"Менин уулум экенине ишенбейм". “Вагнерден” келген бош табыттар

Жеке менчик аскердик компанияга жалданып кеткен кишинин сөөгү жерге берилүүдө. Забайкалье.

“Цинк табытта карайган чоң кара сөөк бар экен”, “күйүп кеткен сөөктөр”, “табыт бош”, “табыт күйөөмдүн далысынан эки эсе тар экен”...

“Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясына (ЖАК) тартылып, Украинадагы согушка кеткендердин аялдары менен энелери кошулган чатта мындай сөздөр көп айтылат. Айрым аялдар табытын “ширетип жабылганына” карабастан ачылыптыр, бирок эми ДНК тестин жасоо мүмкүн болбой калды – “сөөк чирип” же күйүп кеткендиктен тест жүргүзүүдөн баш тарттык дешет. Көптөгөн тууган-туушкандары табытты ачууга батына алышпайт, бирок алардын салмагына караганда “бош сыяктанат” же “сөөктөр” ары-бери калдырап тоголонуп жаткандай угулат.

Маркумдардын туугандары ар кандай күмөн ойлорунун чын-төгүнүн билүү үчүн эч ким менен сүйлөшө албайт – ЖАК өкүлдөрүнө төлөм маселелери боюнча гана, болгондо да убараланып жатып чалууга жетишет. Бирок ошондо деле “табыт акысы” менен “тажия чыгымына 100 миң рублду” да дайым эле алуу мүмкүн боло бербейт. Кээде жесирлер менен энелер жалданма аскердин өлүмү тастыкталгандан кийин да бир нече ай бою кенемте ала албай күтүшөт. “Сибирь.Реалии” менен маектешкен айрымдар жакындарынын өлгөнүн тастыктоого азыр да жетише элек – бирок “жоокердин маянасын” эчак эле токтотуп салышыптыр.

“КЫЗДАР, ТЕРМОБАРИКАЛЫК СНАРЯД ДЕГЕН ЭМНЕ?”

Максим Просвиркин.

“Менин уулумдун сөөгү 2023-жылы 20-майда Новосибирскиге алып келинди, аны тааный албадым, анткени цинкте чоң кара сөөк жаткан экен, термикалык снаряд дешти, – деп жазат чатта Новосибирск шаарынан келген Евгения Просвиркина. (Ал мурда үй-бүлөсү менен Читада көп жылдар бою жашаган, уулу ЖАКка тартылганга чейин Забайкальеде калган экен). – Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктө 2023-жылы 24-мартта курман болгон деп жазылган, 2023-жылы 20-майда тийиштүү акты түзүлгөн, каза болгон жери – Артёмовск шаары. Ал “Вагнер” ЖАК курамында согушка 2022-жылы 29-ноябрда Забайкалье аймагынан кеткен болчу, сөөгүн мен жашаган Новосибирскиге алып келишти. Читада коюлду. Бул менин уулум экенине ишенбейм, ДНК экспертизасын алгыдай эчтекеси калбаптыр. Балким, кимдир бирөө менин уулум жөнүндө бир нерсе билер. Жазып коюңуздарчы! Просвиркин Максим Владимирович 1990-жылы 19-июнда туулган”.

Евгения “Сибирь.Реалиинин” кабарчысына бир жарым жыл мурун Забайкальеден мурдагы келини алып кеткендиктен небереси үчүн Новосибирскиге көчүп келгенин айтты. Ошол учурда Максим Читадагы колонияда отурган эле.

"29-майда ЖАК менен түзүлгөн келишими аяктап, кайтып келиши керек болчу. Согушка кеткен күндөн бери алты ай өттү. Дал ошол күнү, тагдырдын буйругу экен, анын сөөгүн “таануу” үчүн келдим. Чындыгында таанылгыдай жери деле калбаптыр, – деп эскерет Евгения. – Эгер ал колонияда калса, азыр мөөнөтү бүтүп, эркиндикке чыкмак, анткени анын адвокат досу май айында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонуу жөнүндө арыз берсек болот деген эле. Анын күнөөсү “жеңил” – “уурулук” деген 158-берене болчу. Ага чейин шарттуу кесилгендиктен, кийинкисинде отургузуп коюшкан. Ал Читадагы 3-ТКда отурган. Ал жерден 29-ноябрда согушка кеткен. Мен “ЖАКчылар” колонияларда шимшип жүргөнүн укканда атайын чалып, “Жолобо! Үгүттөсө макул боло койбо. Күнөгө батпа!” деп эскерттим эле. Бирок ал мага унчукпады. Келишимге кол койдум деп таякесине айтыптыр, “Апама эч нерсе айтпа!” дептир".

