Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Табып Зайналиев Кыргызстандан чыгып кетти


Ашым Зайналиев.
Ашым Зайналиев.

Кыргызстан аймагында ишмердүүлүгүнө сот аркылуу тыюу салынган табып Ашым (Хашим) Зайналиев Оман мамлекетине кетти. Бул тууралуу анын досу Бейшенбек Бекешов маалымдады. Анын айтымында, Зайналиев ишмердүүлүгүн ошол жактан улантат.

19-апрелде Бишкек шаардык соту Ашым (Хашим) Зайналиевге карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага ылайык табыпка өз алдынча дарылоо ишин жүргүзүүгө тыюу салынган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине байланыштуу Зайналиев 2018-жылдын 22-декабрында камакка алынган. Быйыл 21-январда Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин табыпка карата кылмыш ишин токтоткон.

Саламаттык сактоо министрлиги Зайналиевди жоопко тартууну өтүнүп, 2016-жылдан бери Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылган. Ага кылмыш иши козголуп, кайра жабылган. Министрлик ал кайрадан оор дартка чалдыккан бейтаптарды өз алдынча дарылоого аракет кылып жатканын, бул эч бир медициналык талапка шайкеш келбей турганын эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG