61 жашында дүйнөдөн кеткен Бейшенбек Бекешов кыргыз журналистикасында аты таанымал, жаран катары жигердүү жашаган, КТРК, ЭлТР телеканалдарында жетекчилик кызматтарда иштеген, интернеттин коомдук тармактарында жандуу катышкан инсан эле.
1990-жылдары ал КТРдеги (азыркы КТРКдагы) “Коломто” автордук программасы аркылуу көпчүлүккө таанылган.
Дагы караңыз Замандын аты "застой" болчуБейшенбек Бекешов ЭлТР сыналгы каналынын директорунун орун басары болуп иштеп турган чагында, бул компаниянын жетекчилигин жемкорлук иштерге жол койду деп айыптап, 2015-жылы 15-майда кызматтан кеткен.
Акыркы жылдары ал ишкерлик менен алектенип, Бишкекте "Айыл азыгы" деп аталган дүкөндү иштетип жаткан.
Тасма. Б.Бекешов жеке ишкерликти баштоо тажрыйбасы тууралуу. 2019-жылдын 6-июну.
Б.Бекешов пост-советтик Кыргызстандагы коммунисттик цензурадан эркин болгон жаңы медианын өнүгүшүнө зор салым кошкон, айырмалуу автордук берүүлөрдү уюштурган кадыр-барктуу журналисттердин бири болчу.
Замандаштары бул суук кабарды угаар замат маркумдун жакындарына көңүл айтып, инсандык сапаттарын эскеришүүдө.
Журналист Аскер Сакыбаева Бекешов тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына мындай деп жазды:
"Кайран Бейшенбек Бекешов байке! 3 күн мурда эле көрүшпөдүк беле? Дүкөнгө бара берейин десем, "Аске, мен барда келегой" деп, барганда экөөбүз бозо ичип, бир топ сүйлөшүп отурбадык беле? Пейил жөнүндө, кыргыздын пейили тууралуу кенен сүйлөштүк эле. Ар бир ишти чын пейилден жасаса ал иш өтөөсүнө чыгаарын айтып бердиңиз эле байкем ай..."
Коомдук ишмер Садык Шер-Нияз "Фейсбуктагы" баракчасына буларды жазды:
"Кара башыл адамда,
Кайгыра турган не арман?
Каркылдап жүргөн жаныңда,
Кайбарың кетсе шол арман!
Кайран Бейшекем. Ушинтип жазам деп үч уктасам түшкө кирбептир. Кайратың тоо бузчудай болуп сезилээр элеңиз мага дайыма. Алигиче өзүмө келе албай олтурам. Каркылдап кечээ жакында эле мага телефон чалып, таарынычыңызды айтып, эки күндөн кийин кайта мен чалып, алдыңызга түшүп анан кайта сиз жазылып, бир эки күндө мен бармакмын анан шашпай олтуруп анан шашпай олтуруп бир чер жазыша сүйлөшөлү деп... Көрсө сиз шашып кетипсиз да жарыктык. Ой атаңдын көрү дүнүйө, ушундай да болобу..."
Журналист Азамат Тынаев "Твиттердеги" баракчасында мындай деп жазды:
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев "Фейсбуктагы" баракчасына мындай эскерүүсү менен бөлүштү:
"Beyshenbek Bekeshov менен жакында эле чайканада кенен баарлашып жакшы отурдук эле. Келечек үчүн кейип, айыл чарба, туризм багытындагы ойлорун айтты эле. Күтүүсүз кеткен экен, кайран киши, бейишиңиз болсун, ага!"
"Азаттык" үналгысы 1916-жылдагы улуттук боштондук жана ал жеңилгенден кийинки Улуу Үркүн тууралуу ар кыл блог жана эскерүүлөрдүн алкагында маркум Бейшенбек Бекешовдун Салиха эжеси тууралуу макаласын да жарыялаган:
"...16-жылкы Үркүндө менин чоң чоң атам отуз жашында окко учуп, чоң чоң энебиз бир уул, бир кызы менен калат. Уулу чоң атам Бекеш алты жашта экен. Кызы тогуз жашар Салиха деген эжебиз экен. Орус аял-эркегин, жаш-карысын ылгабай кырып, жеткенин кылычтап шылып, жетпегенин бута кылып атып, канга боёлбогон тоо-таш менен кокту-колот калбайт.
Чоң энебиз ажал алкымдап келгенде аң-чөнөктүн бирине кызын калтырып, тукум деп жалгыз уулун алып качат. Эл Каркыра тарапка үркүп кетет...
Түн катып тоо таянып кайрылып келгендер журтта калган-калбагандарды түгөлдөп, шейит кеткендердин сөөгүн жашырып, ошол жерде караңдап жүргөн кыз баланы таап, алып кетишет.
Ошону менен эле бүтпөй, Кытайга үрккөн эл шордуу Салиха эжебизди жолдо нарынколдук казактарга таштап кетет. Эркек тукумдун өмүрү үчүн ал бир жолу журтта калса, экинчи жолу биротоло чийден тышкары чыгарылат.
Ошол Салиха эжебиз бизди 50 жылдан кийин, 1967-жылы таап келди. Эсинде Түп жана Кыз-Коргон деген жерлер калган экен..."
Дагы караңыз Үркүн: Элүү жылдан кийин келген эжем
Журналист Бекешов ишкерлик менен алектенген учурунда да өлкөдөгү саясий окуяларга баам салып, өз пикирлерин интернеттеги коомдук тармактарда билдирип турчу.
"Фейсбуктагы жарыяларынын биринде (2020-жылы 1-декабрда) ал мындайча осуятын калтырган:
"...Бир икая эске келет. Бирөөлөр балбан багышыптыр, жалаң чүйгүндөп күнү-түнү тамак берип. Сулуу-сулуу келин-кесекке тейлетип. Анан болжогон күн келип, күрөшкө сала келишсе баягы балбан жыгылып калат.
Ошондо аны бордогондордун бири калбай сөгөт дейт, балбанды шыпырылтып: "Чучук, казы-карта жебей балакет эле жесең болмок!?", "Кымыз менен бозо ичпей мээнет эле ичип калбайт белең?!. - дешип.
Анын сыңарындай ишенимдин артында, ооматтын соңунда эбегейсиз зор жоопкерчилик бар.
Ошонун бири дээрлик мусаапырга айланган илимий-чыгармачыл интеллигенциянын абалы. Ошол чөйрө жайында болсо, нарк билген, сөз баккан, жүйөөгө муюп, акыл-эс менен өнүккөн коомго айланабыз.
Болбосо бири-бирибизди укпай итче тытышкан, ошентип жүрүп мамлекет деген эң чоң дөөлөтүнөн да куру жалак калган ар-намыссыз акмак элдин мисалы болобуз...
" - деп жазган Б.Бекешов.
Бейшенбек Бекешовдун жакындарынын айтуусунда, маркумдун сөөгү Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы өзү туулуп-өскөн Балбай айылында жерге берилет.
"Азаттыктын" жалпы жамааты маркум Бейшенбек Бекешовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.