2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин тендерине ылайык жасалма бөйрөк жабдуусуна байлангандардын дарысы өзгөрүп, мурдагы «Эритропоэтин бета» дарысынын ордуна «Эритропоэтин альфа» дарысы алынган. 3 айдан бери бул дарыны пайдаланган бейтаптар акыбалы начарлап кеткенин айтышса, бул боюнча кайрылгандардын дооматын министрликтин адистери четке кагышууда.
Арызданган энелер
Жасалма бөйрөк жабдуусуна кыздары бир нече жылдан бери байланган эки эне Саламаттык сактоо министрлиги жаңы дары боюнча өткөргөн тендерге нааразы болуп «Азаттыкка» кайрылды. Алар министрлик тандап алган жаңы дарылар гемодиализдеги адамдардын саламаттыгына терс таасир этип, кандагы темирди азайтып, кан басымын бузуп жатканын айтышууда.
Караколдон келген Анаркан Байматованын кызы бир нече жылдан бери гемодиализде. Ал акыркы үч айда министрлик киргизген жаңы дары кызынын саламаттыгына терс таасир тийгизгенин кеп салды:
- Менин кызым Света Жумгалова 5 жылдан бери гемодиализ жабдуусуна байланган. Азыркыга чейин ага балдардын чыпкалоосу менен гемодиализдик процедура жасалууда. Канча жолу чоңдордукуна которууну талап кылып кайрылсак да, талаптарыбыз аткарылган жок. Себеби, балдардын чыпкалоосу 2 эле сааттык. Аны алгандан кийин кан басымы түшүп кетип жатат. Чоңдордуку 4 саат болот. Кичине акыбалы жакшы болмок да. Бул биздин биринчи көйгөйүбүз. Эми ушул жетпей жаткансып, буга чейин алып келген «Рекармон» дарысын алып салып, ордуна «Репоетинди» берүүдө. Бул дары кишинин гемоглобинин кескин түшүрүп жиберет экен. Көптөр жакынкы күндөрү эле реанимацияга жатып калышты. Гемоглобин ылдыйлап кеткенден кийин гемодиализди көтөрө алышпайт да. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Баары эле кайдыгер. Айлабыз кеткенде «Азаттыкка» келип отурабыз.
«Баасына жараша сапаты да начар»
2018-жылдын февраль айында гемодиализдеги дарыларды жаңыртуу боюнча тендер өткөн. Ага ылайык бюджеттеги жасалма бөйрөк медициналык кызматын алып жаткандардын «Эритропоэтин бета» дарысы «Эритропоэтин альфа» дарысына алмаштырылган. Нааразы болгондордун дагы бирөө Санабар Матанованын 31 жаштагы кызы 6 жылдан бери гемодиализде.
- Тендердин жыйынтыгы февраль айында эле чыгыптыр, - дейт ал. - Бирок бизге 2018-жылдын май айында араң «Рекармон» дарысы токтоп калганын айтышты. «Эмнеге токтоду?» десек, азыр бул дары түгөнүп калганын айтып, индиялык бир «Репоэтин» аттуу дарыны киргизишкенин билдиришти. Мындайча айтканда, эки дары компаниясы тирешип отуруп, акыры индиялык арзан дарыны сунуш кылган компания жеңип чыкты. «Эмнеге мындай болуп калды?» десек, министрлик ««Репоэтин» мурунку дарыга караганда алда канча арзан, үнөмдүү» деген эле жүйө келтирди. Негизи «Рекармонду» дүйнөдөгү гемодиализ алгандардын көпчүлүгү колдонот. Ал эми жаңы кирген индиялык дары 2013-жылы да тендер менен өлкөгө киргизилип, ондогон адамдар аны көтөрө албай каза тапкандан кийин бейтаптардын арыздануусу менен токтотулган экен. Эми ошол чуулуу дарыны кайра алып кирип жатышат. Бул жерде чоң акча, коррупция турат. Саламаттык сактоо министрлигине, Дары департаментине май айынан бери кайрыла берип тажадык.
Бейтаптар менен министрликтин тиреши токтой элек
Бирок бул жолугушуулардан майнап чыкпай, бейтаптар чогулуп алып Башкы прокуратурага, Жогорку Кеңешке жана УКМКга чейин арызданышкан. Арызданган бейтаптар дарыларды алмаштыруунун ортосунан чыккан 6 миллион долларлык айырманын айынан ондогон адамдар жабыркап жатканын негиз кылышкан.
