Тоо ыраактаган сайын бийиктейт

Дооронбек Садырбаев.

Кыргыздын беш манжа менен саналчу залкарларынын бири Дооронбек Садырбаевдин 80 жылдыгы киндик кан тамган Ноокен жергесинде белгиленгени болбосо, баш калаада улуу инсандын элесине багышталган иш-чаралардын ишарасы сезиле элек.

Буга чейин боло жүргөндөй, салтанаттардын баары күзгө чектелет окшоп калды.

«Кыргыз деп келгем дүйнөгө…»

Дооронбек Садырбаев - көрүп-билип калган кишилер үчүн Доке - адам көңүлүн оорутпаган, көзү жеткен чындык үчүн эч нерседен кайра тартпаган, акыйкатты туу туткан, Байдылда акын айтмакчы, «кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтчү» кайталангыс улуу инсан эле. Сөздү кыябына келтире сүйлөгөн чечен, кагаз бетине түшчү текстти улам-улам оңдой берүүдөн тажабаган мээнеткеч, кагаз менен калемге өч адам болчу. Булары аз келгенсип ал эки тилде - орус жана кыргыз тилинде бирдей эркин сүйлөгөн, жаза алган чебер эле. Бул жагынан кино ишмерлердин көбү мыкты го, бирок да алардын кыйласы кыргыз тилине келгенде «ташыркап», азыноолок сүйлөгөндөн кийин көнгөн тилине «өтө каччу» адаты бар экени белгилүү.

Социализм заманында киносун тартып, ролдорун ойноп, көркөм текстти кемелине келтире окуп, чыгармачыл инсандын көнүмүш тиричилигин өткөрүп келген Дооронбек агабыздын көп кырдуу таланты эгемендик заманда ачылды. Ал кыска убакыттын ичинде беш манжа менен саналчу ири коомдук ишмерлердин катарына кошулду. Укуктук жагынан адис болбогону менен адам укуктарына байланышкан орчундуу маселелерди козгогон сөздөрү коомдук резонанс жаратып, анын натыйжасында парламент мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкенин айтсак жарашат. Шайлоочуларынын өтүнүч-сунушу ал үчүн өзгөчө маанилүү иштердин бири болчу. Ошол суранычты аткарыш үчүн убакты-саатына карабай, артынан түшүп иштин өтөөсүнө чыкчу. Ушу азыр да Дооронбек акенин арбагы парламенттин мурдагы имаратындагы биринчи кабатта жайгашкан кабинетинде - тамеки менен кофе жытына толгон бөлмөдө, дубал бетин бербеген сүрөттөр арасында, столдун сууртмасы толтура кагаздарын иреттеп, канжасын кармалап, кагаз карап, «Полетун» дембе-дем тартып отургандай сезилип кетет. Дооронбек аке ууланып, андан жакшы оңоло албай 2008-жылдын майында бул жалганды таштап кеткенинен бери деле он бир жыл колдон суурулуптур. Бирок да көңүлгө кыттай уюган ушул элес Дооронбек акени билгендердин эсинен чыга элек болуш керек. Тамеки менен кофе жытына толгон ошол кабинетке келгендердин аягы суучу эмес. Доке алардын ар бирине убакыт таап, кофесин берип, тамашасын айтып жарпы жазылып, келген адамдарды кабыл алчу. Аны менен сүйлөшүп чыккандан кийин жан-дүйнөң тазарып, маанайың көтөрүлүп калчу.

Дооронбек аке өзү менен кыргыз демократиясынын романтикалуу доорун ала кетти. Урап түшкөн социализмдин ордуна аз убакыт ичинде демократия курулуп, жашоо-турмуш оңолуп кетет иллюзия күбүлүп түшүп, ушу тапта кыргыз өлкөсү топтошкон проблемалардын төө бастысында калды. Өнүгүүнүн кайсы жолу ыктуу, башкаруунун кандайы ийкемдүү экенине баш катырып отурган кези. Айтса, 2005-жылы Аскар Акаевдин жылдызы түшүп, бийлигин таштап, Маскөөгө из жазгырып кеткенден кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин убада кылган реформалары кечеңдей беришине нааразы болуп, анын бийликтен кетишин талап кылган Бишкектин «Алатоо» аянтындагы митингдер күчөп турганда Дооронбек Садырбаев «Азаттыктын» башкы редактору Бурулкан Сарыгулова менен маегинде түзүлгөн жагдайды мындайча мүнөздөгөн:

