Тоолуу Карабактан качкан армяндар
Качкындар Тоолуу Карабактан Армениянын Корнидзор кыштагын көздөй бара жатат.
Армяндардын жапырт чыгып кетиши Бакунун аймакты толук көзөмөлгө алганынан кийин болду.
Жол кыймылынын жанданышын күткөн качкындар Армения менен чектеш жолдо отко жылынып турушат. 25-сентябрь, 2023-жыл.
Акыркы отуз жылда Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабак үчүн эки жолу согушкан. Аймак Советтер Союзу кыйрагандан кийин этникалык армяндар байырлаган Азербайжандын анклавы катары таанылган.
Спутниктен тартылган сүрөттөрдөн Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштарган жалгыз маршрут Лачын коридорундагы тыгынды көрүүгө болот. 26-сентябрь, 2023-жыл.
Аймак 1994-жылы аяктаган согуштан кийин Армения колдогон этникалык армяндардын көзөмөлүнө өткөн. 2020-жылы Азербайжан аймактын көпчүлүк бөлүгүн жана ага коңшулаш жерлерди өзүнө кайтарып алган.
Качкындар Тоолуу Карабактан Арменияга бараткан жолдо машинесин оңдоп жатат.
2020-жылдагы согуш Орусиянын ортомчулугу менен аяктап, аймакка орусиялык тынчтык түзүмдөрү жайгаштырылган. Бирок бул күчтөр азери армиясы Тоолуу Карабакта "терроризмге каршы операция" жүргүзгөндө чатакты токтотууга аракет кылган жок.
Минивэнди жана качкындарды салып бараткан оор жүк ташуучу унаа.
Азербайжан чабуул койгонго чейин Тоолуу Карабакты бир нече ай курчап, ага барчу Лачын коридорун жаап салган. Баку муну аймакка мыйзамсыз курал-жарак кириши мүмкүн деп түшүндүргөн. Блокада 120 миңдей тургундардын жашоого керектүү товарларды алышына тоскоолдук кылган.
Арменияга бараткан качкындар машинеден карап турат. Көпчүлүк качкындар жолдо калган, тамак-аш жана суу тартыш.
Азербайжан жолду 24-сентябрда ок атышууну токтоткон макулдашууга кол коюлгандан төрт күн өткөндөн кийин ачкан.
Армян качкындарын салган жүк ташуучу машине Лачын көзөмөл-өткөрмө бекетинде турат. Бул жерди азери чек арачылары жана орусиялык тынчтык күчтөрү көзөмөлдөйт.
Азербайжан бийлиги этникалык армяндардын укугун сактоого убада берүүдө, бирок Ереван "этникалык тазалоо" болушу мүмкүн экенин эскертти.
Корнидзор айылына келген армяндар.
Качкындар Ереванга кетүү үчүн жүк ташуучу машинеде отурат.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжан президенти Илхам Алиевди 26-сентябрда Тоолуу Карабактагы жай тургундарды коргоого чакырган.
Армян качкындары Гористеги Кызыл чырым уюмунун каттоо борборунда отурушат.
Блинкен Бакуну Тоолуу Карабакка гуманитардык жүктү тоскоолдуксуз өткөрүүгө чакырды.
Тоолуу Карабактагы Степанакерттеги күйүүчү май сактаган кампада болгон жарылууда жабыркаган адам. Ал Еревандагы күйүк борборуна жаткырылды.
Жикчил аймактын акыйкатчысы Гегам Степанян "Азаттыктын" армян кызматына жарылууда 68 адам каза тапканын билдирди. Жарылуу адамдар түшкөн машине Арменияга бараткан жолдо бензин куюу үчүн кезекте турганда болгон.
Башынан жараат алган улгайган аял Гористеги каттоо борборунда турат. 27-сентябрь. Аялдын үй-бүлөсү түшкөн машине Тоолуу Карабактан качып келе жатканда жол кырсыгына кабылган.
Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлиги 27-сентябрда азери күчтөрү чабуул койгон маалда 192 аскери курман болуп, 511и жараат алганын билдирген.
Тоолуу Карабактагы этникалык армяндардын өкүлдөрү аскердик аракеттер учурунда 200дөй адам өлгөнүн, анын 10у жай тургун экенин, 400 адам жарадар болгонун билдиришкен.