Евгения Просвиркина уулунун эмне үчүн согушка барууну чечкенин түшүнбөйт.

"Макул болбо дегенимде, ал жакшы жооп берген эле: “Менин көзүм начар, ал жакка кантип, эмне үчүн бармак элек?” деп. Анан келишимге кол коёр замат башка жерге которушкан окшойт – байланыш үзүлүп калды. Анткени төрт-беш күндөн кийин (кийинчерээк тактадым) 3-ТКга чалып: "Просвиркин Максимди чакырып койгулачы” деп өтүндүм эле, “Максим согушка кетти” деп жооп беришти. Туталанып кеттим. Ал камакта буюгуп калгандыктан кандай болсо да эркиндикке чыгууга шашкан окшойт. Мына, эркиндиги ушул. “Уулум, сен экөөбүз тең бир абалдабыз. Мен Новосибирск шаарында келгинмин, сен да чоочундардын арасындасың. Мен дагы адамдарга, жаңы шаарга көнүгүшө албай кыйналып жатам, алты эле ай чыдап кой" деген элем. Мен ага жардам берип, акча жөнөтүп турчумун, эчтекеден кем болгон жок".

Максим Просвиркиндин апасынын айтымында, ага уулу менен абакта отурган жигит чалган экен. Ал да Максимди согушка барба деп үгүттөгөн экен. Анан уулу өзү да чалып, “апа, мага аябай жакты, бул жерде абдан сонун, келгениме өкүнбөйм” дептир.

"Мен адегенде таң калдым, анан түшүндүм: ошондо согушка кире элек болчу да. Агасына камдык бөлүктө турам дептир. Мен ишенбедим:

- Анда эмнеге титирейсиң, коркуп жатасыңбы?

– Жок, кыш, суук. Албетте, кыш Забайкальедагы же Новосибирскидегидай эмес, бирок баары бир суук.

– Азыр эмне кылып жатасың?

– Мен резервде турам. Бул жерде баары сонун. Атышуу тээ алыста болуп жатат. Бул жерде коркунучтуу эмес. Армиядагыдай эле. Кыжаалат болбо, коркпо, мен жакында барам, май айында үйдө болом. Новосибирскиден көчпөңүз, мен сөзсүз түрдө сизге барам. Биз чогуу жашайбыз, чогуу жол табабыз, мен жумушка орношом.

Ал жерден [Украинадан] мага үч жолу чалды. 30-майда Новосибирскиден чалышты, курман болгонун айтышты:

- Аны кандай кийим менен көмгүңүз келет?

- Мен аны азырынча көрө элекмин, шарт-жагдайга карайлы. Барганда айтайын.

–Сөөгүн тааныйын дейсизби?

– Ооба, ошентем.

– 31-майда саат 15:30 Новосибирскидеги крематорийге келиңиз”.

Евгения Просвикина сөөктү таануу үчүн курбусу Ольга менен барыптыр.

"Адегенде “Вагнер” ЖАК кызматкери утурлап чыгат да, сөөктү тааныганга сизди ээрчитип барат” дешкен эле. Саат үч жарымда бардык, эч ким утурлап чыккан жок, эч кандай “Вагнер” ЖАК кызматкери алдыбызга келбеди. Сөөк коюуну уюштурууга көмөктөшөм деген бир киши гана келди. Мен: “Уулумдун сөөгүн Читада көмөм, ал өмүр бою ошол жерде жашаган, бардык туугандарынын бейити ошол жерде” дедим. Ал шарт бурулуп кетип калды. Бул крематорияда бир жарым сааттай отурдук, анан ыктыярчы өзүнүн кайсы бир таанышына чалып: “Жок дегенде кимдир бирөө чыксынчы”, – деди.

Дагы караңыз "Тирүү болуп жерде жок". "Вагнерден" дайынсыз жоголгондор

Крематорийдин швейцар сыяктуу кийинген кызматкери чыгып минтип сурады:

- Сөөктү тааныйсызбы?

– Ооба. Биз ошон үчүн келбедикпи.

