кейиштүү болуп турат. Бийлик башында жүргөн аткаминерлер, маселен, мамкатчы, маданият министри, президенттин кеңешчилери ушул иштин алдын алышы керек болчу. Бийликтин Манас дүйнөсүнө болгон камкордугун элге туура жеткирүү жагы аксап калгандыктан, ушундай түшүнбөстүккө алып келди деп ойлойм. Дөөлөт кысымга кабылганын коомчулукка айтып жатат. Кысым Кыргызстанда бийликтен анан каралар дүйнөсүнөн гана болушу мүмкүн. Элибизде Манас - бийик дүйнө, ыйыктык. Ошол нерсени алып жүргөн адамдын өлкөдөн чыгып кетиши баарыбызга чоң сокку болду”.

Социалдык тармакта кызыл чеке талкуу жүрүп жатканда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына манасчынын өлкөдөн чыгып кеткенин сынга алган билдирүү жазды.

"Дөөлөт манасчынын жоругун наадандык деп эле айтам. Ага кысым же коркутуу болушун элестетүү да мүмкүн эмес. Таң калып жатам. Бардык манасчылар кошоматчы болуп чыгып, Дөөлөт эле жалгыз чынчыл манасчы болуп калдыбы? Бул жигит башынан эле өзүн Саякбай, Сагымбайдан жогору коюп, мен элчи болуп турганда Лондондон, Гиннестен справка алып бер деп айтып чыккан. Ошондо эле таң калгам жоругуна. Ал өзүн-өзү кыргыз мамлекетине каршы коюп адашып жатат. Менимче, ушуларга уялганынан өлкөдөн чыгып кетти. Бул нерсеге эми эл гана адилет баасын бере алат”.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз манасчы Дөөлөт Сыдыковдун жеке чечиминен саясат жасабоого чакырды.

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

“Чыгармачыл кишининин кыялы добул урган бороондой. Ошондуктан чыгарма жарата алат. Жылжытма инсан чыгармачыл болуп деле жыргатпайт. Элирмеси келгенде эки тоонун башын бир аттай алган киши, эсте каларлык туунду калтырат. Биз (өзүм да алардын арасындамын) эпкиндегенде эч нерсе көзгө илинбей калышы мүмкүн. Түшүнгөндөр “ал эми чыгармачыл киши да” деп айтып калат. Эң негизгиси эйфорияга батып турганда чоң катачылык: кээ бирөөлөр эл-журтуна, кыргызга кесир сөздөрү айтылып кетет. Эгер анчалык катуу кетпесе түшүнө билели, аздектей билели. Ошонун бирөөсү Дөөлөт Сыдыков. Мейли бийликке сын айтсын, негизи ал сын айтылып турганы да жакшы, бийлик андан жаман болбос, жакшы жагы көп болор. Мейли убактылуу чыгып кетсин. Айланып кайта келер. Негизи Манасын кошо алып жүрсө, кыргызды алып жүргөнү ошол да. Алынып берилип ар жээке урулса, андан да өзүнө пайда табат. Ал дагы кыргыздын улуу инсаны. Бийликке сын айтты деп жек көрүндү кылбайлы”.

“Манас айылына” байланышкан маселе

Буга чейин Бишкектеги “Манас айылынын" жетекчиси Дөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин мыйзамсыз басып алуу аракети болуп жатканын айтып чыккан. Ал “Ысык-Көл” мейманканасын бузуп жаткан компаниянын кызматкерлери эч кандай документи жок кирип келип, маданий комплекстин тосмолорун ала баштаганын айткан.

“Алар кайсы компаниядан экенин да айтышкан жок. Болгону бир нече ирет президенттин атын жамынып келди. Мен андай болсо өлкө башчы менен беттештиргиле десем, коркутууларга чейин барышты. Негизи биз буга чейин “Манас айылын” кайра куруу боюнча демилгебизди өлкө башчы Садыр Жапаровго билдиргенбиз. Анын уруксаты менен президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов менен биргеликте иш баштап, жаңы долбоордун үстүндө сынак да жүргөн. Бардык иш өз ирээти менен келе жатып эле токтоп калды”, - деген Дөлөт Сыдыков.

Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин айланасындагы иштерге нааразылыгын айтып, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдогон. Анда “Манас” эпосунун үчилтиги 157 мамлекеттин колдоосу менен “Материалдык эмес руханий мурас” катары ЮНЕСКОго жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоого жана коргоого алынганын, өз жеринде өнүктүрүүгө жана сактоого колдоо таппаса, дүйнө коомчулугунун алдында өлкө беделине шек кетерин эскерткен.

"Ушундай тоскоолдуктар улана берсе, жогорудагы уюмдарга коргоп берүү үчүн кайрылууга аргасыз болорун" жазган.

Ал эми 29-апрелде президент Садыр Жапаров “Манас айылы” этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоор менен таанышкан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдаган. Басма сөз кызматынын тараткан маалыматка ылайык, реконструкциялоодо комплекстин аймагына 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйын, курултай өткөрүү залы бар үч кабаттуу боз үй куруу пландалууда. Комплекс аймагына Манас театры менен Манас музейи жайгаштырылат.

“Манас айылы” комплексинин долбоору.
“Манас айылы” комплексинин долбоору.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" агенттигине курган маегинде "Манас айылы” жаңыланарын айткан болчу. Садыр Жапаров коомдо талкууга түшкөн бул маселе тууралуу суроого жооп берип жатып, ал жер эч кимге берилбей турганын, анын жаңы "Ак үй" менен болгон чеги иретке келтирилип жатканын маалымдады.

