Орусияда согушта жаракат алып ооруканада жаткан аскерлерди толук дарылабай эле кайра Украинага жиберип жатышат. Мындайлардын арасында мобилизациялангандар жана жалданмалар да бар. Алар аскердик медициналык комиссия жаракат алгандарга акча төлөөдөн баш тартып жатканын айтышууда. Жоокерлер дарылануу үчүн жеке клиникаларга барып, адилеттик издеп сотко кайрылып жатышат, бирок ушул кезге чейин бир гана доо арыз канааттандырылды деп жазды "Север.Реалии” радиосу. Журналисттер Украинада жаракат алган жана узак убакыт бою дарыланып келген орусиялыктардын туугандары менен сүйлөштү.
"Эми согушка майыптар бара турган кез келдиби?!"
42 жаштагы запастагы офицер Александр 2022-жылы октябрда Санкт-Петербургдан мобилизацияланган. Ал армияда 20 жыл мурун кызмат кылган эле.
"Биз ушунчалык карайлап калган элек. Мыйзам боюнча чакыруу кагазына кол койбой койгонго укуктуу экенин билишет, бирок иш жүзүндө туш тараптан баары "түрмө, түрмө" деп жаткан чакта эмне кыларды билбей, аскер комиссариатына барышат, – дейт анын аялы Екатерина. – Анын үстүнө ал күн сайын барып турууга милдеттүү болгон ишканада иштечү, ошондуктан аралыктан иштөөгө которулуу мүмкүн эмес эле. Аны аскердик машыгууга жөнөтүп жатканда биз ушундай деп ойлогонбуз".
Александр былтыр декабрь айында фронтко кетип, март айында бомбанын калдыгынан жаракат алды. Анан Москвадагы Коргоо министрлигинин ооруканасына жөнөтүлдү. Бир жарым айдан кийин, 30-майда Александрдын жарамдуулук категориясын "А" деп жогорулатып коюшту.
"Мобилизацияга чейин аныкы "B" болчу, – дейт Екатерина ачууланып. – Ооруканада бир жарым ай жатты, жаракаты да бүтө элек, көкүрөгүндөгү бомба сыныктарына да тийишкен жок, себеби догдурлар аны алып салуу кооптуураак болот дептир. Эми ушул абалында кайрадан согушка салышты".
Дагы бир жумадан кийин аскердик догдурлардан турган комиссия (АДК) Александрды аскер кызматына "жарактуу" деп тапты.
"Ооруканада абалы оорлошуп кетпесин деп күйөөмдү дарылап жаткан кезде деле укалоодон коркушчу экен. Мындан ары жашап кетүү үчүн беш килограммдан ашык жүк көтөрбө, аны ичпе, муну кылба ж.б. деген толтура эскертүүлөрдү айтышкан. Бирок болбой эле согуш майданына айдашты. Бул эмнеси?! Согушарга башка киши жок бекен? Эми майыптарды жибере турган кез келдиби?!" – деп ачууланат Екатерина.
Дагы караңыз Украинадагы согушка 500 күн. НАТО Киевдин маселесин талкуулайтАзыр ал күйөөсүн согуштан калтыруу үчүн сотко документтерди даярдап жатат, бирок бул иш каралганча Александр мертинип калабы деп чочулайт.
"Мен ушул сыяктуу иштерди карап көрдүм – кээ бирлерин сотто алты ай териштиришет экен. Убакытты чоё беришет: киши өлүп кеткен болсо, ишти жаап салышы мүмкүн, – дейт Екатерина. – Чечим чыкса деле ага ишенич жок – азырынча мен аскер кызматкеринин пайдасына чечим чыгарган бир дагы мисалды таба албадым. Мен иликтеген 60 иштин ичинен бирөөндө гана туура чечим чыгыптыр. Иши кантип оңунан чечилгенин, ийгиликке жеткенин билүү үчүн ошол аскер кызматкерин издедим".
Чуприненконун ийгилиги
Фронтко кайра жиберүү чечимин жокко чыгартууга жетишкен аскердин аты-жөнү Виктор Чуприненко экен. 2022-жылдын жазында ал фронттон кайтып келип, ден соолугу начарлаганы боюнча эки жеке клиникага кайрылган. Экөөндө тең догдурлар Чуприненконун "майып" экендигин тастыкташкан.
Краснодар аскердик госпиталынын поликлиникасында догдурлар ага дарылануу тууралуу көрсөтмө беришти, бирок бир аз убакыттан кийин комиссия Чуприненкону "кызматка жарактуу" деп тааныды. Виктор Краснодар гарнизондук аскер сотуна доо арыз менен кайрылганда, аны комиссиядагы алты догдурдун экөөсү гана текшергени, отурумга невропатолог, офтальмолог, отоларинголог жана травматолог катышпаганы аныкталды. Судья комиссия аскер кызматкеринин укугун бузду деген чечим чыгарып, жарактуу деген медициналык корутундуну жокко чыгарган, догдурларды экинчи отурумду толук курамда өткөрүүгө милдеттендирген.