Курбум:

- Таанылгыдай жери калганбы?, – деп сурады. Ал “жок” деди:

- Термобарикалык снаряд деген эмне экендигин билесиздерби?

– Жок, билбейбиз.

– Жөн эле күйүп кеткен бир келки калган.

– Эми ушунча келген соң барып көрөлү.

Сөөктү көрсөтүүчү бөлмөгө келдик: табыт биз келгенге чейин эле ачылган экен. Үстүнө жапкан кепини да эле ачык болчу. Анын ичинде күйүп кеткен дененин калдыгы бар эле. Кишинин денесине такыр окшобойт. Мен: “Уулум, уулум, бул сенсиңби?!” – дедим. Анда Оля ал эмес деп кыйкырып ийди. Мен өзүмө келип карадым да: “Оля, бул анын мурду эмес”, – дедим. – “Кайдагы мурун?! Омуртканын кичинекей сөөгү”. Мен крематорийден атып чыктым.
Кийин Евгенияга табыт ачылды, эми кайра цинк менен каптоо керек дешти.

– “Табытты кайрадан цинк менен каптоого 28 миң бериңиз. Сизге “Вагнер” ЖАКтан эсеп жиберилет. Айла жок, кантмек элем, акчаны каякка которуу керектигин сурап, Читага учуп кеттим. 2-июнда келип, аны (Евгения көмүлгөн сөөктүн уулуна таандык экенине ишенбейт, Максим деп атоодон да баш тартты, башкалардын сөзүн да улам түзөтүп жатты. – Ред.) дүйшөмбү күнү гана алып келишти. Ага чейин мага белгисиз бир адам телефон чалып: "Мен аны кайрадан цинк менен каптадым, сураныч, мага 28 миң рубль таштап коюңуз. Сбербанк картасы ушул номурга байланган”, – деди. Мен айтылган акчаны жөнөттүм. Биз аны көмдүк. 4-мартта ал өлгөн имиш, ал эми өлүмү жөнүндө 20-майдагы күбөлүктө мындай деп жазылган: “2023-жылы 24-мартта көз жумду, бул тууралуу 2023-жыл, 20-майда № 3016 акты түзүлдү. Өлгөн жери: Донецк эл республикасы, Артёмовск шаары”. Бирок эмнегедир табытта 17.05 деген дата жазылыптыр. Оля: “Бул эмне деген дата?” – деп сурады. Крематорийдин кызматкери бул жерде аны алып кеткен күн жазылган деди. “Бирок өлүм жөнүндө күбөлүктө сөөк 20-майда табылды деп турбайбы! 17-майда эле алып келинген болуп калабы? Өлүмү жөнүндө күбөлүк 20-майда гана берилгенби?” Сиз мага 30-майда телефон аркылуу “ал үч күндөн бери ушул жерде” деген элеңиз. Ошентип ал 17-майда алынып келинген болобу?! Мен эч нерсени түшүнө албай жатам. Биринчиден, кимдин сөөгүн көмгөнүмдү билбейм. Кайсы бир адамдын сөөгүнүн калдыктары".

Евгения крематорийге баргандан кийин экспертиза жүргүзүүгө аракет кылды.

Максим Просвиркин.

"Дароо эле: “Мен ДНК экспертизасын жасатам” дедим. “ДНК экспертизасы чачтын түбүнөн же колтуктан, чаттан алынат” дешти. Башы жок болчу. [ДНК тестине] кариеске чалдыкпаган тиш же кан пайдаланылышы мүмкүн экен. Мен аны Читага алып келип, Ички иштер министрлигинде иштеген Максимдин досунан сурадым. Ал атайын сураштырса, термобарикалык снаряддан кийин денени эч ким экспертизага албайт деп жооп беришиптир".

Евгения Просвиркина снаряд качан жана кандай шарттарда түшкөнүн билбейт.

" Мен “Вагнер” ЖАКтан өзүмө жиберилген дарекке почта аркылуу кат жаздым. “Мен баланчамын, уулум согушка кетип, каза болгон, түкүнчө күнү мага билдиришкен. Уулумдун кандай шартта курман болгонун кабарлап коюуңарды өтүнөм”, – деп кат жаздым. Эч ким жооп бербеди. Кимге доомат коём? Ал аскер кызматкери болгон эмес да. Пригожинге даттанамбы?".

