Кыргызстанда жаңы окуу жылына чейин миңге чукул мектептин жетекчиси алмашат. Мындан ары директорлор беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендери кызматтан алынмай болду.
Билим берүү жана илим министрлиги муну мектептерде кадр тандоону акыйкат жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу аракети менен байланыштырууда. Директорлор беш жылдын ичинде дараметин толук көрсөткөнгө жетишеби, аларды тандоо чын эле таза өтөт деп ким кепилдик берет?
Директорлорго берилген беш жыл
Бишкектеги №42 орто мектептин жетекчиси Гүлжан Жантаева Кыргызстанда кызматтан кете турган 966 директордун бири. Аталган билим берүү мекемесине 2017-жылы директор болуп келген. Беш жыл иштеген директорлорду кызматтан алуу боюнча президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык ага да тиешелүү. Педагог бирок бул убакыт көзгө көрүнөрлүк иш жасаш үчүн жетишсиз экенин айтууда.
"Мисалы, №42 мектепте 100 кызматкер иштейт. 3000 окуучу окуйт жана алардын ата-энелери менен да кызматташуу керек. Беш жылда алардын баары менен таанышып да бүтө албайсың. Ортодо коронавируска байланыштуу эки жыл аралыктан окуп, мектеп жабык турду. 2021-жылдан баштап эле толук кандуу иштей баштадык. Эми кетиребиз деп атат. "Кет" десе кетебиз да. Кайра сынакка катышсаң болот экен. Бирок мен катышпайм".
Дагы караңыз Мугалимдин айлыгы көтөрүлдүБишкектеги №23 Гёте атындагы гимназиянын жетекчиси Андрей Ситоленко болсо 25 жылдан бери директор болуп иштейт. Ал да беш жылдык мөөнөт аз деп эсептейт.
"5-10 жыл директор болуп иштеген тажрыйбалуу адам келсе беш жылдын ичинде кандай иштерди жасаш керектигин билет. Бирок жаңы гана директор болгон жетекчиге ал каякка келгенин, кандай иштерди жасаш керектигин аныктап алууга эле 2-3 жыл кетет. Мектепте “мен келем да билим берүү тартибин мындай кылып өзгөртүп жиберем” деген ооз уучунан айтылган сөздөр жарабайт. Эң аз 300 окуучусу бар мектепте да иштеп кетүү кыйын. Анткени 300 окуучунун ата-энеси, чоң ата, чоң энеси бар. Алар менен тил табышыш керек".
Миңге чукул директор кызматтан кетет
Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору кызматтан алынат жана мындан ары билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактык тандоонун жыйынтыгы менен беш жылга дайындалат.
Билим берүү жана илим министрлиги жарлык директорлорду ачык-айкын тандоо, мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда жаңы окуу жылына чейин беш жылдан ашык директор болуп турган 966 адам кызматтан кетип, алардын ордуна жаңы жетекчилер сынак аркылуу тандалып алынат. Калган 1200гө чукул директордун иштеп жатканына беш жылга жете элек.
Дагы караңыз Окуучунун жүрөгүндө калган мугалимБилим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мындан ары мектеп директорлору ар беш жыл сайын алмашып турарын жана бул убакыт жетекчилерге өзүн көрсөтүүгө жетиштүү экенин айтты.
"Ушул тапта технология абдан өнүккөн. Билим берүү боюнча жараяндар өтө тез жүрүп атат. Ошондуктан беш жыл жетиштүү. Жогорку Кеңештин депутатына беш жыл берип атабыз, жогорку окуу жайдын ректорлоруна беш жыл берип атабыз. Анан бир мектептин директору үчүн беш жыл жетиштүү эле".
Сынактын талаптары
Билим берүү жана илим министрлиги 966 орунга август айында сынак өткөрүп, жаңы окуу жылына директорлор толук кызматка киришет деп пландап жатат. Сынакка катышууну каалаган адам алгач министрликтин сайтына документтерин онлайн жиберет. Андан өткөндөн кийин конкурска катышууга жол ачылат.
Талапкердин педогогикалык жогорку билими, жети жыл эмгек стажысы болушу керек. Алардын жаш курагына чектөө жок. Мурда директор болуп иштеп беш жылдык мөөнөтү жеткенде кызматтан кеткендер да кайра талапкерлигин койсо болот. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн сынак таза өтөт деп ишендирди:
"Сынакта адамдык фактор жок. Сиз жана программа эле болот. Сынакта болочок директорго педогогика, психология, IT жана башкаруу жөндөмдүүлүгү, ошондой эле билим берүү жаатына байланыштуу мыйзамдар тууралуу суроолор берилет. Сынактын жыйынтыгын биринчи сиз көрөсүз, андан кийин гана администратор көрөт. Эң жогорку балл алган адам беш жылга директор болуп дайындалат".
Дагы караңыз Кыргыз мектептеринде жаңырган жат пропагандаКоомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат.
Расмий маалыматка ылайык, он жылдан ашык иштеген директорлордун эң көбү Ош облусунда – 254 директор. Жалал-Абад облусунда 198, Чүйдө 153, Баткенде 104, Ысык-Көлдө 78, Бишкек шаарында 71, Нарын менен Талас облустарында 41ден, Ош шаарында 26 директор.
Билим берүү жаатындагы адис Асылбек Жоодонбеков бир мектепти жылдап башкарган жетекчилерди алмаштыруу демилгесин колдойт. Бирок ал коомчулуктун катышуусу менен болушу керек деген пикирде.
"Билим берүү тармагы кесе чаба турган нерсе эмес. Директорлорду иштегенине беш жыл болду деп жумуштан алып салып, аларды чектеп койбош керек. Чын эле жакшы иштерди жасаган жетекчилер да бар. Ошондуктан ар бир директордун, мугалимдин ишин мектептин жетишкендигине, окуучулардын билим деңгээлине карап баалоо зарыл. Экинчиден, Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзгөн тест канчалык акыйкат болот, талапка жооп берет деген маселе турат. Анткени алардын маалыматтары, сынактын суроолору ачыкка чыгып кетпеши керек".
Кыргызстанда 2162 мамлекеттик мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт. Билим берүү жана илим министрлигине бир жылда бюджеттен 54 млрд. сом бөлүнөт. Каражаттын 90% эмгек акыга кетет.