Миллиардерлер ЖОЖдорду байытууда

Оксфорд университети

Дүйнөдөгү миллиардер, миллионерлердин балдарынын баары Оксфорд, Гарвард, Стэнфорд сыяктуу атактуу жана окуу акысы кымбат университеттерден билим алышат. Билим алуу азыр тажрыйбаны арттырып, кандайдыр бир жаңы нерселерди үйрөнүү эмес, байгерчиликти даңазалаган экономикадагы көрүнүшкө айланды.

Глобалдык билим берүү жаатындагы отчеттогу маалымат боюнча миллиардерлердин төрттөн үчү балдарын дүйнөдөгү барктуу университеттерге жиберишет. Кызыгы, ошол байгер адамдардын дээрлик бардыгы өз балдары билим алган кымбат баалуу окуу жайларга барбай эле байлык топтошкон.

Wealth-X аттуу супер-байларды изилдеген аналитикалык топтун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү 2 миң 300 миллиардер университети жок эле өз алдынча билим алып, өнүктүрүү аркылуу байыган.

Миллионерлерди окутуу жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда Гарвард, Йель, Стэнфорд, Оксфорд жана Кэмбриж университеттери турат. Индиядагы Мумбай университети да бул тизмеге кирген. Орусияда да миллионерлер көбөйгөндөн улам Москва мамлекеттик университети байларды окуткан дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын ичинен 11-орунга чыккан. АКШдагы ири университеттердеги акчалуу студенттердин 39 проценти чет жерден баргандар.

Окуу жайлардын капчыгы ушундай бай студенттердин эсебинен барган сайын калыңдап барат. Маселен Гарварддын бир жылдык кирешеси 6,5 миллиард доллар. Ал арада университетке студенттер төлөй турган карыз да барган сайын көбөйүүдө. Маселен Америка студенттери 2012-жылы 1 триллион доллар окуу жайларга карыз болушуп, билим берүү акысын азайтууну талап кылып демонстрацияларга чыгышкан.

Оксфорд университети

Business Insider журналы жалпы кирешеси менен окуу акысы дал келбеген 16 шаардын тизмесин чыгарган. Топ башында Мехико турат. Мехикодо орто жашаган бир үй-бүлөнүн кирешеси 4615 доллар болсо, бир жылдык окуунун баасы 5 миң доллардан 12 миңге чейин.

Жапонияда мындай теңсиздик жок. Киреше орточо 22 миң 790 болсо, окуунун баасы 11 миң 865 доллар. Америкада киреше 26 миң 990, окуунун баасы 13 миң 865 долларга барабар. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Латвияда билим алуу арзаныраак. Жалпы жылдык киреше 13 миң 646 доллар болсо, билимдин баасы 3 миң 299 доллар.

Чикаго университети жылына ар бир студенттен 45 миң 324 доллар алып, дүйнөнүн эң кымбат окуу жайы болду. Ал эми экинчи орунда Стэнфорд жана Гарвард университеттери турат.

The Washington Post гезити жакында эле мыкты билим алуу үчүн Гарвард же Стэнфорд сыяктуу окуу жай эмес, адамдын өзүнүн ички туюму менен аракети маанилүү деген тыянак чыгарган.

Кыргыздар да Батышка ыктоодо

Кыргызстанда эң кымбат акы алып окуткан окуу жайлардын башында жылына 100 миң сомдон ашуун келишими менен Борбор Азиядагы Америка университети, эл аралык "Ататүрк Ала-Тоо" университеттери турат.

Ошентсе да бул окуу жайларды бүтүргөндөр ишсиз калбай, жогорку маяналуу жерлерден орун таап, билимге короткон акчасын кайра кайтарып алууда. Кыргызстан билимге инвестиция жасоонун баасын түшүнүүсү зарыл деп эсептейт Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов:

- Менин кызым Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүп, эки жыл бою көгөрүп даярданып жатып, Америкадагы Дюк аттуу университетке өттү. Анын келишим менен төлөөчү акысы 2 жылга 60 миң доллар экен. Кызым бул үчүн атайын насыя алды. Ал жакта билим алууга насыяны оңой беришет. Себеби, бүтүрүүчүлөр кийин жумушсуз калбайт. Азыр эми кызым окуусун бүтүрүп, мыкты делген компаниялардын бирине жумушка кирди. Айына 7 миң доллардан маяна алып иштеп жатат. Кыргызстанда да билимге инвестиция жасоого, жаңы технологияларды, ыкмаларды үйрөнүүгө көңүл буруу керек. Бизде, тескерисинче, инновациялык билим берген айрым жайларды кээ бир депутаттарыбыз жабалы деп тескери кетишүүдө. Буга жакында эле “Себат” билим берүү мекемесинин айланасында болгон окуяны мисал келтирсек болот.

Америка окумуштуулары билимге каражат сарптоону чаржайыт эмес, максаттуу ишке ашырганда аялдардын кирешеси орто эсеп менен жылына 105 миң, эркектердики 60 миң долларга чыгарын аныкташкан. Мыкты университетти аяктап, бир нече тил билген, тажрыйбалуу аялдардын кирешеси эркектерге салыштырмалуу 2 жарым эсеге көп болгон. "Канткен күндө да инвестициянын эң мыктысы - адамды өнүктүрүүгө багытталган билимде" дешет илимпоздор.