"Тагдырды талкалаган рэкетчилик". Криминалды туу тутуунун кесепети

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топко каршы аёосуз күрөш жүрүп жатканын жарыялап, өлкөдө мындан ары криминал болбой турганын билдирди. Кыргызстандын эгемендүү тарыхында кримтөбөлдөр мамлекеттик башкаруу, саясатка чейин аралашып, коомчулукта таасирдүү фигураларга айланган. Мындай абалда жаштар арасында криминалдык идеология жайылып, ал эмес окуучулар арасындагы дагы рэкетчилик жоюлбай жатканы айтылып келет.