- Ар кайсы даярдыгы жок адамдар, «дос элек, андай-мындай» деп баш катырмаларды айтып аткандар биздин мамлекетти сактабайт. «Курултай чогултуш керек» дейт. Мен курултай чогултууга макулмун. Курултайдын делегаттары кандай эреже-шарттар менен шайланат? Бир гана мыйзам, мыйзам гана Кыргызстанды сактап кала алат. К. Бакиев президентпи, «Ак үйүндө» отурабы, аялы менен жашап отурабы – мунун баары анын өзүнүн проблемасы. А бирок мыйзамды бузуп, чектен чыгып кеттиби – ал президент эмес. Мындайда ал шектүү, кылмыш үчүн шек саналган адам, президент экенине карабай. Митингчилер дагы. Митингге уруксат берилдиби, кыйкыра беришсин, сүйлөй беришсин. Бирок, оюнда, жүрүм-турумунда мыйзамды бузуп койсо шектүү, кылмышка шектүү жаран болуп калат.

Докенин көзү өткөндөн кийин ал апачык каршы чыккан Бакиев бийлиги кулап, үй-бүлөлүк башкаруу «тузагынан» чыга албаган экинчи президент из жазгырууга мажбур болду. 2010-жылдын жамгырлуу күнүндө кыргыз өлкөсү дагы бир ыңкылапты башынан кечирди. Баш мыйзам жаңыланып, парламенттик-демократиялык башкаруу жараяны башталды. Экинчи ыңкылап өтө эле оорго туруп, кан төгүлүп, улут аралык араздашуу өртү да жалбырттап, өлкө опсуз оор жагдайга кептелип турганда Докенин кара кылды как жарган калыс сөзү, чыркырап аткан чындыкты коргогон эрдиги жетишпей, жоготуунун эсеси билинип, улуу инсандын орду жоктолду. «Дооронбек аке болгондо» деген армандуу кептер арбын айтылды. Улуунун улуулугу, бийиктин бийиктиги ушинтип алыстаган сайын билинет экен.

Көркөм өнөрдүн саясы

Докенин антип жалпы улуттук деңгээлдеги даанышман, туу тутар уулу болуп калып калышы кайсы бир кокустуктан, тагдырдын ырайымынан эмес, анын бүткүл өмүрү, жашоо-күрөшү менен ырасталган, тагдыр жолу алып келген мыйзам ченемдүү жыйынтык болчу. Дооронбек Садырбаев көп жактуу, көркөм өнөрдүн бир топ салааларына из калтырган, универсал талант эле. Непадам ал киночулугун таштап жалаң аңгеме, ыр жазып отуруп алса деле алдыңкы саптагы саналуу акын-жазуучулардын катарында турмак. Көркөм өнөрүн таштап, жалаң публицистикага гана көңүл оодарса, бул жагынан деле көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишмек. Жогорку Кеңештин депутаты болуп, колду байлаган коомдук иштерден бошобой калгандан кийин деле ал кино өнөрүн унута албай, шарты, мүмкүнчүлүк болсо эле ага кайрылып барчудай, сыйкырдуу дүйнөнүн азгырыгынан чыга албай жүрдү. Бирок да бул кезде кино жаратуучулар баштагы мамлекеттик колдоодон ажырап, тармак таптакыр көз жаздымда калган болчу. Дооронбек акенин публицистикасы менен коомдук ишмердигинин келкели Кыргызстандын эгемендигине туш келди. Анткен менен ал өзүн киночу, сыйкырдуу өнөрдүн улантуучусу деп сезчү.

