Маймак: казак жарандыгын алууга түрткөн жагдай

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Талас облусундагы Маймак темир жол станциясы учурда ээн. Айылдын жаштарынын көбү жумушсуздуктун айынан миграцияга кетишкен. Жергиликтүү тургундардын басымдуусу станцияда иштеш үчүн казак жарандыгын алышкан. Адистер темир жолдун айланасында ишканаларды ачып, Маймак айылынын мурдагы шаарча статусун кайра кабылына келтирсе болорун белгилешет.