“Жоокерлердин энелер бирлигинин” башчысы Валентина Мельникова Чуприненкодой ийгиликке жетүүгө аракет кылуунун кереги жок деп эсептейт, анткени аскердик медициналык комиссиялардын корутундусун жокко чыгартуу мүмкүнчүлүгү дээрлик мүмкүн эмес.
"АДК корутундусуна даттануу үчүн көз карандысыз аскердик медициналык экспертиза өткөрүүгө жолдомо алуу керек. Алар азыр барбы? Аман калгандары кандай чечим чыгарышат? – деп Мельникова эскертет. – Биринчиден, "аялы аркылуу" арызданбай, өзү сотко келе турган адамдын мүмкүнчүлүгү болот. Алар өтө аз, дээрлик баарын согушка айдап жатышат. Экинчиден, сизге жакшы, кызмат акысы жогору болгон адвокат керек. Көз карандысыз клиникаларда деле экспертиза бар, бирок ал дагы кымбат".
"Менимче, төлөмдөн үнөмдөп жатышат"
Мобилизацияланган Рамил Жолмуханбетов да Украинада жаракат алгандан кийин дарыгерлер башына тийген снаряддын сыныгын алуудан баш тартышкан. Ал согушка кайра кайтпоо үчүн сотко кайрылган.
"Башыма сынык тийди. Мыйзамда бул оор жаракат катары сыпатталат", - дейт ал.
Бирок Волгограддын ооруканасында дарылангандан кийин комиссия ага "А" категориясын берген.
Сотко барып жүрүп Рамил жаракат алган көптөгөн жоокерлер менен таанышты. Көпчүлүгү сот аркылуу кийинкиге кала албайбыз, бирок төлөмдөр жана кенемтелер үчүн соттошобуз дешет.
"Сотко баргандардын контузия белгилери (кулактын шуулдагы, баш оору, невралгия, көздүн начардыгы, кан басымы) бар. Көбүнчө, алар медициналык документтерди жашаган жериндеги ооруканадан алышат, ал эми АДК кабыл албай коёт. Госпиталга жибергенде, геморрой сыяктуу бирдемеси эле бар деп коюшат. Анан каякка барышат? Менин оюмча, төлөмдөн үнөмдөп жатышат. Кээ бирөөлөр "аскер комиссариатына убагында келбеген өзүбүз күнөөлүбүз, анткени контузиянын жышаандары мезгил өткөн сайын анча билинбей калат экен" дешет, – дейт Рамил. – Экинчи жагынан, кадимки ооруканадан берилген корутунду кабыл алынбайт деп эч ким эскерткен эмес да".
Дагы караңыз "Балдарыбыз согушта кырылып жатат". Хакасиялыктар Путинге кайрылдыБурмаланган диагноздор
Кээде орус аскерлеринин ооруканалардан алынган корутундусунда диагнозду орой бурмалаган учурлар кездешет. Сержант Мурат Жанхуватов 2022-жылы апрелде "мина жарылгандан жаракат, мээ чайкалышы жана кабырга аралык невралгия" диагнозу менен ооруканага жаткырылган экен. Бирок ооруканадан чыкканда, корутундуга "аралаш түрдөгү геморройдун оорлошуусу" деген диагнозду жазып коюшкан. Бул диагноз согуштук жаракат деп эсептелбейт, ошондуктан Махачкаланын соту сержантка кенемте төлөөдөн баш тарткан.
Бул корутунду Украинадагы согушта жарадар болгондорду жапырт дарылаган Ростов-на-Дону аскердик клиникалык ооруканасына каршы берилген доо арызда жазылган.
Дагы караңыз "Кремлдин алсыз экени көрүндү". Пригожиндин 24 сааттык козголоңуИркутск облусунун тургуну Елена Сухихтин айтымында, күйөөсү согуштан 2022-жылы августта орточо оордуктагы контузия менен кайтып келген.
"Эки ай кызмат өтөгөндө айлыгынын жарымын гана беришти, кенемте төлөмдөрдү бербей коюшту. Анткени ооруканадан маалымкат алган эмес. Бүттү, ошентип, мээси чайкалганын далилдей албадык",– дейт ал.
Аскердик адвокат Алексей Семеновдун пикиринде, мындай жагдайлар Орусиянын Коргоо министрлиги "кенемтеден үнөмдөп" жатканынан эле эмес, башаламандыктан да пайда болууда:
"Аларда документтерди иреттегенге көбүнчө убакыт болбой калат. Жаракат алгандардын саны өтө көп, аларды аман сактап калуу зарыл эмеспи, – деп ой жүгүртөт Семенов. – Теориялык жактан алганда, бардыгы жөн гана чечилиши керек: аскер кызматкери контузиядан кийин көз карандысыз клиникага барат, эки башкасына барса дагы жакшы. Андан корутунду алып сотко кайрылат. Чындыгында бул көп убарачылыкты, чыгымды талап кылат, оңунан чыгышы кыйын. Себеби сотторго мындай доо арыздар көп түшөт, өздөрү да чаржайыт иштейт".
Материалдын түп нускасын бул шилтеме аркылуу окуй аласыз.