Майданга 10 жыл: Украина эңсеген Евробиримдикке кире алабы?

Киевдин көз карансызыдк аянтына чыккан эл, 2013-жыл

Украин эли Майдандын 10 жылдыгын – Ар намыс жана эркиндик күнүн белгилеп жатат.

Киевдеги иш-чараларга катышууга коңшу Молдованын президенти Майя Санду, Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел, Германиянын коргоо министри Борис Писториус дагы барды. Дүйшөмбүдө АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага Пентагон өз эсебинен 100 млн доллар жардам бөлөрүн жарыялады.

2013-жылы президент Виктор Янукович Евроинтеграция жөнүндө макулдашууга кол коюудан баш тартканда массалык нааразылык башталган. Үч айга созулган элдик толкундоолордо Янукович Орусияга качып кеткен. Бир жылдан кийин Москва Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасста согуштук аракеттер башталган.

Украинанын Улуттук эс тутум институтунун эсебинде Майданда күч органдары менен демонстранттар кагылышканда 107 кишинин өмүрү кыйылган.

"Анын баасы өтө кымбатка турду, ал күндөрдү баштан кечирүү андан да оор болду", - деп эскерет Майдандын катышуучусу Дмитро Ризиченко.

"Бирок эч нерсеге өкүнбөйм. Тозокто жашагандан көрө өзгөрүү үчүн өмүрдү арнаш керек болсо - анда өкүнбөйм".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украина: Майданда жанган үмүттүн 10 жылы

Украина Европага багыт алганын өлкө калкынын калың катмары колдогонун ошол кездеги социологиялык сурамжылоолор да айгинелейт. Украиндер Москва таңуулаган саясий, экономикалык жана энергетикалык көз карандылыктан кутулууну көздөгөн.

Кремл 10 жыл мурунку бул тарыхый бурулушту "Батыш каржылган төңкөрүш" деп сыпаттап келет.

Европага карай узак жол

Президент Владимир Зеленский украин эли мындан 10 жыл мурун Европа менен болгон келечекке бөгөт коюуну көздөгөн мыйзамсыздыкка каршы "контрчабуул жасаган" деп баалады.

"20 жыл мурун - кыял, 10 жыл мурун - дымактуу максат, бүгүн - реалдуулук, бул жараянды артка тартып, токтотууга мүмкүн эмес. Андыктан биздин талапкер макамыбыз, мындан аркы сүйлөшүүлөрүбүз Украинанын Евробиримдикке кошулушу менен аякташы керек. Согушка карабай биз анын өтөөсүнө чыгабыз", - деди украин лидери өз кайрылуусунда.

Зеленский "биздин эл ушул тапта өзүн жана Европаны коргоп жатат. Биздин ар-намысты тепсеп, эркиндигибизди эч ким ала албайт", - деп элине дем берди.

2023-жылы 28-февралда Киев Евробиримдикке кошулууга арыз берген. Брюссел Киевге “кошулууга талапкер” макамын былтыр июнь айында ыйгарган.

Өткөн аптада Еврокомиссия Украинанын жана башка талапкер-өлкөлөрдү шаркетке кабыл алуу жараяны тууралуу баяндамасын жарыялап, Киев зарыл реформаларды ишке ашырган шартта гана мүчөлүккө байланыштуу сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылды.

Евробиримдикке кабыл алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого шаркеттин 27 мүчөсүнүн колдоосу зарыл. 14-декабрда Евробиримдиктин саммитинде бул маселе талкууланат.

Шейшембиде Киевге Молдованын президенти Майя Санду, Еврокеңештин президенти Шарль Мишел, Германиянын коргоо министри Борис Писториус дагы барды. Алар Украинага жардам берүүнү жана өлкөнүн Еврошаркетке кошулуу маселесин талкуулайт.

Дагы караңыз Украина: согуш 500дөй баланын өмүрүн кыйды

Украинада уруш уланууда

Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына эки жылга чукулдады. Киевдин эң жакын өнөктөштөрү эгемен өлкөсүн коргоп калууга кан-жанын аябай кармашып жаткан украин элине аскердик, финансылык, моралдык колдоосун улантууда.

20-ноябрда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Киевге барып, өлкө жетекчилиги менен жолуккандан кийин Пентагон өз каражатынан 100 миллион доллар бөлөрүн жарыялады. Жаңы жардам пакетине Stinger зениттик комлексине ракеталар, HIMARS реактивдүү системасы жана ага кошумча курал-жарак, 155 мм жана 105 мм өлчөмүндөгү артиллериялык снаряддар, танкка каршы Javelin жана AT-4 комплекстери, TOW ракеталары, 3 млн ашуун патрон берет.

"Кошумча артиллериялык ок-дары, абадан атып түшүрчү системалар жана танкка каршы бир катар курал-жарак камтылат. Биздин жардам уланат", - деди Пентагондун башчысы Киевдеги басма сөз жыйынында.

Президент Зеленский АКШга мындай жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, "азыр зарыл болуп турган артиллерия, снаряддар келет", - деп жазды.

Украинанын коопсуздугун камсыздоо үчүн уруш башталганы Кошмо Штаттар 44 миллиард доллардан ашуун аскердик көмөк көрсөттү.

Вашингтондо ушу тапта Украинага берилчү жардам тууралуу талкуу кызып, Конгресс бир чечимге келе элек. Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп, Газада согуш башталганы бир катар америкалык мыйзам чыгаруучулар Израилге артыкчылык берүүнү эп көрөт.

Президент Жо Байден Украинага 61,4 млрд доллар, ал эми Израилге 14,3 млрд доллар жардамдын жаңы пакетин бөлүүнү сунуш кылды. Бирок Конгресстеги эки партиянын кызыл чеке талкуусунан улам сунушту жактыруу создугууда.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевде туруп, Берлин 1,3 млрд евро (1,4 млрд доллар) аскердик жардам берерин айтты. Жардам төрт IRIS-T SLM системасын, артиллериялык дүрмөттөрдү жана танктарга каршы миналарды камтыйт.

Октябрда Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Брюсселде Писториус менен жолугушкандан кийин тараптар коргонуу-өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашканын айткан.

Германия Украинага согуштун башынан бери көмөктөшүп келет. Ошол эле маалда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун украин редакциясы жазгандай, немистер алыс аралыкка учуучу Taurus ракеталарын берүүнү кечеңдетип жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинадагы согуш узакка созулабы?

2022-жылдын экинчи жарымында Украина орус күчтөрү басып алган өз аймактарын кайтарып алууга катуу киришкен. Киев жана анын союздаштары узундугу миң чакырымдай согуш тилкесинде тездик менен илгерилейбиз деп ишенген.

Курал-жабдык, анын ичинде заманбап танктарды жана ракеталарды жөнөтүү тууралуу Батыштын убадасы бул ишенимди дагы бекемдеген. Анткен менен баары күтүлгөндөй болгон жок. Украин армиясынын контрчабуулун орус күчтөрүнүн мыкты коргонуусу дагы жайлатып, тоодой тоскоолдук жаратты.