Уулунун согушка кеткендиги үчүн энеси үч жолу төлөм келген.

"Ал ноябрда кетип, биринчи айлык февраль айында берилди. Ал кетип бара жатып, дароо мага чалып, паспортумдагы маалыматтарды сурады. Андан кийин экинчи жолу чакырды, менин паспорттук маалыматтарымды жоготуп алган имиш. Үчүнчү жолу ал 2-февралда WhatsApp аркылуу аркылуу чалды. Бири-бирибизди көрүп, сүйлөштүк:

- Эмгек акы келди беле?

- Жок, келген жок.

Ошентип, биринчи маяна 280 миң рубль 28-февралда келди. Экинчиси 29-мартта 157 миң, Үчүнчүсү 70 миң 29-апрелде келди. Мен Новосибирск шаарында бардыгын накталай алдым. Бирок бул акчанын мага кереги эмне? Баарын тажияга жана неберемдин алиментине сарптадым. Мен дагы айлык берген кишиден сурадым:

- Силер маяна эле бересиңерби? Балким, мага уулумду табууга көмөктөшөрсүңөр?

- Ал кайда согушуп жатат? Менин андан башка эч кимим жок. Сураныч, жардам бергилечи?, – дедим.

– Айым, мен эмне дейин: ал же картошка эгип жүргөн, же “укр.ды” согуп жатат,- деп жооп берди. Сөз ушуну менен бүттү. “Маяна алып жатасызбы, демек ал тирүү. Сиз бул жерге акыркы жолу келесиз. 29-майда ал келип, калган маянасын өзү алып барат” деген эле. Мен 29-майда уулумду тосуп алуу үчүн атайын өргүүгө чыктым эле. Өргүү өлүк көмүү менен өттү".

Дагы караңыз "Балдарыбыз согушта кырылып жатат". Хакасиялыктар Путинге кайрылды

“КИМДИ КӨМГӨНҮБҮЗ БЕЛГИСИЗ”

ЖАКка тартылгандардын аялдары жана энелеринин ар бир үчүнчү билдирүүсүндө "күйүп кеткен дене", "бош табыт же ДНК тестин жасоодон баш тарткан учурлар" жөнүндө.

Елена Тихановская.

"Бизде бир эле нерсе калды, уулубуздун күбөлүгү гана бар.

“Термобарикалык снаряд тийгендеги быт-чыты чыккан, күйүп кеткен дене, бош табыт, – дейт Елена Тихановская. – ДНК жок, сөөк текшерилбей кала берди. Табыт жабык, ширетилген, терезеси да жок. “Ачылбашы керек, ичинде дененин калдыктары бар, ширетип жатканда эле жыттанып калган” дешет. Азыр бир аял Телеграмм-каналдан минтип жооп жазды: “Денесинин күйүп кеткен бөлүгүн алдыңызбы? Биз дагы. Кимдин сөөгүн койгонубуз белгисиз. Татуировкадан эле тааныдык дешти. Кантип? Эч кандай татуировкасы көрүнбөйт! Көмүрдөй капкара болуп күйүп кеткен, адамдын сөөгүнө дегеле окшобойт! Азыр мага бир аял жазды: "Мен энеси эмесмин, мен таежесимин, бирок “жээнимдин” табытын ачканда, чала күйгөн көмүрдүн эле калдыгын көрдүм” дейт. Дагы бир аял чалат, анын да уулу ЖАКка кетип, курман болгон экен. Ал мындай дейт: “Бул анын эмес, такыр башка бирөөнүн сөөгү. Табыттагы дене шишип кетиптир. Биздин уулубуздун маңдайы кең эле, мунуку кууш. Албетте, буттары жок, эчтекеси жок, баары бөлөк-салак, 20 күн бир жерде жатыптыр. Мен дагы бул менин уулум эмес дедим!” Ал Забайкалье аймагынан. Аныкы “бош” (ЖАКка колониядан же камактан эмес, “эркин” жүргөн жеринен алып кетилгендердин энелери жана аялдары ушундай деп аташат. – Ред.), эч кимге айтпастан Питер барып, “Вагнер” ЖАКты таап, “акчага иштегени” кетип калыптыр. Айтмакчы, ал дагы курман болорго жакын маянасы келе баштаган экен".