Кеп башында айтылгандай, Дооронбек акенин насили акын эле, турмушту акындын көзү менен карап, акын катары кабылдачу. Анан да ал киши кара сөз чебери, чакан эпикалык жанрдын усталарынын бири, таланттуу аңгемечи болчу. Кино аркылуу элге таанылып калгандан кийинки чоң өнөрү көркөм сөз ышкысы, аңгемечилиги эле. Реалдуу турмуш көрүнүштөрү, турмушка аралашып аткан жаш адамдын ой-сезими өзгөчө бир эргүү, эмоциялуу жамалы менен кагазга төгүлчү. Жылкы багып, тоодо шамал менен жарышып жүргөн элет адамынын аргасыз дыйканчылыкка байланып, өстүргөн түшүмүн базарга алып келген «Коончу абышка» аңгемесинде кандай күчтүү драма жатат! Болбосо, сулуулук алдында өзүн жоготкон жаш адамдын сезим дүйнөсү «Самын» аңгемесинде биралдын күлкү, тамаша, ошол эле учурда арманга толгон күндөлүк турмуш көрүнүшү жумшак юморго ширелип, ишенимдүү баяндалган. Ал эми атасы жок жашап жаткан сезимтал секелектин арманын «Топчу» аңгемесинен мыкты сүрөттөш кыйын.

Анын колунан чыккан көркөм, публицистикалык туундуларынын көбү жакындарынын аракети менен жарыяланган «Даанышман» беш томдугуна топтолгон. Кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган «Светлая боль моя» («Өзөктөгү жалын» деп автордун өзү кыргызчалаган экен) кинороманынан тарта белгилүү аңгемелерине чейин, «Визитка» китепчеси баш болгон ыр жыйнактарында жарыяланган поэзия туундулары, анан көп кырдуу таланттын көркөм дүйнөсүнүн бир өңүтүн түзүп калган публицистикасы ушул беш китепке топтолгон. Алыкул Осмоновдун тагдыры аркылуу жазуучу кыргыз көркөм интеллигенциясынын торолуу доорун, 30-жылдардын алааматын көркөм иликтөөдөн өткөрүү, улут тарыхындагы карама-каршылыктуу учурду жаңы доордун бийиктигинен дагы бир жолу аңдап чыгуу милдетин койгон шекилдүү. Алыкул Осмоновдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кубанычбек Маликовдун башка кыргыз акын-жазуучуларынын образын биринчилерден болуп кыргыз адабиятына алып кирген Дооронбек аке болду.

Мыкты жазуучу болор таланттын качан кино өнөрүнө көңүлү ооп, ага биротоло берилип калганы белгисиз. Тек Дооронбек Садырбаевдин улуу устаты катары өзгөчө сый-урмат көрсөткөн Төлөмүш Океевге арналган макаласында ушул темага кенен кайрылган жайы бар. Айтымда Төлөмүш Океевдин «сыйкырдуу өнөргө» кызыгуусу каргадай бала кезинен башталыптыр, касиеттүү Көл жээгинде көмкөрүлгөн асмандай мелтиреген кооздукту карап туруп, кыялы алыска серпилип, күнгөй-тескейди тегиз курчаган бийик тоолордон ашып, талаа-түздү жойлоп, бир орунга турбай, ошол орошон кыялы акыры кино өнөрүнө алып келиптир. Дооронбек акенин өнөр босогосун атташы деле ушундай эле жагдайлардан сызылып чыкса керек. Талант өнөрү бала кезден бөртүп, аз-аздан тамыр жайып, кийин гүл ачып, бажырайып алдыга чыгат го.

Дооронбек ага төрөлгөн Апыртан айылы да айтылуу Арстанбап тоолорун улай жайгашкан кооз, бет алдыда мелтиреген түздүктү алаканга салгандай көрсөткөн бийик тоого ыктаган адыр жер экен. Жака-бели тоо, адырдын аягын улап кеткен мелтиреген түздүк кыялы учкул баланын сезимин козгоп, каргадай кезинде сулуулук менен бийиктиктин барк-баасын эртелеп сездирген окшойт. Көркөм өнөргө деген дегдөө, алып учкан кыял кийин медициналык институтка сыйбай, өрөпкүгөн сезим акыры кино өнөрүнө келген экен. Бу сыйкырдуу өнөргө Дооронбек аке алгач эпизоддук ролдорду ойночу актер, андан көркөм текстти кемелине келтире окуган диктор, анан барып мына ушул кошмо өнөрдүн баштоочу – режиссерлукка жеткен. Дооронбек акенин көркөм тасмалары өзүнчө кеп болор.

