Кремлдин мигранттарга катаал мамилеси ал жакта иштеген кыргызстандыктарга кандай таасир этет? Мындай чечимдер ЕАЭБде каралган миграциялык эркиндикке каршы келбейби?
Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуундар бирикмесинин төрагасы Жамалидин Эшанкулов менен ушул маселенин айланасында маектештик.
- Жамалдин мырза, орус өкмөтүнүн мындай сунушу ишке аша турган болсо, ал жактагы эмгек мигранттарын, анын ичинде кыргызстандыктарды депортациялоо шарттары жеңилдейт экен. Чечим кыргыз мигранттарына кандай таасир этиши мүмкүн?
- Чет элдиктерди Орусиядан депортациялоо буга чейин соттун чечими менен гана ишке ашса, бул сунуш менен мигранттарды өлкөдөн чыгаруу укугун полиция кызматкерлерине да берүү каралууда. Бул ыкчам чара көрүү максатындагы өзгөрүү деп түшүндүрүп жатат. Биздин мигранттар үчүн бул чоң эле маселе. Текшерүү маалында документи жанында болбой калышы мүмкүн. Анын үстүнө азыр каттоого туруу да алар үчүн чоң көйгөй, убарагерчилиги көп. Полиция жүйөлүү себептерге карабай жатат, алар “Крокус Сити Холлдогу” окуядан кийин катаал чара көрүүгө өтүп алышты. Биз аларга айыппулдардын салынышын анализдеп көргөндө, ушундай жагдай болуп жатканын байкадык.
Полиция кызматкерлери билип-билбей туруп эле мигранттарды жапырт кармап, депортацияга чыгарып жатат. Борбор калаа Москвадагы укук коргоо кызматкерлери көп нерседен кабардар болууда. Эгер мыйзам кабыл алынса, анда Орусиянын аймактарында кырдаал кыйындашы мүмкүн.
Дагы караңыз Орусия катаал мыйзам менен мигранттарга басымды күчөтөбү?- Орус өкмөтү миграциялык талапты өлкөдөгү коопсуздук, коомдук тартип маселесинен улам катаалдаштырып жатканын жүйө келтирүүдө. Буга кайсы бир деңгээлде негиз барбы?
- Социалдык тармактардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан чыгып жаткан материалдардан улам жалпы мигранттарга сөз тийип жаткандай. Чынында, мигранттардын коомдук тартип боюнча эмес, мыйзамдуулукту сактоо боюнча көйгөйлөрү көбөйдү. Мисалы, каттоого туруш үчүн жумушка орношуп, эмгек келишимин түзүп алышы керек. Жумуш берүүчүлөр аны бербей жатат. Алар салык төлөөдөн качып, жумушчуларга ар кандай шарттарды коюшат. Мындан улам мигранттарга Орусиянын мыйзамын так сактоо кыйын. Мунун негизги себеби – жумуш берүүчүлөрдүн мамилеси.
- Орусияда миграциялык талаптар бул мыйзам долбооруна чейин да күчөтүлүп, текшерүүлөр көбөйгөн. Акыркы учурда Орусиядагы миграциялык кырдаал кандай? Сиздер кызматташкан мекендештер кандай даттануулар менен кайрылып жатышат?
- Мигранттар үчүн чыңалган кырдаал болуп турат. Мурда Орусияда мыйзамдар так иштеп, андагы талаптар сакталат деген түшүнүк бар эле. Акыркы учурда мындай түшүнүк өзгөрүп, полиция каалаган учурда текшерип, мигранттардын үстүнөн “маанайга жараша” чечим кабыл алып жаткандай ой калтырат.
“Мени полиция кармап кетти”, - деп бизге чалгандар болуп жатат. Биздин Орусиядагы координаторлорубузга да улам байланышка чыккандар болуп жатат. Биз кайрылуудан кийин Орусиядагы элчиликке чыгып, кайсы бөлүмгө жеткирилгенин тактап, маалымат беребиз.
Дагы караңыз "Сахарово": Кордук көргөн мигранттар- Кыргызстан менен Орусия Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө. Бул уюмдагы негизги артыкчылык катары миграциялык эркиндиктин болушу айтылып жүрөт. Орус өкмөтүнүн улам татаалдатып жаткан мындай талаптары уюмдун максатына каршы келбейби?
- Каршы келет. Бирок ага аткаруучу болгон полиция кызматы маани деле бербегендей, балким, жетиштүү кабардар эмес. Аларга буйрук келет, биримдикке мүчө өлкөнүн жараныбы же башкабы, карабай эле четинен кармап, текшерип жатышат. Бул маселеге көңүл буруш керек. Биз эмне үчүн мындай уюмга кирдик? Андагы максаттар аткарылып жатабы? Бул жагы жөн гана формалдуу иштер болуп калды. Мында Орусиянын гана кызыкчылыгы корголуп жаткандай сезилет. Ал өлкө каалаган маалда уюмдун макулдашууларын колдонуп, башка убакта өзүнө жараша чечимдерди жасап жаткандай.