Израилдин өкмөтүнүн расмий өкүлү Марк Регев Палестинадагы куралчан ХАМАС тобу менен атышууну токтотуу жөнүндө сүйлөшүүгө азыр эртелик кылаарын билдирди.
Палестинадагы куралчан козголоңчулардын ХАМАС тобунун расмий өкүлү Айман Таха атышууларды токтотуу келишими түн ортосунда күчүнө кирет деп айткан (Бишкек убактысы боюнча таңкы 04:00).
Азыр атышып жаткан Израил менен ХАМАСтын жаңжалында ортомчулук кылып жаткан египеттик президент Мохаммед Мурси да макулдашуу аткарылаарына ишенерин билдирген эле.
Иерусалимде Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху анын өлкөсү Газадагы кризисти жөндөө үчүн узак мөөнөткө эсептелген кандай чечим болбосун, ага катышаарын айткан.
“Бирок Палестинадан атылып жаткан ракета чабуулдары боюнча эч бир дипломатиялык мунаса табылбаса, Израил өзүн коргоону уланта берет”, - деген ал.
"Эгер дипломатиялык жол менен узак мөөнөттүү бир чечим кабыл алынса, Израил ага катышат. Бирок ракета чабуулдарын токтотуш үчүн күчтүүрөөк аскерий аракет талап кылынса, анда Израил өзүнүн элин коргош үчүн андан да баш тартпайт", - деди өкмөт башчы.
Нетаняху муну кечээ Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун менен сүйлөшкөндөн кийин айтты. Улуттар Уюмунун башчысы ал жакка бир аптадан бери уланып жаткан Израил менен ХАМАСтын атышууларын токтотууга эл аралык коомчулук көрүп жаткан дипломатиялык аракеттин алкагында барган.
Пан Ги Мун ХАМАС тобун ракетадан Израилди аткылаганы үчүн айыптады, бирок Тел-Авивди кескин аракеттерден карманып, Газага жер үстүнөн чабуул жасоо планынан баш тартууга чакырды.
"Израилдин абадан урган соккулары балким чындап эле Газадагы армиянын базаларына тийип жаткандыр, бирок ал чабуулдардан жайкын тургундар өлүп, жаракат алып, алардын инфраструктурасы да кыйрап калууда, - деди Мун. - Жөнөкөй тургундардын өлүмүн эч кандай жагдай менен актоого болбойт. Күчкө салып эле аткылай берген такыр мыйзамга жатпаган нерсе, андан качыш керек".
Атышып жаткандарды куралын таштоого үндөш үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да жакынкы сааттарда Израилге бараары айтылган.
Ал арада, Араб лигасынын төрагасы Набил ал-Араби ХАМАСка тилектештигин билдириш үчүн кечээ Газага барды. Бир аптадан бери уланып жаткан атышууларда 100дөн ашуун палестиналык көз жумду. Израилден үч киши курман болгон.