Буга чейин журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүндө "Манас" айылынын жери жаңы Ак үй сала тургандарга алмаштырыла турганын манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирген. Ал комплекстин жерине кызыгып жүргөн бир катар адамдар бар экенин, мурдагы бийликтин тушунда айылдын аянты 2 гектарга кыскарып кеткенин айткан.

Апрель айынын башынан бери уланып келе жаткан чырлуу маселе социалдык тармактын колдонуучуларынын да кайчы пикирин жаратып жатат. Айрымдар манасчы Дөөлөт Сыдыковду колдоого алса, айрымдар жаңы комплекстин долбоорун жактап жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынын балансындагы "Манас" этно-комплекси "Бишкек" эркин экономикалык аймагы" башкы дирекциясынын балансына 1998-жылы өткөрүлгөн. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүү маселеси мындан мурда да бир нече ирет көтөрүлгөн. Буга байланыштуу сынак да жарыяланган, анын жыйынтыгы эмне болгону кабарланган эмес. Комплекс 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Айылдын аянты 9 гектарга чукул.

Манасчылар эмне дейт?

Социалдык тармакта айрым колдонуучулар Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу “Манас” театрындагы манасчыларга да бир катар сын-пикирлерин жазууда.

Улуттук “Манас” театрынын жетекчиси, манасчы Азиз Биймырза уулу буларга токтолду:

Азиз Биймырза уулу.
Азиз Биймырза уулу.

“Биринчиден, эмне максатта жана кайсы мамлекетке качан чыгып кеткени тууралуу так маалыматым жок. Мен деле эл катары интернет баракчаларынан уктум. Эгер ага чынында кысым болгон болсо, ал кысым “Манас” эпосуна, манасчыга болгон кысымбы же башка дагы жагдайлар барбы, аны такташ керек. Мен азыр мына так ушундай деп кесе айта албайм. Себеби толук маалыматым жок, такталгандан кийин толук маалымат билдирем. Балким Дөөлөт байке эс алууга же дарыланууга кеткендир. Мага аны тактагыла деген расмий тапшырма берилген жок. Буга чейин “аны маданият министри коркутту” деген имиш чыкканы маалым. Ал боюнча Маданият министрлиги менен чогуу президент чакырып жаткандыгын билдирип, өзү менен бир канча жолу сүйлөшкөм. Дөөлөт байке “Шаардын сыртындамын, бара албайм деп жооп берген”.

Белгилүү манасчы, дастанчы Самат Көчөрбаев Дөөлөт Сыдыковго коркуу-кысымдар болгон болсо, ал коомчулукка ачыкталышы керек дейт.

“Дөөлөт Сыдыков Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген наамдын ээси, манасчылардын ичинде барандуу орду бар адам. Дөөлөттүн өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу кабарды мен деле эл сыяктуу социалдык тармактардан уктум. Ким менен кандай тартыш маселеси болуп, ким өмүрүнө, үй-бүлөсүнө коркунуч туудурду деген маселелер боюнча так маалыматым жок. Эгер чынында ошондой болсо анда ошол адамдардын сөзсүз түрдө аты-жөнү ачык аталып, алар жазасын алууга тийиш. Анткени манасчы мамлекеттик деңгээлде куугунтукталчу киши эмес, ошол эле убакта качып кетчү да киши эмес. Биз азыр билип жаткандай, ал өз каалоосу менен этнографиялык комплекстин башчылыгын тапшырып жаткан болсо, ошол эле маалда анын ал кызматтан да бийик абройлуу өнөрү, орду бар. Демек, эл арасында эле болушу керек деп ойлойм. Кимде ким кетүүсүнө мажбурлап жаткан болсо, мыйзам чегинде жазасын алсын. Ал үчүн Дөөлөт баарын ачык айтышы керек”.

Ал эми Улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси, манасчы Замир Баялиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

“30 жылдан бери манасчылар колдоосу жок деле күпүлдөтө "Манас" айтып келген. Бүгүн деле манасчылар өз ишин мурдагыдай улантууда. Ар бир манасчынын өз көз карашы, дүйнө таанымы, позициясы бар. Ошондуктан ушул кырдаалда жалпы манасчыны “бийликтин көзүн карап кетти” деген сөз туура эмес. Бийлик камкордук кылса эмнеси жаман, калыстыкты да айта билүү керек да. "Манас" эпосунун да өзөгүн калыстык түзөт, душманынын артыкчылыгы болсо аны да, тууганын кемчилиги болсо аны да баяндайт. Эпосту айтып жүргөн манасчы өзү да калыс болушу керек”.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында жалпысынан 111 саат Манас айткан.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында жалпысынан 111 саат Манас айткан.

Дөөлөт Сыдыков 1983-жылы Тоң районундагы Шор-Булак айылында туулган. Ал 2020-жылы 12-ноябрда өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында Бишкектин Ала-Тоо аянтында 14 саат 27 мүнөт "Манас" айткан. Ушундан кийин президент Садыр Жапаров манасчы менен жолугушканы да белгилүү.

Ал эми 2021-жылы сентябрь айында экинчи ирет өз рекордун жаңылоо максатында Москва шаарында беш күн, беш түн бою жалпысынан 111 саат "Манас" айткан.

Сыдыков коомчулукта өз учурунда “Манас” эпосуна байланыштуу талаштуу маселелерде жарандык позициясын билдирип келген. Маселен, манасчы ичимдиктерге “Манас” эпосунун каармандарынын ысымы коюлбашын талап кылып чыккандардын бири. Өткөн жылы продюсер Өмүрзак Төлөбеков баштаган кино тартуучу топко “Манастын уулу Семетей” тасмасынын тартылышына каршы чыккан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG