Жалал-Абад: автобус күткөн дарыгерлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин жумушка барып келүүсү кооптуу жана татаал бойдон калууда. Айылдардан каттап иштегендер блокпосттордон жөө өтүшсө, шаар ичинде топтолуп автобустарда жүргөн медиктер арбын болууда. Аймактын коменданты дарыгерлердин жеке автоунааларына саналуу гана өткөрүү кагаздары берилгенин айтып, автобустардын санын көбөйтүүнү айткан.