Жеңиш чокусунда жоголгон альпинист табыла элек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жеңиш чокусуна чыгып бара жатып, 4-августта дайыны чыкпай калган британиялык альпинист Мехри Жафаринин жакындары аны издөөгө каражат чогултууну токтотту. Эми алар Кыргызстандын расмийлеринен Мехринин өлүмү тууралуу тастыктоону күтүп жатат. Мехри менен жыйырма жылдан бери достошуп келген Вашингтондогу курбусу Сепидех Жойдери аны эскерди.