Мектеп окуучулары аралашкан зомбулук

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ак-Сууда окуучулар сабалды

Ак-Суу районундагы Тепке айылында 9-класстын эки окуучусун коңшу айылдын балдары сабап кетти. Жабыркагандардын биринин колу сынып, дагы биринин баш-мээси чайкалып ооруканага түштү.

Окуяга капысынан күбө болгон эки тургун Курбу айылынан келген балдар травматикалык курал колдонгонун айтып жатышат. Милиция бул маалыматты четке какты.

Балдарды уруп, күбөлөрдүн машинесин айдап качып кеткендер 10-класстын ондон ашык окуучусу экени аныкталды.

Медет менен Арслан ошол кезде Караколдон келаткан учурда окуяга күбө болушкан:

“Медет рулда, мен жанында отуруп келе жатканбыз. Бир маалда телефондун жарыгын көрүп калдык. Жакын айдап келгенде карасак, эки колу аркасына байлануу, бети кан болуп, тизелеп Амандык (9-класстын окуучусу) отуруптур. Биз “эмне болду” дегиче болбой толтура балдар ар тараптан союл менен чыгып келип, оозго алгыс сөздөр менен бизди сөгүп, менин “жигиттер, сүйлөшөлү” дегениме көнбөй, тапанча менен бутка атып жиберди. Айла жок качтык, бир маалда биздин машинени айдап алып кетип калышты. Анан айылдын жаштарына “чогулгула” деп байланыша баштадык”, - деди Арслан.

Дагы караңыз "Таяктоо - тарбия эмес". Жакыны кордогон балдар

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов жаңы жыл алдындагы түнкү мушташта курал колдонулганы такталбаганын билдирүүдө. Ал жабыркаган тараптан арыз түшпөгөнүн жана азыр териштирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

“1-январь күнү Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынан милицияга кабар түшкөн. Анда 2006-жылы туулган Ак-Суу районунун эки тургуну дарыгерлерге кайрылганын айтышкан. Милиция окуяны электрондук журналга каттап, териштирүү жүргүзгөн. Балдардын денесине залака келтирген Курбу айылынын тургундары экени аныкталды. Жабыркагандар арыз жазуудан баш тарткан. Айыл эли менен милиция жолугуп, 2021-жылдын 1-декабрында күчүнө кирген “Укук бузуулар” кодексинин негизинде кечки убакта ата-энесинин коштоосу жок эшикте жүргөн өспүрүмдөр үчүн алардын ата-энелеринин жоопкерчилиги каралганы, аларга айып пул салынаары да айтылды”.

3-январда ооруканада жаткан эки окуучунун ата-энеси менен кошо Тепке айылынын башка тургундары да мектептин имаратына чогулуп, нааразылыгын айтышты. Жабыр тарткан окуучу Амандыктын апасы Мейилкан Ибраеванын билдирүүсүндө, ал күнү уулу классташтары менен майрамдаганы чыккан.

“31-декабрда кечки саат 7лерде балам “классташтарыма чыгып келейин” дегенинен, жанында классташ кыздары да болот экен деп кооптонбой уруксат берип койгонбуз. Классташтары "торт жейли" деп, Амандык менен Али айылдагы дүкөнгө шире (сок) алганы барып, жолдо келе жатканда алдынан беткап тагынган балдар чыгып, союл менен чапкан экен. Али (жанындагы классташы) кандай суурулуп чыкканын билбейм, бирок ал бала бери келип, айылдагыларга кабар берген экен. Менин баламды болсо катуу сабап, колун байлап, эс-учун жоготкуча мазактаган экен. Кечки саат 9дарда классташтарынын ата-энелери чалып калды, эшикке шаша-буша чыксам кан жалаган араңжан баламды алып келе жатышыптыр. Азыр ооруканада, себебин уулумдан сурасам, “билбейм, алар сүйлөгөн да жок” деп жооп берди.

Дагы караңыз Балдары үчүн Орусиядан кайткан мекендештер

Айылдыктар мектепте окуган өспүрүмдөр аралашкан мындай окуялардын токтобой жатканына бушайман. Жергиликтүүлөр окуучулар таяк жеп, коңшу айылдыктар акча талап кылган окуя мындан 20 күн мурда да болгонун, андан мурунку айларда да 5-6 жолу кайталанганын белгилешти.

Тепке айылынын тургуну Чолпон Бокоева анын 9-класста окуган уулун мындан 20 күн мурун Курбудан келген балдар коркутуп, акча талап кылганын “Азаттыкка” айтып берди.

“30-ноябрда биз Бишкекке кеткенбиз. Уулум үйдө улуулары менен калган. Биз борбордон кайткандан кийин үйгө өспүрүм балдар менен иштөөчү инспекторлор келгенде билдик. Көрсө, 30-ноябрда Курбудан топ балдар бычак менен келип, окуучулар арасында мушташ болгон экен. Ошондо коңшу айылдан келгендер “бизге акча алып келесиңер, ар бириңер акча бересиңер” деп салык салып, анда менин уулумдун да атын атаптыр. Баламды ошол күнү чакырып чыгарыптыр үйдөн. Бир топко чейин колун байлап, чыканагы ооруп калганын айтып жүрдү. Уулум курбулуктар дагы кайтып келерин, эмкисинде катуурак согуш болоорун билдириптир. Чоң эле акча сурашкан окшойт, уулум толук айтпай койду".

Дагы караңыз Жаш өмүрдү жайран кылган зомбулук

3-январда Тепкенин мектебинде өткөн чогулушка эки айылдын тең тургундары, Ак-Суу районунун акиминин орун басары, милиция кызматкерлери дакатышты. Тепкеликтер балдарын сабап, чөгөлөтүп койгон Курбу айылынын окуучулары элдин алдына келип, кечирим сурашын талап кылды. Соңку үч күндөн бери Каракол шаарынан 15 чакырым жердеги эки айылдын тургундары тынчыбай, окуучуларды ур-токмокко алгандар жазаланышын, мектеп окуучулары аралашкан мындай окуяларды токтотууну талап кылып атышат.

Облуста мектеп окуучуларынын арасында опузалап акча өндүрүү жайылганы, бирок көйгөй көмүскөдө калары көп эле айтылат.
Ысык-Көлдө 2020-жылы 13 өспүрүм өз жанын кыйган. 2021-жылдын алты ай аралыгында дубанда алты бала өз өмүрүнө кол салды.

Иликтөөлөргө ылайык, окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөт.

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу үчүн атайын спектаклди өткөн жылдын апрель айында облустук милиция окуучуларга көрсөтүп чыккан.