«Кайран эл» кайгайы

Анын пенделик, сүрөткердик сезимин өзгөчө козгогон тема деле барып-келип улуттун адеп-ыйман, нарк-насилине барып такалып, анысы айтылуу «Кайран элде» болгон турум-турпаты менен көрүүчүнүн көз алдына коюлат. Улуттун өткөнү менен бүгүнкүсүн, бийиктиги менен пастыгын, айкөлдүгү менен майдалыгын, деги койчу, чындап өз эли үчүн күйгөн улуу адамдын ачуу чындыгы киноэпопеяда жаап-жашырылбай алдыга жайылган. Жер шарынын бир топ жерлерине чачылган кыргыз, тарыхтын катаал ашуусунда чачылган кыргыз, боштугунун, мажирөөлүгүнүн айынан азапка башы малынган кыргыз тууралуу Дооронбек акенин ачуу чындыгы алты саат бою экранга кадалган көрүүчүлөрдү былк эттирбей, эки күн кечке Опера жана балет театрында бир коюлган боюнча темир сандыкка катылып, жашырын-жабык калды.

Аны кандай мээнет менен жыйнап, бир келки чыгармага жеткирген авторду, ал ишке кол кабыш кылгандарды умсунтуп, канча көз май, нерв, эмгек жумшалган туундуну саясий жагдайга такап чыгарбас кылып катып коюшту. «Кайран эл» сындуу улуттун драмасы менен трагедиясын ачык чагылдырган чыгарманы Дооронбек Садырбаев гана жарата алмак. Башка жарма патриоттордон айырмаланып, ал улутунун оркойгон кемчиликтерин тартынбай айтып, жамандыгын жашырчу эмес. Ушул ыңгайда анын классикалык үлгүгө айланып кеткен мына бул сөзүн, парламенттеги кесиптештерине кайрылуусун угуп, анан башталган кепти уланталы:

- Күтүлбөгөн жерден кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, колуна балта-теше, араа-чот, кыпчуур-күрөк, аркан-жип кармаган арык-семиз, аял-эркек же сырткы кебетесинен кайсы жыныстын өкүлү экени таанылбаган, бирок эч кимге ээ-жаа бербеген, шымаланып жулунган адамдар кирип келип, учурунда алардын демократиянын чапанын жамынган неокоммунисттер экенин мен билбептирмин, эми билип отурам, ошол алчы таасын жеп калган немелердин жанагы байтүп даракты таламайга ала баштаганы тартылган, биздин көз алдыбызга. Бирөө жалбырагын жулса, экинчиси бутагын сындырып, үчүнчүсү кабыгын сыйрып, дагы бирөө байтүп дарактын боорун балталап, чамындысын капка салып алып кетип жатышканы... Алып кетип жатышкан ошондо.

- Ой, айланайындар, жок дегенде тамырына тийбегилечи, тамырын калтыргыла, балким ошондон дагы бир көчөт өнүп чыгышы мүмкүн! - деп буркурап-боздоп ыйлап жибергени алиге чейин менин көз алдымда тартылып турат. Кайран гана эл! Кайран гана мамлекет! Кайран гана мурдуңа бок сүйкөлгөн кыргыздар! Дагы тарткылыгың алдыда экен. Белиңди бекем байлап туруп чыдагын, өзүңдүн зөөкүр уулдарыңа, өзүңдүн зөөкүр кыздарыңа!

Дооронбек акенин чыркыраган чындыкты коргоп сүйлөгөн сөздөрү, жасаган аракеттери мезгил өткөн сайын ачылып, барк-баасы көтөрүлүп, анын улуулугун, бийиктигин ырастоодо. Жаактууга жай бербес чечендиги, кагазга түшчү текстти оңдоодон тажабаган мээнеткечтиги жазарман журтуна үлгү болуп, артынан аңыз кеп катары айтылып калды. Текстти эрикпей оңдоп-түзөп, окуган кишини муюткудай, шурудай тизилген сөздөр окурманды арбап алчу деңгээлге жетмейин кагаздан башын алчу эмес. Ошондон анын жазгандары өзгөчө кызыгуу менен окулуп, мактоого арзычу, суктантчу. Кыргызча текстке ушунчалык кароо, этият мамиле кылган мээнеткечтер аябай эле аз экенин, алардын бири Дооронбек Садырбаев, экинчиси ал киши өзгөчө сыйлаган агасы Салижан Жигитов экенин билем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.