Ошентсе да тендердик комиссиянын ишин текшерген көзөмөл органдары «мамлекетке арзан, сапаттуу дары керек» деген жүйө менен Саламаттык сактоо министрлигинин чечимин күчүндө калтырган. Гемодиализдеги оорулуулардын укуктарын коргогон активист Венера Ташманбетова бейтаптар менен министрликтин ортосундагы тиреш али да уланып жатканын билдирди:
- Президентке, Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, айтор баарына кайрылып чыктык. Бейтаптар менен чогулуп, Жогорку Кеңештин имаратына бир нече ирет барып, укугубузду коргойлу дедик. Башкы прокуратура бизге «эки дарынын тең курамындагы заттар бирдей экен, айырмасы жок. Ошондуктан мамлекетке материалдык зыян келбеши керек» деп тендердин жыйынтыгын жактады. Бул жерде бейтаптын оюна коюп, өзү каалаган дарысын берсе болмок. Укугу бузулуп жатпайбы. «Үнөмдөө» дешет, эми үнөмдөгөндө элдин саламаттыгынан өөнөп калышабы? Жакында эле министрге бардык, Улуттук кардиология жана илим изилдөө борборунда гемодиализ алган бейтаптар ага «кан басымыбыз түшүп жатат» деп арызданышты. Министр «28-декабрга чейин маселени чечип берем» деген. Бирок азырынча белгисиз.
Убада аткарылбайт
Ташманбетова Саламаттык сактоо министрлиги кан басымы ылдыйлаган, Бишкектеги гемодиализге тиешелүү гана бейтаптарга 28-декабрга чейин «Рекармон бета» дарысын убактылуу алып берүүгө убада бергенин, ошентсе да «Эритропоэтин альфа» дарысынан таптакыр баш тартууга жол берген уруксат карточкасын бербей жатканын кошумчалады. Бейтаптардын бул арызы эми мындан ары кандай чечилерин сурап, Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуевага кайрылдык.
- Бул эки дарынын «альфа», «бета» деген гана айырмасы бар, - дейт башкы адис. - Болбосо экөө бир эле дары. Быйыл биз тендер өткөргөндө, алдын-ала лабораториялык эксперименттерде «Эритропоэтин бета» дарысы менен «Рекармондун» курамы, ичиндеги активдүү заттарынын баары окшош, бирдей чыкты. Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдарга ылайык эгерде дарылардын ички курамы, сапаты бирдей болсо анда арзанын алууга милдеттүүбүз. «Бета» дарысын биз Кыргызстан боюнча гемодиализ алып жаткан бюджеттеги бардык бейтаптарга сатып алдык. Бирок Бишкек жана Чүй облусундагы айрым он чакты киши дарыны алмаштырууга караманча эле каршы чыгууда.
Арызданган энелер Улуттук кардиология жана илим изилдөө борборунун айрым дарыгерлеринин пикири жазылган документти бизге көрсөтүштү. Анда 8 жыл мурда дал ушул чырлуу «Эритропоэтин альфа» дарысын Саламаттык сактоо министрлиги сатып алып, гемодиализдеги бөйрөк кемтигинен жабыркаган бейтаптардын саламаттыгы кескин начарлап кеткени жазылган. Ушундан улам бир нече дарыгер Сутуевага «өзгөчө пикир» деген ат менен кайрылуу кат жөнөткөн. Бирок Сутуева дарынын эч кандай зыяны жок экенин, курамы жана таасири «Эритропоэтин альфа» менен бирдей экенин айтты:
- Эми гемодиализден баш тартышса биз аларды зордоп жасай албайбыз да. Биз эми тендерден өтпөгөн «Рекармон» дарысын аларга кайсы акчабызга алып беребиз? Биз бир тыйын каражатты каалагандай колдоно албайбыз. Жалаң гана тендердин жыйынтыгы менен, мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамга ылайык алабыз. «Гемоглобини түшүп кетти» дегенге кошулбайм. Ай сайын бейтаптардын каны ченелип турат. Азыркы тапта «Репоэтин» дарысын көпчүлүк алууда. Жапырт каны азайып кеткен жок. Менимче булар жөн эле принципке таянып, «алып жүргөн дарыны улантабыз» деп жатышат. Бирок жаран катары мамлекеттин каржысын да булар ойлонушу керек да. «Мен ооруп жатам, мага кымбат дары алып бер» дебестен, «мага сапаттуу дары алып бер» деш керек.
Азыркы тапта Кыргызстанда бөйрөк кемтигинен жабыркаган 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ жабдуусу аркылуу дарыланып жатат. 630 адам 90 пайыздык жеңилдетилген тартипте ушул медициналык тейлөөдө. 133 бейтап гемодиализ жабдуусуна кезек күтүп турат. Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылы тендер жарыялап, андан германиялык «Френзеус» компаниясы жеңип чыгып, 2019-жылдан тартып гемодиализ менен дарылоо мамлекеттик-менчик формада, аталган немис компаниясынын медициналык борборлорунда жүргүзүлө баштайт. Ал эми дарыны алмаштырууну суранган энелердин талабы аткарылабы-жокпу, анысы белгисиз.
Адистер өлкөдө акыркы убакта өнөкөт бөйрөк оорулары жыл сайын көбөйүп жатканын айтышууда. Дарыгерлер буга булганган экология, туура эмес тамактануу, жугуштуу оорулар жана ашыкча иштөө себеп болуп жатат деп эсептешет.