Елена Тихановскаяга куратордон үндөшүү белгисин жана чабуул топтун номурун, эн белгисиндеги номурду сурап билип ал деп кеңеш беришкен экен.

ЖАК чатынан скриншот.

"Эгер булар такталса, анда согушкандыгын тастыктап, табыт акысын бериши мүмкүн. Мага эч ким эчтеке берген жок. Курман болду деп кабарлаган кишинин эле телефон номуру сакталып калган. Чаттагы кыздар мага ал “куратору” экен, ага чалып, уулуңуздун үндөшүү белгисин сураңыз. Анткени ал жерде [“Вагнер” ЖАКта] аларды фамилиялары жана ысымдары боюнча чакырышпайт дешти. Ошол киши эн белгинин санын, чабуул тобунун номурун айтышы керек. Ошондой эле тажия чыгымына жөлөк пул алуу үчүн сөөктүн көмүлгөндүгү жөнүндө күбөлүк алуу керектигин айтышты. Эртең администрацияга барып, сурайм. Бирок мен кантип далилдейм? Бейиттеги эстелигин сүрөткө тартып алышкан – башка эчтеке жок. Мен аны өзүнү маянасына эле көмүп койдум, акчасын башка эчтекеге коротпой, сактап койгон элем. Ошентип, алар аны Читада өзүнүн маянасы менен көмдүк. Уулум беле, башкабы, билбейм. Бул сөөк коюуда бизде көптөгөн тоскоолдуктар болду: эстеликте фамилиясы туура эмес жазылып, гранитке да ката чегишти, эстеликке сүрөт да көпкө чейин алынбай турду. Көмүлгүсү келбегендей – же мен ырым-жырымга ашыкча ишенип жатамбы? Мен аны тирүү деп, дагы эле үмүт үзө элекмин. Сүрөтүн туш тарапка таратып жатам – балким, кимдир бирөө тааныйт. Мен фамилиясын, атын, атасынын атын жазып жатам – сүрөтүнөн тааныбай калышы да ыктымал, согушта тез картайышат дешет го. Көпчүлүк курман болгондордун туугандары ушинтип жатат: чат аркылуу аларды тирүү дегендей үмүт менен издеп, сураштырууну улантууда. Чаттын башка катышуучулары ачууланып, аларды чектеп салууда. “Эмне үчүн бул ысымдар менен сүрөттөрдү жарыялайсыңар?! Бардык жерде тыңчылар батпай кетти!” дешет", – дейт Елена.

“Вагнер” ЖАК – Орусиянын расмий эмес куралдуу түзүлүшү, аны президент Владимир Путинге жакын мамилеси бар Санкт-Петербургдагы ишкер Евгений Пригожин түзгөн. ЖАК жалданмалары (алардын арасында колониялардан тартылгандар да бар) Украина менен согушка, ошондой эле Сирия менен Африкада кургактыктагы операцияларга активдүү катышып келет. Компаниянын согушкерлери көптөгөн согуш кылмыштарын, анын ичинде соттон тышкары өлүм жазаларын ишке ашырган деп айыпталууда. Пригожин муну четке какпайт, бирок мойнуна да албайт. Бир катар өлкөлөрдө “Вагнер” ЖАК кылмыштуу жана террористтик уюм катары таанылган.

Дагы караңыз "Кремлдин алсыз экени көрүндү". Пригожиндин 24 сааттык козголоңу

Эң эле консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Украинага бастырып киргенден бери Орусиянын 50 миң кишиси курман болгон болушу ыктымал. Орусиянын орду толгус жоготуулары, оор жарадар болуп же өлүп кеткендерди чогуу санаганда, кеминде 225 миң адам болушу мүмкүн. Өткөн жылдын аягынан бери атайын даярдыгы өтө аз болгон аскер кызматкерлеринин арасында жоготуулар эң көп катталды. Мында “Вагнер” ЖАК курамында согушуп жаткан ыктыярчылар, мобилизацияланган, кечээки камактагылар жана өзүн-өзү мамлекет деп жарыялаган “ДЭР” жана “ЛЭРдин” аскерлешкен топтору жөнүндө сөз болуп жатат.

Орусия бийлиги согушта жоготуулардын расмий санын жарыя айтпайт, тийиштүү сандар акыркы жолу былтыр сентябрда келтирилген. Украин бийликтери дагы аскер кызматкерлеринин каза болгону жөнүндө кабарлабай жүрүшөт